Кандай үй-бүлө?

Кандай иш болбосун, пландоо учурунда олуттуу каралып, туура ой жүгүртүүгө негизделбесе, иштин жүрүшүндө жана натыйжасында өтө чоң көйгөйлөр чыгат. Эгер бир имарат тургузула турган болсо, анын бекемдиги жана кооздугу тууралуу жакшы план түзүлбөсө, кийин бузуп, кайра тургузуу керек болот.

Үй-бүлө - коомчулуктун эң маанилүү түркүгү. Үй-бүлөнүн бекемдиги – элдин жана мамлекеттин бекемдиги. Демек, элдин жана мамлекеттин бул негизги түркүгү долбоордуу жана пландуу курулушу шарт. Себеби бул маселедеги кичинекей эле кайдыгерлик жалпы коомдун курулушундагы кайдыгерлик болуп саналат. Ошондуктан биз үй-бүлө маселесине олуттуу мамиле кылышыбыз зарыл экендигине ишенебиз жана бул нерсени өтө маанилүү деп эсептейбиз. Ошондой эле шариятка туура келбеген баш кошуулардан коомчулук зыян тарта тургандыгына болгон ишенимибизди дагы бир жолу баса белгилеп билдиргибиз келет.

Ооба напсинин каалоолоруна негизделген максатсыз үй-бүлө келечектүү болбогондой эле, коомдо дагы жараксыз элемент болуп кала берет. Мындай үй-бүлө көчө таптаган селсаяктарды өстүрүп чыгарышы ыктымал. Себеби ал үй-бүлө курулуп жатканда берекеттен үмүт кылынып жана ошол план менен курулган эмес. Биз ал планды нике деп атайбыз жана никеде напсинин каалоолору эмес, ой жүгүртүү жана акыл калчоо өкүмдарлык кыла тургандыгына жана мындай үй-бүлө куруу диний көз-карашка негизделиши өтө пайдалуу боло тургандыгына ишенебиз. Аял жана эркектин Алла Таала менен байланышы болбосо, алардан төрөлгөн балдар дагы сезимтал, жүрүм-туруму жакшы, жоопкерчиликти сезген инсан болушуна ишенүү кыйын. Эгер баардык бул нерселерге карабастан жакшы натыйжа бере турган болсо, мындай болушу кыйын бирок, бул дагы Алла Тааланын бир мээрими деп билебиз жана Аллага шүгүр кылабыз.

Негизинде биз жашап жаткан ушул дүйнөдөгү баардык нерсе, бир себепке байланган. Себептерге көңүл буруу менен аткарган иштерибиз, Алланын жардамы менен, көбүнчө биз ойлогондой натыйжа берет. Иштерибизди себептерге көңүл бурбастан жасаганыбызда көңүлдөгүдөй болбой калат. Ошондуктан эгер ийгиликсиздик жана жоготууга түшкүбүз келбесе, баардык маселеде себептерге өтө жакшы көңүл буруп, андан кийин Алла Тааланын жардамына таянуу менен натыйжанын жакшы болушун дагы бир гана Анын өзүнөн үмүт кылабыз. Ооба, бир ишти аткарууну чечкенде Аллага толук ишенип, кыймыл-аракеттерибизде себептерди аткарууда кемчилик кетирилбеши керек. “Себептерди аткаруу, тобокелге тоскоол эмес”- деген сөз ушуну билдирет жана бул сөз Ислам дининин бир эрежеси болуп саналат. Биз маанилүү түзүлүш болуп саналган үй-бүлөнүн курулушунда дагы ушул принциптерге көңүл буруу зарыл экендигине ишенебиз.

Үй-бүлө ушундай көрүнүштө курулуусу керек экендиги тууралуу ой кабыл алынгандан кийин гана жакшы перзенттерди тарбиялоо тууралуу сөз козгосок болот. Ал эми маселенин негизи бузук болсо, кийинки себептердин таасири дагы ошончолук азаят. Берекетке негизделген үй-бүлөдө; б.а. мусулман, момун, жоопкерчиликтерин аткарган эркек жана аялдын баш кошуусунан куралган үй-бүлөдө баардык нерсе ойдогудай болот жана мындай үй-бүлө бейиштин бир бакчасы сыяктуу. Мына ушундай үйдө төрөлгөн балдардын ыңаалап ыйлашы, таттуу күлкүлөрү Алланын алдындагы периштелердин тасбих айтуулары сыяктуу ыйык жана дуба ордуна өтөт, деп ойлойм.

Курани Карим, бактылуу бир коомду, аял-эркеги менен төмөнкүдөй сүрөттөйт: “Мусулман эркектер, мусулман аялдар; момун эркектер, момун аялдар; ар дайым (Аллага) баш ийүүчү эркектер, ар дайым (Аллага) баш ийүүчү аялдар; чынчыл эркектер,чынчыл аялдар; сабырдуу эркектер, сабырдуу аялдар; кичипейил эркектер, кичипейил аялдар; садага берүүчү эркектер, садага берүүчү аялдар; орозо кармаган эркектер, орозо кармаган аялдар; намыстарын сактаган эркектер, намыстарын коргогон аялдар; Алланы көп зикир кылган эркектер, зикир кылган аялдар бар эмеспи, Алла Таала аларды кечирип, чоң сыйлык даярдаган”.

Ушул эркек жана аялдар, коомдун эң кичинекей бөлүкчөсү болгон үй-бүлөдө момун-мусулман абалда баш кошушуп, Аллага ишенип, чын дилден Ага жүздөнүп, Алла менен бирге болуп, ибадат кылуу менен өмүр сүрүшүүдө.

Ооба сөздөрү, кыймыл аракеттери туура болгон эркектер жана аялдардын ооздорунан чыккан сөздөрү кыймыл-аракеттерин жалганга чыгарбайт, ошондой эле кыймыл-аракеттери ооздорунан чыккан сөздөрүнө тескери келбейт. Алардын үй-бүлөсүндө чындыкка карама-каршы келген нерсе кездешпейт. Ал үйдө баардык нерсе чыныгы көрүнүштө болот. Ошол себептен бир адам, жүрүм-турумуна көңүл бургандай эле, бала дагы үйдөгү туура көрүнүш жана кыймыл-аракеттерге карап, өз кыймыл-аракет жана жүрүм-турумуна көңүл бурат жана ал чындыкка карама-каршы сөз жана кыймыл-аракетке күбө болбойт. Ал үйдөгү жасалган баардык нерселер чындыкка ылайык жана туура. Себеби ал үйдө чынчылдар жашашат.

Сабырдуу аялдар, эркектер ибадат, кулчулуктун оордугуна, баштарына келген кырсык-балээлердин ырайымсыздыгына чыдагандар, күнөөлөргө каршы чечкиндүү турушуп, моралдык тазалыктарын сактагандар, күнөө иш жасоону тозокко кирүү менен бирдей кабыл алгандар кыймыл-аракеттери менен чөйрөлөрүнө таасир бергендей эле, балдарына дагы таасирдүү болушат. Тил менен айтыла турган акыйкаттар, мындай кыймыл-аракет баянынын жанында жөнөкөй болуп калат.

Жан дүйнөсү Аллага карата урмат-сыйга толгон, ар дайым Алладан корккон, маанилүү жашоо күтүп тургандыгына ишенүү менен жоопкерчиликтерин эң жакшы көрүнүштө жашоого аракет кылган, жашоосунун ар бир көз ирмеминде жол аягына чыгып, “акыретке кел” деген чакырыкты күтүп, Алланы урматтоо жана андан коркуу өкүм сүрүп турган үйдө бала күбө болгон нерселердин баары олуттуу, кылдат болот. Мындай бир үй-бүлөдө балдар Алланын улуулугунун сүрүнө жана бейиштен үмүт кылуунун кубанычына күбө болушат.

Ар бир үйдө балдардын жоомарт болуп тарбияланышы үчүн жакшылык кыла турган, садага бере турган эркек жана аял болушу керек. Ооба, оболу биз жоомарт болсок гана алар дагы колу ачык болуп өсүшөт. Мен төмөнкүдөй бир окуяга күбө болгон элем: Ар дайым бир аял күйөөсүнөн жашырып, күйөөсү аялынан жашыруун садага беришчү. Бетме-бет келип калышканда бири-бирине эмне деп айтышаарын биле албайм!? Бирок, алар садага берүүчү эркек жана аял эле. Бул үй-бүлөдө тарбиялана турган балдар дагы садага берүүчү болушу керек.

Алла буйругандай көрүнүштө орозо кармаган аял-эркектен куралган үй-бүлө жакшы үй-бүлө, мына ушундай үй-бүлөдөн куралган коом жакшы коом болот.

Бүтүндөй ушул сапаттар менен бирге бул адамдар ар-намысын сактоо, моралдык аруулуктарына чаң жугузбоо маселесинде дагы өтө кылдат болушат. Алардын жашоосу диндерине жана ар-намыстарына негизделген. Бул дүйнө жана акыретте бактылуу өмүр сүрүүчүлөр - мына ушулар. Курани Карим аял жана эркекти жанаша сыпаттайт. Эгерде алар Куранда баяндалгандай сыпатка ээ болушса, алардан куралган үй-бүлө өтө ыйык болот.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.