Баланын диний тарбиясы

Ислам дининде үй-бүлө куруу өтө маанилүү маселе жана аны маанилүүлүгүнө жараша талдоого алуу керек. Негизинде ата-эне, ошол эле учурда мугалим болгондуктан, үй-бүлө куруу жашына келген балдарын үйлөндүрүүнү ойлошу зарыл.

Имам Жаъфар, окуучуларынан бир канча убакытка үйлөнүүлөрүн кечиктирүүсүн суранган. Абу Ханифа, окуучусу Абу Юсуфту бир канча убакытка чейин үйлөнүүсүнө тыюу салып, ага мындай деген: “Оболу таалим-тарбия маселесин чечип, үй-бүлө курганга чейинки үйрөнүү зарыл болгон нерселерди үйрөнүшүң керек. Тескерисинде, илим алуу маселеси жарымында калат. Ошондой эле, үй-бүлөңдү адал ырыскы менен камсыздай алышың үчүн бир жумушуң болушу керек. Ушул нерселерге ээ болгонуңдан кийин, жашоо жолуң дагы такталат”. Ырас Абу Ханифа, Аббасилер доорунда “шейхул исламдык” даражага жеткен өзгөчө сапаттын ээси болгон окуучусу Абу Юсуфка ушундай насаат берген.

Бул эки улуу инсандын бири, биздин мазхабыбыздын жол башчысы Имам Абу Ханифа (РА). Аркысы болсо - Пайгамбарыбыздын тукумунан келген улуу имам. Биздин мындан түшүнүүбүз керек болгон нерсе – үй-бүлө системасынын өтө маанилүү система экендиги. Мына ошондуктан, үйлөнө турган адамдарды карап көрүү керек; булар мугалим, тарбиячы сыяктуу бала тарбиялай ала турган деңгээлге жеттиби? Же бир жубай менен жашап кете ала тургандай жашка келдиби? Балдарды биздин ой-пикир, көз караштарыбызга ылайык тарбиялай ала тургандай маалыматы барбы?

Үйлөнүүнү каалагандар ушул суроолорго “ооба” деп ишенимдүү жооп бере алышса, бул ишке кадам чечкиндүү кадам таштай берсе болот. Эгер алар үй-бүлө башкарууга алсыз, үч-төрт адам менен дагы түшүнүшүп жашап кете албай турган абалда болсо, алар үйлөнүп, перзент тарбиялоо деңгээлине келди деп айтууга болбойт.

Мамлекеттин жаркын келечеги идеалдуу жарандардын жана үй-бүлөлөрдүн бар болушуна байланыштуу. Ырас, мындай ойду жүрөгү Каабадай таза, Эверест чокусу сыяктуу улуулукка ээ, нурдуу адамдар жүзөгө ашыра алат. Бул кара ниет, Алланын буйруктарына каршы чыккан адамдардын иши эмес. Жан дүйнөсү бай жана жүрүм-туруму жакшы адамдар мамлекетти өнүктүрөт. Алла Элчиси (САВ) Хаббаб бин Аратка айткандай мындай деп айтабыз: “Алла Таала бул нерсени насип кылат бирок силер дагы себептерге көңүл бурушуңар керек”.

Алварлы Эфе биз айтууну каалаган нерсени өтө жакшы баяндаган:

“Суу сыяктуу туйласаң,
Айуб (АС) сымал ыйласаң,
Чын көңүлдөн сыздасаң,
Абалыңды билбейби?
Жаратканга жалбарып турсаң,
Жан-дилиңден кызмат кылсаң,
Алла сообуңду бербейби?”

Ырас, биз ар дайым дарыялардай бууракандап, таштан-ташка урунуп, “Биз барып, акыйкат жеткире турган дагы башка жерлер барбы?” деп айта алсак, ар дайым Алладан жардамы менен баардык тоскоолдуктарды жеңип чыгып, Улуу Жараткандын Өзүнүн ыраазычылыгына ээ болобуз. Биздин Аллага болгон ишенимибиз ушундай.

Бул маселелер темабыз менен байланышы болгондугу үчүн гана үстүртөн айтып өттүк. Биздин негизги айткыбыз келген нерсебиз, келечек муундарды өз маданиятыбызга ылайык тарбиялоо маселеси эле. Эсибизде болгондой мурдагы бөлүмдө, үйүбүз мектеп жана билим булагына айланышы керек экендиги тууралуу баса белгилеп, айтып, ата-эне келечекте балдарынан күткөн мээримди оболу өздөрү көрсөтүшү зарылдыгын баяндоого аракет кылган элек.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.