Куран тарбиясы менен тарбиялоо

Ар кандай чөйрөгө дароо эле көнүп кеткен баланын жүрөгү, ой-акылы, кулагы, көзү жана башка сезимдеринин күнөөгө көнүп калуусуна жол бербөө жана анын таза чөйрөдө өсүп жетилишине шарт түзүү керек. Үй-бүлөдө көрүп, сезген диний атмосфераны сыртта дагы түзүп берүү - ата-эненин, мугалимдин, тарбиячынын милдети.

Негизинде бүтүндөй күч-кубат зордоо жана мажбурлоо элементи катары колдонулган, акыйкат тепселген бир доордо сезим жана көз караш тууралыгы жана адам болуу сыймыгынын сакталып калышы өтө маанилүү. Ошондуктан, келечек муундун Куран тарбиясы менен тарбияланышы жана Куран ахлагына ээ болушу, ар дайым акыйкатка тарапташ болуусу, жеңилбес күчтөрдүн астында дагы былк этпей турган деңгээлге жеткирилиши элибиздин келечегинин эң маанилүү негизи экендигине ишенемин. Себеби, руханий жана материалдык ааламда эң жакшы коом Курандын гана арты менен пайда болгон.

Миң жылга жакын убакытты карыткан жана аманатка бек инсандардын колунда турганда ажайып көрүнүштө болгон Ислам коомчулугу Курандын жаркын чөйрөсүндө өнүктү. Бул коомдун пайда болушу, тарыхтын агымын өзгөртө тургандай, адамзат ааламынын эң чоң окуясы болгон. Бул укмуштуудай коом жана анын мүчөлөрү, эч кандай философиялык таасир менен зээндерди булгабастан, Курандын туптунук булагынан кана ичип, ушундай деңгээлге жеткен.

Пайгамбарыбыздын адеп-ахлагы Куран эле. Аны ээрчигендер Курандын маңызын түшүнүп, анын көрсөтмөлөрүнө ылайык жашоо менен жогорулашкан. Куран менен байланыштары бардай көрүнгөнү менен инсандык улуу сапаттарга ээ боло албагандар, Курандын маани-маңызын толук түшүнө албаган адамдар болуп саналат.

Куранды түшүнүү анын маңызына терең үңүлүп кароого жараша болот. Куран менен байланышта болуубуз, жүрөк, эрк, түшүнүк жана сезимдерибиз менен аны сезе билүүбүз. Мына ушундай жүздөнүү менен Алланын бизге кайрылгандыгын сезип, сууга жана күндүн нуруна жеткен бүчүр сыяктуу жашылданып чыга келебиз. Аяттардын ар бир сөзүн, ар бир сүйлөмүн дагы башкача сезебиз.

Менин оюм боюнча жаңы муун ушундай чөйрөдө гана тарбияланышы мүмкүн. Ооба, Курандагы акыйкаттарды иш жүзүндө аткарганыбызда гана ал бизге көкүрөгүн ачат. Курандын буйруктары жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун албаса, ал колубузда болгону менен жан дүйнөбүз андан алыс калат.

Адамдар, Курандан алыс болушса, чыныгы бактысыз болуп саналат. Куран менен байланышта болуудагы негизги нерсе - андан алган билимдер кыймылдаткыч күчкө айланып, Курандан түшүнүлгөн нерселер шарттарга, абалга жана чөйрөгө жараша иш жүзүнө ашуусу. Бул иш аткарылса, адам баласы жаратылуусундагы негизги максатын түшүнөт.

4. Тарбияны кылдаттык менен улантуу

Бир акыйкатты орнотуу башка, аны улантуу дагы башка. Миңдеген күч жумшоо менен тургузулган канчалаган ой-пикир, идеялар жана анын негизинде курулган уюмдар бар. Алардын курулушу жана иштөө шарттарында эч кандай кемчиликтер болбосо дагы, анын уланып кетишине талаптагыдай маани берилбегендиктен жана ишти улантып кетүүчүлөрдүн кемчилиги себептүү курулуу жана кыйроо бир убакта болгон.

Ооба, бир нерсени куруу өтө маанилүү. Бирок, ошол тургузулган нерсе эмне болсо дагы, анын улантылышы андан дагы маанилүүрөөк. Алгачкы мусулмандар, андан кийин биздин элибиз, бир коомчулукту сактап кала турган себептерге көңүл буруу маселесинде өтө кылдат болуп, билип, ишенген нерсесин жүзөгө ашырууда дагы эч кандай кемчилик кетиришкен эмес. Албетте бул сөзүм менен жеке кемчиликтерди айтып жаткан жерим жок. Мен максат кылган нерсе таза коом жана анын келечеги үчүн керектүү негиздер. Андан кийин болсо, биз сыяктуу кээ бир мураскорлор же бул иштин маңызын түшүнө албагандар жана Ислам маселелерин бир тараптуу карагандар, ишти түп-тамырынан кыйраттык жана бизге аманат кылынган тарыхый мурастарды өнүктүрө албадык, башкача айтканда куураттык.

1) Жаман орун басар болбоо

“Курани Каримда, Китепте Мариямды эсте!; Китепте Ибрахимди дагы эсте!; Китепте Мусаны дагы эсте!; Китепте Исмаилди дагы эсте!; Китепте Идристи дагы эсте!” деген баяндар менен, ар кайсыл пайгамбарлардын абалдарын бизге катары менен тизмектеп, баяндап берген аяттар бар. Курани Карим бул тандалма адамдардын өзгөчөлүктөрү менен бирге салып кеткен чыйыр жолдору тууралуу баяндагандан кийин:

“Эң аягында алардын артында бир коом келди, булар намазды жоготушту, напсилеринин каалоолорун ээрчип кетишти. Мына ушул себептен адашууларынын жазасын кийин тартышат”.

Иштин башталышында Азирети Нух, Азирети Адам, Азирети Муса, Азирети Масийх жана Азирети Мухаммед (саллаллоху алейхи уас саллам) болушу мүмкүн. Эгерде алардан кийин келгендер, алардын иштерин уланта алышпай, намазды жоготкондор, башкача айтканда намаз окуп жаткандай көрүнгөндөр, Аллага жакындатуучу нерсени Алладан алыстатуучу катары колдонгондор, мунусу дагы жетпей калгандай дене кумарынын кулу болуп алгандар баштагы улуу адамдардын улуулуктарынан пайда алуулары мүмкүн эмес.

Бизден мурдагылар жоготууга учураган маселелерде биз дагы жоготууга учуроого жакынбыз. Намаз окуу оор келгендиги үчүн намазсыз мусулмандык, орозо кармоо кыйынга тургандыктан, орозосуз мусулмандык жана дене кумарынын кулу болуу. Мына ушул нерселер өткөн учурду жана бүгүнкү күнүбүздү кирдетти!

Негизинде ар бир момун-мусулман адам, ар бир кыймыл аракети менен Аллага өзүн тапшырат. Ооба, ал Аллага ишенип, Анын алдында тизе бүгүп, тыюу салган нерселеринен алыс болуусу керек.

2) Намаз окуунун маанилүүлүгү

Алла Элчиси хадисинде:

“Биздей намаз окуган, кыбылабызга жүз бурган жана биз сойгон этти жегендер бизден.” Эми силер мунун карама-каршы маанисин ойлонуп көргүлөчү!

Намаз окубаган, көкүрөгү капкара, адамдарды сыйлабаган, анархисттик иш-аракеттерди жасаган, мыйзамга каршы чыккан, мамлекеттин аброюн түшүргөн адамдарды кимден деп ойлойсуңар!? Силер ким деп эсептесеңер эсептей бергиле, бирок, мындай адамдарга Азирети Мухаммеддин (саллаллоху алейхи уас саллам) үммөтүнүн арасында орун жок.

Ооба, намаз өтө маанилүү, биз дагы бул маселеге кылдат мамиле жасообуз зарыл. Алла Элчиси намаз окубаган адамга ортодогу (ыймандуу менен ыймансыздын ортосундагы) бир адам деп мүнөздөмө берген. Алла Элчиси жортуулга чыгып бара жатканда бир адам жардам берейин деди. Алла Элчиси: “Сенин (ыймандын шарттарына) ыйман келтиргенсиңби?” деп сурайт. Ал ыйман келтирбегендигин айтканда, “Сенин жардамың мага керек эмес” деп айтат.

Ооба, ыйман момундарды жээке жеткирген кеме, намаз болсо анын эң маанилүү элементи. М. Лутфи мырза айткандай, “Намаз диндин устуну, нуру, диндин кемесин намаз жүргүзөт, намаз жалпы ибадаттардын пири...”

Алла Элчиси башка бир хадисинде мындай деп айтат: “Эки жүздүүлөргө эң оор келген намаз таңкы жана куптан намаздары.” Биз бул намаздарды ышкыбоздук менен окуп жатабызбы? Менин оюмча эки жүздүүлүккө каршы чыныгы мамиле намазга ышкылуу болуу.

Куран тарбиясы менен Курандын сыртында тарбиялоону салыштыруу

Бул бөлүмдө тарбия маселесин негизинен Курандын сыртындагы тарбия, Курандын сыртындагы адеп-ахлак, Курандын сыртындагы жол жана Куран тарбиясы, Куран адеп-ахлагы, Курандын жолу деп экиге бөлөбүз.

Жаштарыбыз жаңылыш философиялык пикирлер менен, бузук жана экстремалдуу агымдардын принциптери менен ырайымсыз, зулум, же Курандын улуу принциптери жана Алланын койгон эрежелери менен улуу адеп ахлакка жана мээримдүүлүккө ээ болушат.

Чындыгында, адамдар качан гана Курандан алыс жана өз табияттары менен жалгыз калышканда, алсыздарга карата катаал, ырайымсыз, ташбоор мамиле кылышат жана алардын эсебинен жашап, аларды кор кылышат. Ал эми алсыз абалга түшүп калышканда көрүнгөнгө жалдырап, бир пайда үчүн баарына тизе бүгүшүп, бөжүрөшөт.

Куран адам баласына кандай мүнөздөмө берет? Адамдарды кандай тааныйт жана таанытат жана анын кандай болушун талап кылат? Бул тууралуу талдоо жүргүзгөндө Курандын, “Мусулман адамды” кандай сүрөттөгөнүн баяндоого аракет кылабыз жана темага байланыштуу кээ бир принциптерди тизмектейбиз. Бул принциптерди жактырган жана жашоосунда жүзөгө ашырган адамды чыныгы мусулман, ушундай мусулмандардан түзүлгөн коомду эң жакшы коом деп атайбыз.

Адамдын жеке инсан жана коомдун бир бөлүкчөсү катары эки түрдүү абалы бар. Коомдун тазалыгы, жеке инсандардын тазалыгына көз каранды. Адамдын тазалыгы, анын ишениминин тууралыгына, жакшы иштерди жашоосуна жана кыймыл-аракеттеринин шариятка ылайыктуу болушу менен өлчөнөт.

1. Курандын сыртындагы тарбия

а) Адамдарды зордукчул фараондорго айлантат

Тарбиялоону ыйык Куранга таяп жүргүзбөгөндүктөн жеке адамдардын мүнөзү эң төмөнкү деңгээлдеги фараонго окшош зордукчул адамга айланткандыгы белгилүү. Фараондун зордук зобулугуна окшогон мүнөздү экиге бөлүп кароого болот. Биринчи жагы, алдуу күчтүү болуп зордукчул, заалим, өзүмчүл, менменсинген мүнөздө болуусу. Экинчиси болсо алсыз күчсүз мажирөө болуп бирөөнүн бутун өбө тургандай төмөнкү абалда болуусу. Ойчул дин таануучу Бадиууззамандын көз карашында бул дүйнөгө берилген киши фараондук мүнөздө болуп саналат. Бирок ал өз жеке кызыкчылыгы үчүн эң майда жөнөкөй нерсени ыйык тутуп ага сыйынып төмөнкү деңгээлин көргөзөт. Буга кошумча өз кызыкчылыгы үчүн арамза шайтанга окшоп бирөөлөрдүн бутун өпкөн жеткен уятсыз абийирсиз көк беттик мүнөзгө ээ. Куран менен нурданып тарбия алган кишинин табиятына келе турган болсок ал Кудайдын “жөнөкөй кулу” бирок, тирүүчүлүктөгү эң улук нерсе деп саналгандардын эч кимисине ишенип таат кылбайт, ошондуктан ал “кул”ардактуу пенде болуп эсептелет.

Адам баласынын табиятындагы мындай фараондук мүнөздүн келип чыгышы Муса пайгамбардын убагындагы фараондор менен эле эмес тээ илгерки жашап өткөн бардык фараондорго барып такалат. Азыркы күндөгү мындай зордукчул фараондук мүнөз бардыгынан аша чапкан болушу мүмкүн. Булар, күнү түшүп, пайда көрүш керек болгондо зар какшап бутуңа жыгылып суранышмакчы а качан алдуу күчтүү болушса менменсинишип жырткычтык менен тап бергенден кайра тартышпайт. Мына ушул ыплас жаман сапаттарынан улам “фараондук” “намруттук” мүнөздөгү адамдар деп сыпатталышып келишет.

Фаронго окшогон заалим адамдарды Кудай таала Куранда мындайча сурөттөйт:

“дароо (адамдарды) чогултуп минтип бакырды: Мен силердин улуу жаратуучуңар болом!. (Назиат, 79/23-24)

Бул анын фараондук сезимге сүңгүп, жоокерлери жана курчап тургандары менен манчыркап, өзүн улук сезгендеги учур болчу.

Кээде кытмырланып эң төмөнкү акыбалга түшкөн учуру да бар. Ошол учурда алардан өткөн уятсыз жана өздөрүн эң көп кордук көргөн кишиге окшоткон мүнөздөрүн Куран мындайча баяндайт: “Исраил тукумун деңизден өткөрдүк. Фараон жана анын аскерлери чаап алып кордош үчүн артынан сая түшүштү. Качан гана (деңизге) чөгө турган болгондо (Фараон) “мен дагы Исраил уулдары ишенген Кудайдан башка кудай жок деп ишенемин жана мен Ага моюн сунуучуларданмын”, - деди.(Юнус сүрөөсү 10/90)

Жан дилинен айтпагандыгы, жалбарып кыйкырган сөздөр жасалма экендиги, чын ыклас менен айтпагандыгы байкап баамдаган кишиге тез эле айкын болот.

Эгерде чын туура сөз менен айтканда Алла таала анын ишендим дегенин кабыл кылышы мүмкүн эле. Жаны көзүнө көрүнгөндө тилек тилеп Алла таалага кайрылып чыңырганы кабыл болгон жок. Мына ушунун өзү фараондук табияттын бир көрүнүшү эле. Азыркы учурда мындайларды көп кезиктирүүгө болот. Кайсы бир мансап же пайда табыш үчүн эшигиңди сагалап келип этегиңе жыгылат жумушу бүтүп максатына жеткенде кайрылбай кетип кайдыгер калтырат. Мындай адамдар силердин эли журтуңардын, дин ыйманыңардын, урпактарыңардын тарбиясы жөнүндө кыпындай да кам көрбөгөндүгүн жөн гана көз боёмочулук менен алдагандарын көрүп жийиркенич пайда кылат

Куранга негиздебеген тарбиянын бардыгы андай фараондук табиятта болбошу мүмкүн. Ошондуктан бул маселенин ушул жагын эске алып, кылдаттык менен этият мамиле кылып бардыгына “фараондун табиятындагы ахлак” деп сыпаттап гана тим болдук. Кээ бир учурларда бир момун мусулманда дагы фааондук табияттагы адеп-ахлакты көрүүгө болот ал эми кээ бир учурда каапырда болсо Муса пайгамбардын адеп-ахлагындай мүнөз болушу ыктымал. Момун мусулманда фараондун мүнөзүндөй мүнөз улана берсе бара бара Кудай сактасын акыры барып фараондук табияттагы мүнөзгө кабылышы мүмкүн. Пайгамбарыбыз ээ болгон эң сонун адеп-ахлак менен Муса (А.С) пайгамбардын адебиндей мүнөзгө жеткен киши Муса (А.С)пайгамбардын багытында жүрүү даражасына жетет. Ырас Алла Таала адамдардын сырткы кебетесине, улутуна,кайсы даражадагы коомго тиешелүү экендигине эмес жан дүйнөсүнө, такыбачылыгына, бир сөз менен айтканда сыпаты менен жан дүйнөсүнүн асылдыгына карап баа берет.

Бул боюнча пайгамбарыбыз мындай деген эле:

“Алла Таала силердин сырткы келбетиңерге, турпатыңарга эмес, жүрөгүңөргө жана жасаган жакшы иштериңерге назар кылмакчы.”

б) Адамдарды кежир кылат

Куран тарбиясынан башка тарбия менен тарбияланган адамдар, текебер жана кежир болот. Алар “Намысым, аброюм” дейт жана бул нерсе үчүн канчалаган акыйкатты жана баалуулуктарды эч тартынбастан тебелеп-тепсейт. Ал эми тырышчаактык сезими адам баласына акыйкатта туруктуу болуу жана ишенген жолунан кайтпоо үчүн берилген.

Ооба, ар кандай мал-байлык, бийлик-мансап, атак-даңктан куру калтырыла турган болсоңор дагы билген жана ишенген жолуңардан кайра тартпооңор үчүн Алла Таала тырышчаактык берген. Эгер силер бул сезимди туура эмес колдонсоңор, бул пайдалуу сезим зыяндуу абалга өтүп калат. Кежирликке айланып калган бул сезим узакка созулуп кетсе, Кудай сактасын, руханий төмөндөө башталат. Натыйжада мындай бир сезим адам баласын. Мындай абалга түшүп калган адам, акыйкатты көрүп турса дагы кабыл албайт жана кичинекей эле бир пайда үчүн дагы ар кимге чөгөлөп кул болуп бергенден тайбайт.

Мурда жана бүгүнкү күнүбүздө дагы абал бирдей, өзгөргөн эмес. Ооба, Курандан сырткары тарбиянын адамдарда пайда кылган нерсеси кечээ күнү кандай болсо, бүгүн дагы ошондой. Биз атактуулар деп атаган, баарына жогорудан тиктеген, өзү сыяктуу көз карашта болбогон адамдарды адам катары санабаган, алсыз учурунда байкуш, бечара болуп калган, күч-бийликке ээ болгондо пикири келишпеген адамдардын укугун тебелеген бир канча фираун адамдар бүгүнкү күнүбүздө дагы болушу ыктымал. Кээ бир шарт жана абалдарды эске албаганда, мүнөз жагынан алып караганда булар менен эскилердин ортосунда эч кандай айырмачылык жок.

Курандын сыртындагы тарбияда бир гана кара курсактын камы жана дене кумарын канааттандыруу негизги нерсе болуп саналт. Алар адамзаттын бактылуулугу деп айтып жатканда напсилеринин жана дене кумарларынын канааттануусун гана ойлошот.

Америка, Германия, Англия, Франция, Швеция, Норвегия, Голландия сыяктуу кээ бир мамлекеттер экономикалык абалдарын жөнгө салып, өз коомдорун бактылуулукка жеткирдик деп ойлошот. Алардын ою боюнча, утопия жазуучулары сүрөттөгөн ажайып дүйнө курулган. Биз чыныгы бейпилдик жана бактылуулук Исламда деп билебиз. Алар болсо бактылуулук, экономикалык жактан жетишкендик бүтүндөй көйгөйлөрдү чечет деп ойлошот. Башкача айтканда алардын ою боюнча бактылуулук – капчыктын кампайышы, мамлекеттин күчтүү болушу.

Бирок көптөгөн өз жанын кыюулар жана жаңы-жаңы философиялык системалардын пайда болушу, түрдүү пикирлер менен өздөрүн канааттандырууга аракет кылуулары көрсөтүп тургандай бул коомчулуктарда бактысыздык өкүм сүрүүдө жана чыныгы бакыт үчүн материалдык жетишкендик аздык кылууда. Муну “өзүн-өзү сооротуу жана алаксытуу философиясы” деп атоого дагы болот. Бул философия боюнча ким жакшы кийинип, ичинсе ошол бактылуу болуп саналат. Чындыгында бул философия кара курсакты тойгузууну, дене кумарын канааттандырууну адам баласынын чыныгы максаты деп билет.

в) Максаты – материалдык пайда табуу болот

Курандын сыртындагы тарбиянын көздөгөн максаты – материалдык пайда табуу. Бүтүн аракеттин негизи бир гана материалдык пайда табуу. Бир иш жасай турган болсоң, “Бул иштен кандай материалдык пайда табасын?” деген суроону ошолор беришет.

Булар баардык нерсеге материалисттик көз менен карагандыктан, “Ушул убакытка чейин намаз окуп келдиңер, орозо кармадыңар, мамлекет өнүгүп, эл бактылуу болдубу?” – деп айтышат. Мына ушундай түшүнүктөгү адамдар эч качан акыйкат тууралуу сүйлөгөн, ыйманды, Куранды колдогон адамдарды жактырышпайт жана түшүнө алышпайт. Муну “Курандан алыс болуунун натыйжасындагы оройлук” деп айтсаңар болот.

г) Жашоолору талаш-тартышка толо болот

Материалдык пайданын эң маанилүү өзгөчөлүгү, инсандар баардык арзууларды канааттандыра албагандыктан, ал үчүн кызыл чеке болуп, салгылашат. Көздөгөнү материалдык пайда болгон баардык коомдор, колдогу материалдык байлыктар бүтүндөй каалоолорду канааттандырбагандыктан, токтобогон салгылашууларга себеп болот. Капитализм, коммунизм, социализм, фашизм сыяктуу аягы “изм” менен аяктаган баардык системалар мына ушундай материалдык пайда үчүн күрөштүн кучагында калган. Бул логика боюнча, зарылдык болсо башка мамлекеттерге кол салып, бир жолун таап алардын колундагы байлыгын тартып алууга дагы жол берилет. Ооба, материалдык пайдага негизделген, Куран эрежелеринин сыртындагы системаларда жашоо үчүн эң маанилүү нерсе согушуу, алсыздын эзилиши жана жашоо күч-кубаттууларга гана таандык өзгөчөлүк катары кабыл алынат.

Бул көз карашты биологияга бурсаңар, Ламарк жана Дарвиндин теорияларына күбө болосуңар. Эволюция теориясында “табигый иргелүү” же “Замандын окуяларына туруштук бере алгандар жашоого укуктуу” деген сыяктуу жаңылыш пикирлерге негизделген бул системалар чыныгы инсандык баалуулуктардын тыптыйпылын чыгарган. Бул принципке ишенгендердин көз карашы боюнча, мамлекеттер аралык маселелерде дагы чөйрөгө ылайыктуу болгон, окуяларга туруштук бере алган жана жашоо үчүн күрөштө жеңгендер жашоо укугуна ээ. Баардык нерсени “Жашоо бул күрөш” деген пикирге негиздегендер жаныбарлар дүйнөсүнөн өсүмдүктөр дүйнөсүнө чейинки бүтүндөй макулуктардын бири-бири менен болгон байланышын күрөшүү жана салгылашуу катары түшүнүшүп, адамдардын абалын дагы ушундай салгылашуунун натыйжасы деп кабыл алышып, алардын бири-бирин эзүүсүн туура деп санашат.

д) Коомдордун ортосунда расизм сыяктуу бөлүнүп-жарылууларга алып барат

Курандын сыртындагы тарбия адамдардын жана коомдордун ортосундагы эң маанилүү байланыш уруучулук жана расизм же кээде шериктештик пикирине негизделген коммунизмди колдойт. Курандын сыртындагы тарбия менен тарбиялангандар коомчулукту ушул байланыштар менен баштарын бириктирүүнү ойлошот. Ал эми улутчулдук жана шовенизм сыяктуу пикирлер башкаларды жок кылууга негизделген. Мисалы коммунизм, башка системаларды кыйратып жок кылуу программасы менен программаланган. Фашизм баардык системаларды кыйратууну пландаган жакынкы тарыхтагы система. Ооба, бул тарбия түшүнүгү Биринчи жана Экинчи Дүйнөлүк Согуштарынын натыйжаларында ачык-айкын көрүнүп турат.

е) Күч-кубатка таянат

Курандын сыртындагы социалдык жана философиялык системалардын таянычы – күч-кубат. Ким күч-кубаттуу болсо, анын айткандары туура, бул дагы толугу менен фираундук мүнөз. Инсандык баалуулуктарды сыйлай албаган күчтүн кылаар иши зордук. Маселени күч колдонуу менен чечкен адам зордук-зомбулук, зулумдан алыс болуусу кыйын. Адамзат, айрыкча жыйырманчы кылымда бул нерсенин ондогон мисалдарына күбө болду. Куран менен коошпогон системалар адамдардын жан дүйнөсүн катуу кыйратты. Мунун таасири момун-мусулмандарга дагы терс таасирин тийгизбей койгон жок жана ар кандай жаман көрүнүштөр байкала баштады.

2. Куран тарбиясы

а) Куран окуучусу- Алланын кулу

Курандын окуучусу зулум, ташбоор, мактанчаак, өзүмчүл, катаал болбойт. Ал болгону кул, Алланын кулу. Куран, ар дайым адамдар Алланын кулу экендигин эскертет жана кулчулук адам баласы үчүн улуу сыймык жана жакшы насип экендигин баса белгилейт.

Курандын тарбиясынын арты менен адам баласы өзүнүн Алланын кулу экендигин түшүнө алса эң улуу насипке ээ болгон болуп саналат. Алла Элчисинин эң өзгөчө сыпаты Алланын кулу болуусу эле. (Абдуху уа Расуулуху) “Кулу жана Элчиси”. Алла Элчиси (САВ) элчи болуусунан мурда дагы Алланын кулу эле. Ал бул дүйнөдөн көчүп, элчилик милдети аяктагандан кийин дагы Алланын эң шарапаттуу кулу. Баардык нерсе бүтсө дагы кулчулук уланууда. Ооба, баардык нерсе; пайгамбарлык жана буга байланышкан бүтүндөй милдеттер аяктайт. Бирок, бүтпөгөн бир нерсе бар, ал – Түбөлүктүү Зат болгон Аллага кулчулук.

Алла Тааланын: “Эй, адамдар кулчулук кылгыла!..” деген чакырыгына жооп катары, момун мусулман күндө кырк жолу чын ыкыластан кулчулук кылуу менен Алланын алдына келип, “Жалгыз Сага гана кулчулук кылабыз” дейт.

Чыныгы момун-мусулман, эң улуу макулукка дагы ибадат кылбаган пенде. Ал Аллага гана кулчулук кылат. Бул жагынан алганда ал өтө бечара абалда дагы султан сыяктуу. Ал эч бир убакта мен кудаймын деген залимдерге баш ийбейт, пайгамбарлардын жашоосу бул маселеде мисалдарга толтура. Алар Улуу Жаратуучуну ар дайым жалгыз деп таанып, башка эч бир мажбурлоолорго баш ийген эмес.

Кыялыңарда пайгамбардын дооруна барсаңар, көкүрөгүнө кызытылган темир басылган Аммар бин Ясыр, ар күнү башына таяк тийип, жерге сулаган Мусъаб бин Умайрды; ачка суусаган абалда кыйналып жаткан Саъд бин Аби Ваккастарды көрөсүңөр жана Аллага карата чыныгы кулчулукту көрүп, катуу таң каласыңар. Ооба, ар дайым акыйкатсыздыкка, адилетсиздикке каршы турган, акыйкатты колдогон, зулум жана динсиздикти жер менен жексен кылган, Курандын жолунда болгон, Куран үчүн жашаган канчалаган азаматтар өткөн...

Кээ бир иштер бар, алар оңой иштер. Жамаат түзүү, конгресстер уюштуруу, эмгек акы менен иш аткаруу, булардын баары оңой иштер. Эң негизгиси бул дүйнө жана акырет үчүн эч кандай пайда күтпөстөн, акыйкатты колдоп чыгуу, моюндагы милдетин түбөлүк уланта тургандай эрктүү, Алланын ыраазычылыгынан башка пайда күтпөгөн инсандарды тарбиялап чыгаруу. Булардын эң көрүнүктүү мисалдары Курандын окуучусу болуу. Куран окуучулары башка эч кандай атак даңкка жетүүнү көздөшпөйт.

б) Кичипейил жана муктаждыгын Алладан гана үмүт кылышат

Курандын окуучусу кичипейил болот. Ал сыртынан караганда байкуш, бечара сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Чындыгында ал андай эмес. Ал баардык кыйынчылыктарды жеңип чыга ала тургандай эрктүү. Ал алсыздыгын сезгенде Аллага ишеними жана таянуусу күчөйт.

Алла Элчиси (САВ) сыяктуу: “Көз ачып-жумганча дагы бизди напсибизге таштаба” дейт. Алсыздык жана муктаждык сезими ал үчүн эки канат сыяктуу, ал алсыздык жана муктаждыгын сезген сайын, бул эки канат менен канат кагып, учуп, Анын ыраазычылыгын издейт.

в) Анын максаты Алланын ыраазычылыгына жетүү

Куран окуучусунун негизги максаты - кыялданган нерсеси жалгыз гана Алла Тааланын ыраазычылыгы. Ал ар дайым Алланын ыраазычылыгын көздөйт жана Улуу Жаратуучу ага бир күнү: “Эй, жайбаракат тынчтанган жан. Өз Эгеңдин алдына (Ал сенден) ыраазы болгон жана (сен Андан) ыраазы болгон абалда кайтып баргын!” деген кайрылуусун күтөт.

Азирети Юсуф (АС) “Оо, Эгем! Сен мага өкүмдарлык бердиң жана түштөрдүн жорулушун үйрөттүң. Асмандар менне жердин Жаратуучусу болгон Сен дүйнөдө да, акыретте да Кожоюнумсуң! Менин жанымды Сага моюн сунган абалда алып, жакшы иштерди жасоочуларга ээрчите көр!” деген сөздөрү менен пенденин негизги максаты эмне болуу керек экендигин көрсөткөн. Мисирде улуу даражага ээ болуп, көптөгөн жылдар бою көз жашы салаалаган атасынын көз жаштары кургап, ага жамандык кылган бир туугандары жанына келип турганда, Юсуфтун (СА) Аллага бул кайрылуусу өтө маанилүү.

Демек, бүтүндөй дүйнө бактылуулугунан жогору турган, жүрөккө бейпилдик тартуулаган нерсе Алла Тааланын ыраазычылыгы.

Момун-мусулмандын болгон аракети – Алланын ыраазычылыгы. Ал Алла буйругандыгы үчүн жана Алланын ыраазычылыгына жетүү үчүн ибадат кылат. Ал ушул аракеттеринин мөмөсү акыретте бериле тургандыгын ойлойт. Бул дүйнөдө бир ырыскы-неъмат берилсе Аллага шүгүр кылып, мактоо айтат. Аллага таазим кылат. Ооба момун-мусулман бир гана Алла ыраазычылыгын ойлойт. Курани Карим көптөгөн аяттары менен муну тастыктайт.

Кыскача айтканда, “Акыйкатта, мен динде бир гана Аллахга берилип, ибадат кылууга буйрулганмын” “Динимде бир гана Аллахка берилип ибадат кылам” – дегин.

“Аларга чыныгы динди таза, бекем кармап, бир гана Аллахга сыйынууга жана намаз окуп, зекетти (тиешелүү) орундарга берүүгө буйрук кылынды”. деген сыяктуу аяттарда мусулман ар дайым Алланын ыраазычылыгына багытталган.

г) Жашоонун эрежеси - жардамдашуу

Куран, жашоонун эрежеси катары бири-бирине жөлөк болуу жана жардамдашууну негиз кылат. “Жакшылык жана (Алла тыюу салган нерселерден) алыс болууда жардамдашкыла, күнөө жана душмандыкта жардамдашпагыла. Алладан корккула, себеби Алланын жазасы катуу.”

Ооба, момундар диндин буйруктарын аткаруу жана башкалардын дагы аткаруусуна өбөлгө түзүүдө бири-бирине жардамчы болууга аракет кылуусу керек. Биз ислам дининин социалдык жагы дагы басымдуураак экендигин унутпашыбыз керек. Анын социалдык тарабын көтөрүү жана улантуу зарыл. Демек, “Жакшы иштерде жана такыбалыкта бири-бириңерге жардамчы болгула”

Себеби жашоо, талаш-тартыш эмес, ал жардамдашуу жана бири-бирине жөлөк болуу. Уруктар өсүмдүккө айланып, жаныбарларга азык болот жана жаныбарлар протеин катары бизге азык болот. Баардык нерсе бири-бири менен жардамдашат. Абанын, топурактын, суунун молекулалары, атомдору жана атомдун ичиндеги бөлүкчөлөр бири-бирине жардамдашуу менен жашоолорун улантышат.

Момун-мусулман жашоону ушундай жардамдашуу гармониясы катары кабыл алат жана “Жаратылышта майда-барат нерселерге чейинки баары бири-бири менен жардамдашып турат” деп айтат. Демек адам баласы жашоодогу бул жалпы айкаштыкка моюн сунушу керек жана бул ыргакты бузбоо үчүн ал дагы жардамдашууга шашылуусу абзел.

д) Ортобуздагы байланыш – бир-туугандык байланыш

Куран, момун-мусулмандардын ортосундагы байланышты бир туугандык деп белгилеген.

Бүтүндөй мусулмандардын ортосундагы бул байланыш негизделип, ушул байланышка карата дагы бир жолу бир туугандык сезими ойготулушу керек. Дини бир болгон адамдар бири-биринен ажырабай тургандай ынтымагын бекемдеши абзел. Чындыгында “Момундар бир тууган”. Момун-мусулман, жер жүзүндөгү момундардын баарына бир тууган катары карашы шарт. Ошондой эле ааламды дагы “бир туугандыктын бешиги” деп билиши керек.

е) Акыйкатты туу тутунуу - негизги нерсе

Куран тарбиясы, таянуучу нерсе катары “күчтүн” ордуна “акыйкатты” кабыл алат. “Ким акыйкат тарабында болсо ошол күчтүү” дейт. Момун-мусулман адам акыйкат бүгүнкү күнүбүздө алсыз болсо дагы, келечекте Алланын жардамы менен сөзсүз жеңет деген ишеним менен жашайт.

Момун-мусулмандын назарында акыйкатты сыйлоо ибадат сыяктуу. Ошондуктан, халифа Азирети Умар бир зиммий (Ислам мамлекетинде жашаган христиан адам) соттошуп калат. Сот халифадан өзүнүн жанына чакыруусун өтүнгөндө халифа аны айыптайт жана адилеттүү болууга чакырат.Курандын сыртындагы философиялык системалардын таасиринде калбаган момун-мусулман, “Кылымдын атынан ант ичүү менен айтам, чындыгында адам баласы жоготууда. Бир гана ыйман келтирип, жакшы иш жасагандар, бири-бирине акыйкатты кеңеш бергендер жана сабырдуулукту кеңеш бергендер мунун сыртында” аятында айтылгандай ар дайым акыйкатта жашайт, акыйкат кеңеш берет. Мехмет Акиф айткандай:

“Жаратуучунун чексиз ысымдары бар эң башы Хак,

Кандай улуу нерсе хакты (акыйкатты) көтөрүү пендеге!

Сахабалар коштошоордо ар дайым,

Сөзсүз окушчу экен “Уал аср” сүрөсүн неге?

Аалам акыйкат менен бутунда турат.

Момун-мусулман күч-кубат акыйкатта деп билет. Ким акыйкат тарапта болсо ошол кубаттуу. “Акыйкат ар дайым улуу жана ал төмөн болуп калбайт” деген сөз Исламдын принциби. Ошондуктан акыйкат ар дайым улуу жана эч бир нерсе анын алдын тосуп кала албайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.