Пландуу жана принциптүү жашоо

Жашообузду башынан эле принциптүү жашоо өтө маанилүү. Ооба, “Менин быйылкы жылым ушундай, келерки жылым мындай жана андан кийинки жылым тигиндей пландалган” – деп айта алышыбыз шарт.

Ушул сөздү айта алсак, биз пландаган жана долбоорлого кээ бир маалыматтар менен бетме-бет келгенде, кыйналбастан чечим чыгарып, эч качан өзүбүздү жоготпошубуз керек. Эгерде келечек тууралуу чыгарган чечимиңер же тутунган принциптериңер жок болсо, келечекте белгисиз туңгуюкка түртүлүүгө даяр болгула. Белгисиз балээлер башыңарга келгенин элестетип көргүлө, ошондо бармагыъарды тиштеп, өкүнүп калышыңар ыктымал. Демек, булар башыңарга келе электе чечим чыгарып, чара көргүлө.

Эми бүтүндөй ушуларды ойлоп, бир жарым миллиарддык мусулмандардын абалына карайлы. Аталары күйгөн очоктун дал өзүндө жана жалыны асманга көтөрүлгөн дал ошол оттун ичинде, балдарынын, неберелеринин дагы күйүп жаткандыгын, бири күйүп жатса да беркиси кайдыгер карап тургандыгын көрөбүз. Баткакка бир эл же жалпы коомчулук батып жаткандыгын көрүп туруп, арттан келгендер дагы ары жак, бери жагына карабастан дал ошол баткакка батууда, жаман жолдорго түшүүдө жана жагымсыз эстелик катары эсте сакталууда.

Алла Элчиси, кереметтүү сөздөрүндө бизди эскертүү иретинде жогоруда да эскерилгендей:

“Силерден мурдагылардын жолун кадам-кадам, карыш-карыш ээрчийсиңер”.

Анын бул сөзүнөн, “Этият болгула, мина талаасында бара жаткандай, ар бир көз ирмемде жарылууга дуушар боло тургандай коркуу менен сак болгула!” – деген эскертүүнү түшүнүүгө болот.

Маркум Акиф Эрсойдун, Ислам ааламын сүрөттөө иретинде айткан төмөнкү таасирдүү кайрыктарын айта кетүүбүз зарыл:

“Уят-сыйыт кетип калган,
Бетсиздик баардык жерди ээлеп алган...”
Уятсыз жүздөрдү жука парда жаап турган экен!
Убадага туруу жок, аманат сөзү маанисиз;
Жалган күчөп жабыла, баардык жерде кыянат, акыйкат деген кайда кеткен.
Сезимдер пас, үмүттөр пас жүрөктөр болсо мээримсиз;
Кудайдын пенделеринин жүзүндө көргөн кордугунан көрүнүп турат

Төбө чачың тик турат көрсөң, кандай коркунучтуу төңкөрүш:

Дин, ыйман баары кыйраган!дин ыймандын баары топурака айланган
Сыймык деген калбай калса да абийир тунук бойдон калсын.
Адеп ахлак жоюлуп кыйрап турганда эгемендүүлүк да колдон таят!”

Бир жерде гана эмес, баардык жерде каргашалуу абал жана кыйроого алып бара жаткан адепсиздик өкүм сүрүүдө. Бул нерсени жактырбагандар дагы, аны радиоктивдүү таасири менен сезимталдыгынан айрылышып, жүрүп жаткан окуялардан кабары жоктой болгон абалда...

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.