Башка элдерди тууроо

Адеп-ахлагы бузулгандыгы себептүү кыйроого учураган элдердин абалы тууралуу Пайгамбарыбыз (САВ) өз үммөтүн эскертүү иретинде: “Силерден мурдагылардын жолун кадам-кадам, карыш-карыш ээрчийсиңер” – деп айткан эле. Адеп-ахлагы бузулган коомдордун кыйрашында, бул дүйнө кызыкчылыктарына алдануу, дене-рух тең салмактуулугун сактай албоо жана өзүн жөнгө сала албоо сыяктуу ийгиликсиздиктер болот. Бул кемчиликтер тээ мурдатан эле башталып, кылымдар бою муундан-муунга өтүп, кийинки учурларда бул жаман нерселерди батыш өлкөлөрү мурас катары кабылдап, бир аз маданият фантазиялары менен кооздошуп, аларды тууроочуларга өткөрүп беришкен. Ушул жагынан алганда, жогорудагы хадис, өтө керемет айтылган. Ооба, Куран сыяктуу тилават кылынбай турган вахий катары Алла Элчисине илхам болуп келип, Ал ушул сөздөрдүн формаларын белгилеген.

Бул жерде дагы башка бир нерсе тууралуу айтпастан өтүп кете албайм: Кээ бир өлкөлөргө жана бул өлкөлөрдүн адамдарына караганыбызда, кеңири материалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу жагынан аларды бактылуу сыяктуу көрүп, алар бүтүндөй көйгөйлөрүн чечип койгон деп ойлойбуз. Ал эми батыш өлкөлөрүнүн адамдары ар дайым бактысыз жана ар дайым бакыт издеп, бирок таба албай жүрүшөт. Ошондой эле батыш өлкөлөрүндө өз жанын кыюу санынын деңгээли башка өлкөлөргө салыштырмалуу өтө жогору. Эркек болсун, аял болсун, жарандары өз жанын кыйган элдин бактылуу болушу мүмкүн эмес.

Рабатта “Үй-бүлөнү жөнгө салуу” аттуу, Исламдагы үй-бүлө тууралуу бир конференцияда Америкадагы ажырашуунун деңгээли 40% экендиги баса белгиленип айтылган. Бүгүнкү күнү бул көрсөткүчтөр дагы өскөндүр. Дүйнө жүзүндө, тексиздикке учураган өлкөлөрдүн арасынан туурараак жолду тутунгандай көрүнгөнү Америка болуп саналат. Кээ бир маселелерде сезимтал болгондугу үчүн батыштын моралдык баткагына батпагандай көрүнөт. Муну менен бирге, ал жерде дагы бул абал негизги көйгөй болуп саналат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.