Дүнүйөкордук илдети

Алла Элчиси бир сахих хадисте мындай деп айтат: “Келечекте, китеп ээлери (иудейлер, христиандар) жана башка элдер, ачка адам дасторконго чуркагандай силерге чуркайт; оозуңардагы тамакты алгысы келет”. Б.а. капчыгыңардагы акчаны алуу, тапкандарыңарды талап-тоноо үчүн, дасторконго үйүлгөндөй айланаңарга үйүлүшөт. Сахабалар: “Ал учурда биз аздыгыбыздан ошондой болобу?” – деп сурашканда Пайгамбарыбыз “Жок, тескерисинче силер ал учурда өтө көп болосуңар, бирок Алла душмандарыңардын жүрөгүндөгү силердин сүрүңөрдү алып коёт. Ошондой эле Алла силердин жүрөгүңөргө “вахн” салат.

Сахабалар: “Оо, Алланын Элчиси, “вахн” деген эмне деп сурашты.”

Пайгамбарыбыз: “Вахн, дүйнөнү сүйүү, дүйнөнү биринчи орунга коюу жана өлүмдөн коркуу” – деп жооп берди.

Ооба, бир коом, дүйнөнү, напсилерине жаккан жагына карата негизги нерсе катары кабыл алып, чын дили менен ага жүздөнөт. Алланын ыраазычылыгына кайдыгер караса, б.а. дүйнө жана андагы нерселерди Алладан жогору койсо, ал “лаа илааха иллалла” десе дагы, жүрөгү туура багытта деп айтууга болбойт. Бул жерде Алла Элчиси (САВ), “Алла жүрөгүңөргө “вахн” салат, силер душмандарыңарга жеңилесиңер”- деп айтып жатса, башка бир хадисте жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтаруу ишинин аткарылышы, Куран акыйкаттары, акырет, хашр ишеними тууралуу баяндоолор кайдыгер калтырылып калгандыгына көңүл бурдурат.

Демек, ыймандуу, материалдык-руханий жактан күчтүү, бекем эрктүү, дүйнөнүн напсине караган жагын четке кага турганчалык кыраакы, жүрөгүндө “вахнга” орун бербей тургандай Аллага берилген жана душмандарынын алдында айбаттуу жана сүрдүү, сергек муундун тарбияланышы биз үчүн эң улуу максат болуусу керек.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.