Перзенттүү болуу

Үй-бүлө куруу маселесине далилдердин баяндоосу менен караганыбызда, Курани Каримде Алла Таала жакшы көргөн, ыраазы болгон адамдардын көп болушун каалайт. Негизинде, баардык пайгамбарлар жана башка улуу инсандар моралдык жактан таза адамдардын көбөйүшүн каалашкан жана бул жаатта системалар түзүшкөн.

Курани Карим, Азирети Закариянын чын ыкыластан Аллага жалбарып дуба кылгандыгы тууралуу “Аал Имран” сүрөсүндө төмөнкүчө баяндайт:

“Закария Эгесине кайрылып: “Оо, Эгем! Мага жакшы перзент бер. Анткени, Сен – дубаны Угуучусуң!” – деди.

Көңүл коюп карай турган болсок, Азирети Закария, жөнөкөй эле “перзент” эмес, “таза перзент” сурап дуба кылган. Бул сөздүн мааниси, “Алланы ыраазы кыла турган, Закария пайгамбарды кубанта турган, коомдун маанилүү мүчөсү боло турган “таза перзент” насип кыл”, дегендик болчу. Азирети Ибрахим (АС) дагы уулу Азирети Исмаил менен бирге Каабаны куруп жатышкан учурда Алла Таалага:

“Эй, Раббибиз! Бизди сага моюн сунгандардан кыл! Уругубуздан Сага моюн суна турган үммөт чыгар. Бизге ибадат усулдарыбызды көрсөт жана тооболорубузду кабыл кыл; албетте, тооболорду кабыл кылган, мээримдүү болгон бир гана Сенсиң”. – деп жалбарып дуба кылган.

Алардын уругунан жүздөгөн пайгамбарлар менен бирге адамзаттын сыймыгы болгон Азирети Мухаммеддин (САВ) чыгышы, Алла Тааланын бул маанилүү дубаны кабыл алышынын натыйжасы болуп саналат. Ошондой эле, баардык улуу инсандар Алла Таалага дуба кылышып, жакшы, туура жүргөн перзенттерди беришин суранган.

“(Жана ал пенделер): “Оо, Раббибиз! Бизге маңдайыбызды жарыта турган жубайлар жана перзенттер бер жана бизди такыбалардын алдыңкылары кыл!” дешет”.

Ушул сыяктуу дагы башка аят, хадистерде үй-бүлөнүн мөмөсү катары таза перзенттердин берилишин суранууларды көрүүгө болот. Ооба, бул дубалардын баарында аруу, таза, күнөөсүз, момун перзенттерге көңүл бурдурулган. Демек бул тема үй-бүлөбүздө тарбиялана турган перзенттердин көптүгү эмес, руханий жактан терең жана моралдык жактан аруу, таза инсандардын болуштугу маанилүү экендигин билдирет. Мындай сапаттарга ээ болуунун дагы белгилүү жолдору жана усулдары бар болсо керек.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.