Сапатка көңүл буруу

Сандын көптүгү өтө маанилүү эмес экендиги Курани Каримде мындай деп баяндалат:

“Чындыгында, Аллах силерге көп жардам берди. Ошондой эле Хунайн күнү да (жардам берген). Ошондо саныңардын көптүгү менен мактандыңар. Бирок, ал силерден эч нерсени кайтара алган жок. Ошондой эле ал жер кенен болгону менен силерге тардык кылып, артыңарга карап качтыңар”.

Хунайн согушу, Мекке ачылышынан кийин болгон согуш эле. Негизинде мусулмандар Хавазиндерге каршы тура албады. Куранда ишара кылынгандай ал күнү ал улуу инсандар, Алланын жардамына ишенүү менен: “Бул мусулман аскерине эч ким туруштук бере албайт” – деп ойлошкон. Бирок Хавазин жаачылары менен бетме-бет келип калганда убактылуу шашып калышты. Демек, ошондой ыйык адамдар болсо дагы ушундай ойго кетиши ыктымал жана албетте, сандын көптүгү анчалык маанилүү эмес экендиги ошондо белгилүү болгон.

Ооба негизгиси руханий тереңдик. Бирок алар мукаррабин (Кудайга жакын такыба адамдар) болгондуктан, ал жерде убактылуу болсо дагы чегинүүлөрү алар үчүн күнөө болгону менен андай учур биз үчүн күнөө эмес. Бул жерде баса белгиленүүсү керек болгон нерсе, дүйнөнүн кайсыл жеринде жана кайсыл доорунда болсо дагы, көпчүлүк маанилүү эмес экендигин Курани Карим бизге баяндоодо. Бул аяттын өкүмүнүн өчүрүлүшү жана өтпөй калуусу мүмкүн болбогондуктан дүйнө жүзүнүн кайсыл жеринде болбосун, мусулмандар сандын көптүгүнө караганда Алла менен болгон байланышка, руханий байлыкка дагы көбүрөөк көңүл буруулары керек.

Мухаммеддин үммөтү катары өтө аз болсоңор да, эгер Аллага жакын болуп, бирөөгө акыйкатты жеткирүү үчүн аракет кылсаңар бул ишиңерде ийгиликке жетесиңер. Эгер Алла менен болгон байланышыңар алсыз болсо, саныңар канчалык көп болсо дагы эч кандай ийгиликке жете албайсыңар.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.