Сахабалар доору жана Алла Элчиси (САВ) тууралуу баяндоо

Алла Элчиси (САВ) тууралуу дагы кеңири баяндалышы керек. Мен кээ бир адамдардын Алла Элчисин (САВ) сүйө албашынын себеби, Пайгамбарыбыз (САВ) аларга балалык кездеринде таанытылбагандыгы деп ойлойм. Аны жакындан тааныган адамдар Аны сүйгөн. Кылымдар бою көптөгөн адамдар Алла Элчисине (САВ) чын дилинен берилип, артынан эрчип жүрүшкөн, дүйнө тарыхында башка бир адамдын ушунчалык урмат-сыйга ээ болгондугун айтуу мүмкүн эмес. Албетте, Алла Элчисин (САВ) таанып, Аны балдарыңарга тааныштырбастан, балдарыңардын аны сүйүшүн күтүүңөр туура болбойт. Бир доордо бактылуу бир жамаат аны көздөрү менен көрүштү. Дагы бир жамаатка Аны көргөндөрдү көрүү насип болду жана алардын көздөрү менен Аны көрүүгө аракет кылды. Бул тууралуу Алла Элчисинин (САВ) “эң жакшы муун, менин (доорумдагы) муун, андан кийин алардын артынан келген муун” – деген сөзүн айтууга болот.

Адамдар ташбоорлук менен өз балдарын тирүүлөй көмгөндүгү, дээрлик баардык адамдардын ичкилик ичүүсү Ислам дини келе электеги караңгы доордо бир демде коомдук жашоону жөнгө салган Пайгамбарыбыздын (САВ) теңдеши жок жана болушу мүмкүн эмес. Ооба, Ал инсан (САВ), өз доорундагы адамдардын жүрөгүнүн төрүнөн алып, аларды материалдык-руханий ооруларын бир учурда дарылоо менен аларды үлгүлүү инсандарга айландырган жана инсандыкдын туу чокусуна чыгаруусу өтө укмуштуудай төңкөрүш болуп саналат жана дүйнө тарыхында буга теңдеш мисал келтирүү мүмкүн эмес.

Убагында Римде, Грецияда жана башка өлкөлөрдө дагы төңкөрүштөр болгон. Бирок булар адамзат үчүн көп пайда алып келе алган эмес. Ал гана эмес бул коомдордо болгон төңкөрүштөр жаңы көйгөйлөрдү жараткан жана кээ бир жерлерде эски доорго кайтуу болгон. Ошондой эле кээ бир учурлардагы төңкөрүштөр адамзатты канга жана көз жашка бөлөдү.

Адам баласынын пикиринде, жан дүйнөсүндө, руханиятында, материалдык жана моралдык жашоосунда, сезим жана көз карашында оң өзгөрүүлөр жаратып, аны напсиге кул болуу пастыгынан инсандык улуулуктун туу чокусуна чыгарууну төңкөрүш деп атоого болот. Алла Элчиси (САВ) коомдо мына ушундай төңкөрүш жараткан. Булардын канча пайызын билебиз жана канчасын балдарыбызга айтып берип жатабыз, билбейм!. Негизинде Ал - баардык маселеде биз үчүн улуу өрнөк.

Доорубуздун улуу ойчулу айткандай, жүздөгөн философторду алып, Араб Жарымаралына барсак, заманыбыздагы ошончолук мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, Пайгамбарыбыз (САВ) бир жылда орундаткандарын жүз жыл аракет кылсак дагы жасай албайбыз. Доорубуздун улуу ойчулу маселени дагы жөнөкөйлөштүрүү менен мындай дейт: “Чылым сыяктуу кичинекей бир адатты, кичинекей эле коомдон, улуу бир башчы, чоң күч аракет менен жоюшу мүмкүн” Биз маселени мындан дагы жөнөкөйлөштүрүү менен мындай деп айта алабыз: Чылым чеккен бир адамдын жанына он адам чогулуп, чылым рак оорусуна себеп боло тургандыгын канааттандыраарлык сөздөр менен түшүндүрүшсө дагы ага чылымды таштата албайт. Ал эми Пайгамбарыбыз (САВ) чөйрөсүндөгү адамдардын канына сиңип калган жаман адаттарды бир демде жоюп, анын ордуна туура инсандык баалуулуктарды орноткон.

Жаман адаттардын бир демде жоюлушу тууралуу, ичкиликке тыюу салуу маселесине карата сезимталдык маанилүү мисал боло алат: Алкоголдук ичкиликке берилген жана ичкилик ичпесе башы ооруган бир коомго “ичкилик арам” деп айтылаары менен, дал ошол көз ирмемде чөйчөктү оозуна чейин алпарып алган адам, аны ичпестен, жерге чапкан. Тарбиячыларыбыз ушундай таасирдүү тарбияны эмне себептен деп ойлошоорун билбейм. Эми биздин милдетибиз, Алла Элчисинин ал улуу төңкөрүштөрүн түшүнүп, башкаларга түшүндүрүп, жүрөктөрдү ошол Улуу инсанга карата ойготуу. Ушундай ийгиликке жете алсак, балдарыбыз Азирети Мухаммед (САВ) тууралуу сүйлөйт, Азирети Мухаммед (САВ) жөнүндө ойлонот.

Балдарыбызга Алла Элчиси (САВ), кыяматка чейин болгон жана боло турган окуяларды телеэкрандан көрүп тургандай айтып берүүбүз, Пайгамбарыбызга (САВ) болгон ишенимди дагы бир жолу бекемдөө сыяктуу мааниге келет. Бул жаатта Анын ачык айкын берген кабарлары бар. Пайгамбарыбыз (САВ) ошол хадистеринде өзү жашаган доордон биздин доорго чейинки маанилүү окуяларды, алардын себептерин натыйжалары менен бирге тизмектеп айтып, бизди эскертет. Ал (САВ), Моңгол баскынчылыгы, Сириянын багындырылышы, Эфрат дарыясынын өтө жогорку баага ээ болушу, Таликан нефтиси, кээ бир акыр заман бузукулуктары жа адепсиздиктин жайылышы сыяктуу нерселер тууралуу баяндайт жана бул хадистерди көрүп туруп, ага ишенбөө мүмкүн эмес.

Ооба, буларды катары менен балага үйрөтө алсак, бала Анын улуулугу үчүн Аны урматтайт жана башкалар баланын зээнинен Пайгамбарыбызды (САВ) өчүрө албайт. Илим, исскуство жана технология боюнча эч кимден таалим-тарбия албаган, өмүрүндө эки сап жазуу жазбаган, Алладан башка эч кимден таалим албаган Азирети Мухаммед (САВ) өткөндү жана келечекти билгендигин билишибиз жана башкаларга билдирүүбүз - биздин мойнубуздагы карызыбыз.

Ал медицина тууралуу укмуш нерселерди айткан. Ал доордун илимий деңгээлинде буларды билүү мүмкүн эмес. Демек Алла Таала Ага бардык нерселерди үйрөткөн. Ырас Ал, Алланын Элчиси эле.

Алла Элчиси (САВ) адамзаттын жеке жана коомдук жашоосу үчүн кылган төңкөрүштөрү тууралуу олуттуу бир нерсе аракет кылынса, бир канча томдорго дагы батпай калаар. Биз бул маселеде шашылыш, үстүртөн пикир берүү максатында кээ бир нерселерди баяндап өттүк. Азирети Пайгамбардын (САВ) кайыптан берген кабарлары жана Анын башка дагы улуулуктары тууралуу маалыматтарды бул темада жазылган миңдеген чыгармаларга калтыруу менен башка темага өтөм.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.