Күмөн ойлорду жана суроолорду башынан эле жоюп салуу

Намаз жана башка диний маселелерде баланын оюнда кээ бир суроолор болушу мүмкүн. Өзгөчө түнт балдар мындай диний суроолорду ата-энесинен сурабашы ыктымал. Ар кандай жолдор менен баланын ичиндегисин билүү өтө маанилүү. Бала менен бирге аны зээниндеги суроолор дагы чоңойсо, убакыттын өтүшү менен ар бир күмөн, ачыкталбаган ар бир диний маселе, мааниси жана даанышмандык сыры түшүнүлбөгөн ишенимге байланыштуу нерселер анын жүрөгүн жаралаган жылан, чаянга айланат.

Кээде бул суроолор, анын ички дүйнөсүндө бир жара сыяктуу өтө тездик менен жашыруун чоңоюп, бир күнү ал байкушту сулаткандыгын сезбей калабыз. Ал ар күнү силер менен бирге “Лаа илааха иллаллах” деп, зикир кылгандай көрүнөт, бирок негизинде ал күмөн ойлорго жеңилип, азгырыктардын торунда чабалактай берет.

Бала жакшы келечекке ээ болсун деп жогорку окуу жайларга жиберип жатканыбызда, болушу ыктымал болгон көйгөйлөр убагында чечилбесе, диний суроолорунун натыйжасында оңдоп-түзөөгө мүмкүн болбогон кээ бир сезимдер, пикирлер жана кыймыл-аракеттери менен биздин алдыбыздан чыгаары анык. Ушул себептен баланын зээни, руханий дүйнөсү бош ташталып калбастан, ар дайым деңгээлине жараша руханий азыктанышы керек. Мурунку убактарда балдар атайын мусулман тарбиячылардын колдоруна тапшырылчу.

Алар балдардын руханий дүйнөлөрүнө кирип, жан дүйнөлөрүнүн талабына жараша азыктандырууга аракет кылышчу. Негизинде мындай тарбияны ата-эне бериши керек. Эгер алар мындай тарбияны бере алышпаса, сөзсүз түрдө маданияттуу тарбиячыларга тапшырып, үй иштерин аткарткандай бул ишти дагы атайын тарбиячыларга аткарттырышы зарыл. Туура ишеним, туура кулчулук табиятыбыздын бир бөлүгүнө айланган жакшы адеп-ахлак бир гана ушундай кылдаттыктын негизинде пайда болот.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.