Баланы ар тараптуу кылып тарбиялоо

Эгер балдарыбыз эр жүрөк болуп өсүшүн кааласак, аларды кансоргучтар, дөөлөр, жин-шайтандар менен коркутпашыбыз керек. Аларды баардык туура эмес нерселерге каршы туруштук бере ала тургандай эр жүрөк кылып тарбиялообуз зарыл.

Эгер балдарыбыздын ыймандуу болушун кааласак, кыймыл-аракеттерибиз, кээ бир маселелердеги сезгичтигибиз, жылмайган жүзүбүз, саждада, рүкүдөгү руханий абалыбыз менен Аллага болгон ыйманды чагылдырып, балдарыбыздын жан дүйнөсү ушул нерселерге карк болушу керек. Ооба, биз аларга жага тургандай жүрүм-турумга ээ болушубуз шарт.

Биз ар дайым алардын назарында улуу көрүнүүгө аракет кылышыбыз керек. Ошондо гана аларга биздин айткан сөздөрүбүз таасир этет жана биздин айткандарыбызга каршы чыкпайт. Ошондуктан жеңил ойлуу, салабаттуулуктан алыс болгон аталар, балдарынын досу эле болушу мүмкүн, бирок эч качан мугалим, тарбиячы боло албайт жана аларды каалаганындай тарбиялай албайт.

Үйлөрүбүз ар дайым мектеп, ибадаткана болуп, балдарыбыздын жан дүйнөсүн, сезимдерин тойгузуу менен аларды дене кумарынын кулу болуудан сактообуз зарыл.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.