Тарбияда кылдаттык

Биз кура турган же курулган үй-бүлөбүз, Алла Тааланы жана Анын Элчисин ыраазы кыла тургандай көрүнүштө болсо, келечектүү болот. Башкача айтканда биз тарбиялай турган балдарыбыз Алла Элчисинин жолунда болсо, алардын жолу ачык жана биз дагы бактылуу болобуз, мындан тескери жолдо тарбияланган болсо, балдар көчө балдары болуп, диндин, мечиттин, мусулмандардын душманы болсо, алар бактысыз, силер жоопкерчилик астында каласыңар.

Бул оболу балдарга, андан кийин коомчулукка каршы адилетсиздик болуп калат. Эч кимдин мындай адилетсиздикти жасоого укугу жок. Исламга каршы душман, арам тамак, туура эмес жүрүм-туруму менен жалпы эрежелерди тебелей турган балдардын эсебин бизден сурашат. Өздүк руханий баалуулуктарын тутунган, жан дүйнөсү терең инсандарды тарбиялап чыгаруу биздин башкы максатыбыз. Бул маанилүү милдет, үй-бүлөнүн жакшы курулуусу менен башталып, өмүр бою акыл, ой-жүгүртүү менен уланат. Ушул себептен үй-бүлө динге, Алла ыраазычылыгына негизделиши керек. Алла Элчиси үммөтүнүн көптүгү менен сыймыктана тургандыгын айтат. Ушул себептен, Аны тааныбаган муун канчалык көп болсо дагы Алланын алдында эч кандай баасы болбогондой эле, Алла Элчиси үчүн дагы эч кандай баасы жок. Ошондуктан биз бир жагынан жамандыктан Аллага жүз буруу, күнөөлөрүбүз үчүн кечирим суроо жана жасаган күнөөлөрүбүз үчүн бушаймандануу менен жоюп, дуба, ибадат жана жакшы иштер менен жакшылык кылуу сезимибизди кубаттай турган аракеттер менен Аллага жүздөнүп, керектүү иштерди аткарып, сабыр менен жакшы натыйжаны күтөбүз.

Курани Каримде: “Арам нерселердин көптүгү сени кызыктырса да, ыпылас менен таза нерселер бирдей эмес. Андыктан: “Эй акыл ээлери такыба болгула! Мүмкүн кутулаарсыңар” – деп айт” деп айтылат.

Ооба, кээде, жаман нерселердин жана жамандыктардын көптүгү силердин көңүлүңөрдү буруп, таңкалтырышы ыктымал. Бирок, Алланын назарында булганыч, жаман нерселер менен жакшы нерселер бирдей болбогон. Демек, силер ар дайым руханияты терең муундарды тарбиялап чыгарууга маани берип, мугалим жана тарбиячы болууга аракет кылышыңар абзел.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.