Эненин улуулугу

Эне - бир элди тарбиялаган коомдун эң маанилүү мүчөсү. Ал Ислам дининде өтө ыйык, Алла Элчиси (САВ): “Бейиш, энелердин таманынын алдында”. деп айтат.

Эне – бир коомдун кичинекей бөлүкчөсү болгон, ичинде балдардын шайыр күлкүсү угулуп турган үй-бүлөнүн куруучусу.

Ушул тарабы менен ислам дини, энеге чоң маани берет. Мындан дагы башкача улуулуктарга чыгарууга аракеттенүү, ал ыйык затты жагымсыз кылуу, анын башындагы алтын таажыны алып, ордуна шишенин сыныктары менен кооздолгон нерсени кийгизген сыяктуу болот. Аялды жана эркекти жараткан Алла Таала, алардын улуулуктарына жараша аларга жөндөм берген. Аялзаты физиономиялык жактан дагы алсыз жана назик. Ал баардык болгон окуялардан тез таасирленет. Мына ушундай табияттагы инсанды жаратылышына ылайыктуу иштерден алыстатуу жана аны назиктигине туура келбеген иштерде колдонуу ачык эле ага зордук-зомбулук көрсөтүү болуп саналат.

Негизинде назик аялзатына эркектер жете албаган улуу сапаттар берилген. Ал -мээримдүүлүк каарманы; балдары үчүн жанын да аябайт, бул маселеде эркек аны менен жарыша албайт. Бул нерсе инсандык ааламына гана тиешелүү эмес; эне тооктун болгон байлыгы өз өмүрү болгондугуна карабастан, жөжөсүн иттин оозунан куткарып алуу үчүн көпчүлүк учурда өз жанын курмандыкка чалат. Мына ушундай баардык жандыктарда балдарына карата, Алла тарабынан берилген бул мээримдүүлүк сезими, энелер үчүн өтө чоң байлык. Бул нерсени алардын колунан алып, аларга кандай байлык ыйгарсаңар дагы, Алла Тааланын бергенинин жанында эч нерсеге арзыбай калат.

Баардык нерсеге үстүртөн карап өткөн бул бөлүмдө үй-бүлөнүн курулушу зарыл экендиги тууралуу пикир айтууга аракет кылдык. Ишеним, Ислам дининин практикалык жагы, жубайлардын динди тутунуусу, милдет жана кызмат бөлүштүрүү, жардамдашуу жана перзенттердин жакшы тарбияланышы тууралуу баяндадык жана Алла Элчиси сыймыктана турган үммөт болуу сыяктуу маанилүү маселелер тууралуу кеп козгодук. Кийинки бөлүмдө үй-бүлө тууралуу баяндамакчыбыз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.