Өлгөндөн кийин кайрадан тирүлүү тууралуу баяндоо

Бул дүйнө жашоосунан кийин акырет келе тургандыгына бала чын дилинен ишениши керек. Илим-билим жана даанышмандык көрсөтүп тургандай бул ааламды Алла жараткан жана Алла Таала башкарып турат. Убакытты дагы Ал Өзү жараткан. Курани Карим бул тууралуу: “Жер кезип, Алла жаратууну кандай баштагандыгын көргүлө”. деп айтат.

Мунун мааниси: биз жер жүзүндө кыдырып, бүтүндөй жаратылыш китебин изилдөөбүз, аны барактап, ар бир сабына көз жүгүртүүбүз, жаратылыш жер жүзүндө кандай башталгандыгын, бул аалам жоктон кантип пайда болгондугун, адам баласы кантип жаралгандыгын, жан-жаныбарлардын кандай жаратылгандыгын, жаратылыш адам баласы менен кандай толукталгандыгын! көрүп-билүүбүз.

Ааламды жоктон бар кылган Алла Таала инсандарды кайрадан тирилтет. Ушундай ааламды жараткан Алла тигил дүйнөнү жарата албайбы? Жер шарын ушундай кооз кылып жараткан Алла башка жер шарын жарата албайбы? Бул жерди дүйнө тигил жакты акырет деп атай албайбы? Силерди башка бир ааламдан алып келип, бул жерге жайгаштырган Алла, силерди тигил дүйнөгө жайгаштыра албайбы? Балдар үчүн терең философиялык ачыктоолорго кирилбесе дагы, ушунчалыгы жетиштүү болот го деп ойлойм. Ошондой эле көк асман жана жер жүзү көз алдыбызда турат жана алардын жаратылышы укмуштуудай. Балыктардын деңизде сүзүшү, куштардын оболоп учушу сыяктуу эле бул аалам түзүлүшүнүн ичинде зор системалардын, чоң планеталардын сүзүп жүрүшү, сабак алуу иретинде көз чаптыргандар үчүн эч бир нерсе максатсыз жаратылган эмес. Ошондой эле бул айкаштык, эң жөнөкөй адамдарга дагы түшүнүктүү боло турганчалык ачык. Куран мына ушулардын баарына андан кийин көктүн жана жердин жаратылышында өзгөчө роль ойногон адам баласынын жаратылышына көңүл бурдурууда.

“Аллах асмандар менен жерди жана булардын ортосундагыларды алты күндө жараткан, андан кийин Аршка ээлик кылган. Андан башка коргоочу да, жардам берүүчү да жок. Чындыгында эле силер эсиңерге келбейсиңерби?...”

“Ал баардык нерселерди сонун кылып жараткан, андан кийин инсанды бир чоподон жаратты”.

Куран бизге “Ушул ажайып системаларды Алла жаратып, тартипке салган. Буларды бузгандан кийин Ал дагы башка бир ааламды жаратат” деп жатканда силер буга “жок” деп жооп берсеңер, акылга сыйбаган нерсени айткан болуп эсептелесиңер. Бул тууралуу балага дагы улууга дагы айтылса, эч ким каршы сөз айта албайт. Куранда бул сыяктуу көптөгөн баяндар бар.

Курани Карим бир башка жерде кайрадан тирилүү ишенимин кабыл албагандарга: “Айткын: Аны алгач жараткандай эле (кайра) тирилтет. Ал бардык жаралгандарды билүүчү” деп айтат.

Башка бир аятта: “Алланын ырайымынын издерине кара: Жерди өлгөндөн кийин аны кайра тирилтти! Акыйкатта, Ал өлүктөрдү тирилтет. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.” деп айтат.

Курани Карим балага дагы, орто жаштагыга дагы жана башкаларга айтыла турган бардык нерсени баяндайт.

Периштелер жана кадар темасы дагы кылдат мамиле жасала турган маселелерден. Баардык нерсенин программасы, долбоору, планы болгондугун, ааламдын жана инсандын жаратылышында дагы өзүнчө бир долбоор жана план зарыл экендигин түрдүү усулдар менен жаштарга түшүндүрүү керек.

Демек, балдарга бүтүндөй ушул маалыматтарыбызды бергенде гана, аларга туура жолду көрсөтүп, сөз жана кыймыл аракет менен “Аллахым, бизди туура жолго башта.” деген болуп эсептелебиз. Мындай сөз жана кыймыл аракет менен кылынгандыгы үчүн Алла Тааланын мээрими менен тарбиялоо аракеттерибиз текке кетпейт. Ошону менен бирге ибадат, туура жолдогу адамдардын жакшы иштери, намазы, орозосу, ажылыгы, зекети тууралуу баяндалып, балдардын көңүлүн ишенимден кулчулуктарга чейинки баардык маселелерде Алла Таалага багыттап, алардын пикир, руханий жактан өлүүсүнө, ал гана эмес кирдөөлөрүнө жол бербешибиз керек.

Мисалы, ширк өтө жаман нерсе экендигин балдарга жеткире түшүндүрүшүбүз зарыл. Алар башка нерселерге сыйынып кетүүгө караганда тозокко түшүүнү дагы жеңилирээк ойлоп калуусу керек. Зынаанын жамандыгы тууралуу жеткире айтылгандыктан, бала бул жаман ишке киргенден көрө өлүүнү дагы жеңилирээк санасын. Ал колу, тили жана көзү менен болсо дагы бул ишке жакын болгон кыймыл-аракеттерди жасаганда, катуу бушайманданып, өмүр бою ыйлай алышы керек. Адам өлтүрүүнүн, уурулук кылуунун, жалган айтуунун жамандыгы тууралуу айтыла берип, ал баардык жаман иштерден жийиркене турган болуп калышы абзел.

Ошондой эле, балдарга сөз жана кыймыл-аракеттер менен адепсиздик болуп саналган иштердин жагымсыз экендигин көрсөтүп, адепсиздик баткагына батуусуна жол бербөө керек. Ал башынан эле таза чөйрөдө өссө, Кудай буйруса, кийинки терс аракеттер анын сезимдерин өчүрө албайт жана ал ар дайым Алла Таалага кулчулугун улантып, Ислам динин урмат кылат.

Тарбиялоо жолдору

Мурунку бөлүмдө балага белгилүү жаш жана деңгээлине жараша айтылышы зарыл болгон нерселер жана ата-эне, мугалим, тарбиячы терең көңүл буруусу зарыл болгон маселелерди талдоого алган элек.

Дагы бир жолу эске сала кетүү керек, тарбия маселесине терең маани бербеген, жаш, түшүнүк деңгээли, чөйрө, илимий даражасына жараша жашоонун ар бир этабында баласын эң жакшы көрүнүштө руханий жактан азыктандырбагандар, кийинчерээк ач карышкыр менен бетме-бет келип калганда таң калбашы керек.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.