Аялдын милдети

Алла Элчиси (САВ), “Алла, аялдардын жана балдардын укуктарына кайдыгер мамиле үчүн ачуулангандай эч бир нерсеге ачууланган эмес, б.а. Алланын ачуусуна катуу тийген нерсе, аялдар менен балдардын абалы” – деп айткан. Аял милдетин аткарбай, өз милдетинин сыртындагы куру кыялдарга жетеленип, балдар кайдыгер ташталып, жаштар бузулуп, дене кумары товарга айланган учурда Алланын каарынан коркуу керек.

Ооба, өз эрки менен күнөөгө баткан, напсинин каалоолорунун туткуну болгон муун, Алланын каарына калат. Демек, ар үй-бүлө башчысынын башкы милдети, оболу тандай турган өмүрлүк жолдошун “мусулман, момун, ибадатка берилген, чынчыл, сабырдуу, такыба, жоомарт, орозону көп кармаган, Куран жаттаган, “Алланы көп зикир кылган” жана “туура жүргөн” аялзатынан тандоосу керек. Мына ушундай жакшы мугалим, тарбиячы аял жашоодо өзү менен баардык нерсени бөлүшө ала турган, дүйнө, акырет бактылуулугунун маанилүү негизи. Ооба, адам баласынын дүйнөлүк жана акыретке байланышкан сезимдери тууралуу айтканда, ал сезимдерин түшүнө ала турган түшүнүккө ээ жубайы болушу өтө маанилүү. Себеби, ал үйдө өсө турган балдар, ал мугалим жана тарбиячынын көзөмөлү астында тарбияланат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.