Инсандыктын туу чокусу

Адеп-ахлак жактан кыйроо – эң чоң кырсык. Ушул себептен, Курандын адеп-ахлак тууралуу койгон принциби, учурубуздун кыйналган инсандарына эң маанилүү шыпаа болот деп ойлойбуз.

Курани Карим: “Биз инсанды эң жакшы көрүнүштө жараттык. Андан кийин аны туңгуюктун түбүнө түртүп жибердик”. - деп айтат.

Бул аятты: Биз инсанды оболу эң жакшы сапатка ээ кылдык, андан кийин аны туңгуюктун түбүнө түртүп жибердик. Б.а. аны ар дайым напси менен күрөшө турган, кээде жаза тайса да, көбүнчөсү ыйман жана жакшы иштери менен оболоп учуп, инсандыктын эң улуу даражасына чыга ала тургандай кылып жараттык.

Бул аят бизди колдон тутуп, инсандыктын туу чокусуна чыгарат... Ооба, жаза таюудан, туңгуюкка кулоодон, алсыздыктан куткарып, улуу даражага көтөрөт. Курандын бул нерселерге байланыштуу нурдуу кабарларын кийинки бөлүмдөрдө баяндоого аракет кылабыз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.