Үй-бүлө курууда табият принциптери

а) Баардык жакшылыктардын башаты: Бисмилла

Биз айткан ченемдерге ылайыктуу үй-бүлө куруу ийгилигине жетишкен жубайлар өтө маанилүү маселени жүзөгө ашырган болуп эсептелет. Мындай бир үй-бүлө, кээде ибадаткана, кээде мектеп сыяктуу жана жалпы коомго тирүүлүк тартуулаган Кааба сыяктуу кызмат кылат. Алла Таала койгон принциптерге негизделген мындай үй-бүлөлөр кээде жалпы коом үчүн ДНК кызматын аткарат.

Бул жерде дагы бир нерсеге көңүлүңөрдү бурдургум келет. Биз тамактанууну баштаганда “Бисмиллахиррахманиррахийм” дейбиз. Биз бул сөздү чын ыкылас менен айта турган болсок, берекет келе тургандыгына ишенебиз. Арабызда чын дилден ишенгендер көбүнчө бул берекетке күбө болушкан.

Ошондой эле биз көп иштерибизде, шайтандын жамандыгынан Аллага корголоп, Улуу Жаратуучу бизди сактоосун тилейбиз. Өтө сырдуу маселелерибизге чейин баардык нерседе буга көңүл бурабыз. Мындай көрүнүштөгү жардам суроо жана корголоонун натыйжасында бул дүйнөгө келген балдарыбыздын жүрүм-туруму жакшы болуп, бул ишке шайтан аралашпай тургандыгына ишенебиз.

Мындай жардам суроо жана корголоого көңүл бурбаган адам, кичинекей көрүнгөн мындай кайдыгерлигинин натыйжасында башына кайдан келгендиги белгисиз болгон чоң балээлер келип, анын алдында эзилет. Адам баласы бул маселеде эч бир нерсени кайдыгер калтыра албайт. Аткарууга милдеттүү болгон чоң-кичине баардык талаптарга көңүл буруп, сынактын баардык шарттарын аткарышы зарыл. Мойнундагы диний жоопкерчиликтерди жүзөгө ашырууда өтө кылдат болушу керек.

Кээде бир көз ирмемдик кайдыгерлик жана көңүлкоштук, кеменин рулун башкаруучу адамдын бир азга алаксый түшкөндүгүнүн натыйжасында боло турган жаман абалдай абалга салып коюшу ыктымал. Ырас момун-мусулман адам, ар дайым Аллага таянып, Аллага корголошу керек. Өтө жөнөкөй сыяктуу көрүнгөн нике маселесинде дагы ушул сезимди колдон чыгарбаш керек. Нике, Алланын ыраазычылыгы үчүн кыйылат, Алланын ыраазычылыгына багытталбастан кыйылган нике берекет алып келбейт жана жакшылыкка ортомчу болушу мүмкүн эмес. Ооба, нике руханий байланыш, анын ыйыктыгы Алланын ыраазычылыгы үчүн болгондугунда.

Мына ушул себептен нике, Алланын аты менен болгондо гана берекелүү болот. Никеде дуба кылынып, Алла койгон принциптердин чегинде ишке ашуусу керек. Ошондой эле келечектүү болушу үчүн нике кыйылып жатканда калың тууралуу дагы айтылат. Алла Таала өз аты аталган никени берекелүү кылат. Мындай нике, Алла Тааланын кепилдиги алдында болот. Бул нике келечектүү жана жубайлардын ортосундагы ынтымакка дагы ортомчу.

Бүгүнкү күнүбүздө өтө көп ажырашуу окуяларына күбө болуудабыз жана үй-бүлө курууда олуттуу берекетсиздик, бактысыздык жана кайырсыздык көрүлүүдө. Иштердин Алланын аты менен жасалбашы, максатсыз болушу, баардык нерсе бир гана дене кумарын канааттандыруу негизине курулуусу жана бүтүндөй инсандык баалуулуктарга кайдыгер мамиле кылынышы, Батыш үй-бүлө системасын түп-тамырынан бошоңдоткондой эле, бизге дагы терс таасирин тийгизди. Жалпы абал ушуну көрсөтүп турат. Бизге Алла Таалаа жардам берсин!..

б) Жубай тандоо

Үй-бүлө курууну максат кылган адамдын оюна алгач келген нерсе, өз сезим жана көз карашына ылайыктуу жубай издөө. Азыркы учурда көптөгөн жаштар бул өтө маанилүү негизге сезимдери менен гана мамиле кылышып, көчөдө, базарда таанышкан адамы менен дароо үй-бүлө курууга шашылышат. “Кандай кылса болот, кандай кылса болбойт, үй-бүлө куруу деген эмне?..” деген сыяктуу түшүнүктөргө кайдыгер калтырылуу менен курулган үй-бүлөлүк башка балээ алып келе тургандыгы анык. Негизинде, маселеге башкача көз карашта караган, дагы башкача өлчөмдөр менен талдоого алган адамдардын ой-пикирлерин угуу пайдалуу болмок.

Кээде сезим менен гана өкүм берип курулган үй-бүлөлү, бейиштин бакчасы боло турган үй-бүлөнү тозоктун чуңкуруна айлантып салышы ыктымал. Биз билген, тааныган көптөгөн адамдар бар. Алардын динге болгон сүйүүсү жакшы бирок бул маселедеги туура эмес чечим, иш-аракеттеринин натыйжасында бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрү кыжаалаттык ичинде өмүр өткөрүшүүдө.

Мындай үй-бүлөдө уруш-талаштардын аягы тыйылбайт. Эркек динин жашагысы келет, аялы аны жактырбайт. Мунун тескерисинче дагы болуп калат. Мына ушул себептен, мындай үй-бүлөдө аял-эркек ынтымагы болбойт, алар бир үйдө, бирок эки ааламда жашашат. Мындай үй-бүлөдө бири-бирине карама-каршы көз караштар жазылган эки түрдүү гезит, эки түрдүү китеп окулуп, балдарга эки түрдүү икая айтылат жана үй-бүлөдө эки түрдүү маек курулат. Аял бир нерсени кааласа, эркек ага каршы чыгат. Аялы дин, ыйман, адеп-ахлак тууралуу сөз козгосо, күйөөсү бул нерсени уруш-талашка себепчи катары кабылдайт. Мындай үй-бүлөдө ушундайча тынчы жок жашоо өкүм сүрөт.

Мындай талаш-тартышта кээде балдар бир тараптын талабын талашат, кээде бул эки жаатка тең көңүлү муздап, коомго, үй-бүлөгө душман болуп чыга келет. Мына ошондуктан, аял же эркек үй-бүлө курууга кадам таштоодон мурда бул маселени жакшылап ойлонуусу зарыл, керек болсо тажрыйбалуу адамдар менен кеңешип, тандоо себептерин өтө жакшы белгилеп алуулары шарт.

Пайгамбарыбыз (САВ) бул маселе тууралуу: “Аял төрт нерсеге каралып, никеленет: мал-байлыгы, теги, сулуулугу жана диндарлыгы, сен диндар болгонун тандап алсаң, бактылуу болосуң”.

Диндарлык тандалына турган эң маанилүү себеп болуп эсептелет. Эгерде тандала турган аялдын бири ашкан сулуу ай жамалдуу, ал эми экинчиси сулуугу орто болгону менен дин өкүмдөрүнө жакшы көңүл бура турган болсо, алардын ичинен диний жана адеп-ахлак жагынан жогору болгону тандалуусу керек. Үй-бүлөлүк жашоо, бул дүйнөгө гана тиешелүү эмес. Ал бала-чака, неберелер менен улана турган жана акыретте дагы биргеликте боло турган жашоо болуп саналат. Негизинде жакшы бир үй-бүлө, бул дүйнөдө бейиш бакчасы сыяктуу боло турган болсо, кээ бир жаңылыштыктардын себебинен тозокко айланат жана албетте тигил дүйнө бактылуулугуна алып бара турган жолдорду дагы бузат.

Ушул себептен, келечектеги жубайын диний ишенимине жана аны жашоосуна, айрыкча ыйманына сөзсүз көңүл буруу керек. Ишеним жагынан бир жаңылыштыгы, адашуусу болгон эркекке кызын берген адам, кийин боло турган жаман акыбеттен жоопкерчиликтүү болот. Ошол эле нерсе эркекке дагы тиешелүү. Негизинде, эркектин ишениминде адашкандык бар болсо, маселе түбүнөн эле туура болбой калат. Себеби никенин туура болушунда ыйман негизги нерсе болуп саналат. Алла Таалага ишенбеген, диний буйруктарга кайдыгер караган адамдын олуттуу түрдө ыйман көйгөйү бар. Ошол себептен, нике келишими үчүн негизги элемент жок болуп калган болот.

Байлык, бийлик, атак-даңк, тапкан кирешесине карап үй-бүлө куруу динге жеңил ойлуу мамиле кылуу болуп саналат жана андай иш жасаган адамдар бул маселеде жоготууга учурашат. Үй-бүлө курууда талап кылынган негизги нерсе – диндарлык. Диндин негизи ишеним, ыйман. Ыймансыз бир адам менен үй-бүлө куруу чыныгы маанидеги үй-бүлө куруу эмес. Ал баш кошуу гана болуп саналат.

Бул айтылгандар албетте, диндар жана дин мыйзамдарын жана чектерин кабыл алгандар үчүн. Дагы баса белгилеп айта кетээрим, үй-бүлө бул дүйнө жана акырет бактылуулугунун өтө маанилүү себепчиси. Мындай олуттуу маселеде катачылык кетирген адам эки дүйнөсүн тең караңгылаткан болуп саналат.

Баарыдан мурда чөйрөңөрдү жан дүйнөсү диний азыктар менен азыктанбаган бала-чака курчап алган болсо, анда ишиңер кыйын болот. Кереметтүү бир күч гана силерге жардамга келип, силердин кайдыгерлигиңердин, жаңылыштыктарыңардын натыйжасындагы ийгиликсиздиктерди оңдосо анда башка. Аны “Алланын жардамы” деп атайбыз жана анын уланышын каалайбыз. Албетте ар дайым эле мындай боло бербейт...

в) Жакшы перзент тарбиялоо

Жакшы перзент тарбиялоо маселесинде ата-эне бирдей багытта иш алып баруусу абзел. Бала тарбиялоо жөндөмү болбогон, болсо дагы жоопкерчиликти мойнуна албаган эне жана алардын эч бир проблемасына чара көрбөгөн атанын балдары ата-энелери бар болсо дагы жетим болуп эсептелет.

Алла Таала мээрим,сезимталдык берип, балдарды тарбиялоону табиятынын бир тарабына айландырган эне, руханий маңызындагы бул мүмкүнчүлүктү балдарын чыныгы инсандык улуулукка чыгаруу жолунда колдонуусу зарыл. Негизинде ал табияты жагынан мугалим жана тарбиячы болуп эсептелет. Анын эң негизги милдети балдарын тарбиялоо болушу керек. “Алла, энени баласынан ажыраткан адамды кыямат күнү сүйүктүүлөрүнөн ажыратат” деп айтылган хадис дагы эненин бала тарбиялоодогу өзгөчө ролун өтө ачык-айкын көрүнүштө баяндоодо.

Эне өз табиятынын талабын аткарып, ата дагы жаратылышынын талабы катары салабаттуу, даанышман жана кылдат болушу зарыл. Ал саясат, мамлекеттик жумуш, соода, дыйканчылык ж.б. иштер менен алек болуу менен бирге табиятынын талабы катары үй-бүлөсүнө карата камкордугун дагы калтырбашы керек. Ооба ал, күчү, чыдамкайлыгы, эрки жана өзгөчө жаратылган жаратылышынын талабына жараша иштерди аткарууга тийиш. Негизинде эзелтеден бери эле ал өзгөчө жоопкерчиликти ийиндеп, токойдон отун алуу, жер айдоо, эгин эгүү жана аны оруп-жыйноо, курулуш жана завод-фабрикалардагы баардык оор иштерди эркек киши жасап келген. Ушундай оор иштерге чыдай ала турган эркек киши өз ордун сактай билип, аялдардын иши менен аялдардай табиятка ээ болуп калбашы керек. Жана ошондой эле аялдарды дагы аларга оор келген иштерге салбашы зарыл.

Эркек адам эрктүүлүктүн, чыдамкайлыктын ээси бирок, мээримдүүлүктүн каарманы боло албайт. Мээрим, эненин эң өзгөчөлөнгөн сыпаты, ал баласын тогуз ай курсагында көтөрүп жүрөт. Аны толгоо кыйынчылыгын тартып, бул дүйнөгө алып келет, канчалаган кыйынчылык, машаакаттар менен аны чоңойтот. Ал ыйласа түн уйкусун бөлүп, бооруна кысат. Табиятынын талабы катары баласы үчүн жанын берүүгө даяр болуп жашайт. Мына ушундай бир тарапта аял, экинчи тарапта эркек бейиштин сарайларын элестеткен үй-бүлө курушуп, ал үй-бүлөнүн жүзүнөн акыретти көрө алышат.

Батышта эркек бир ишканада, аял башка бир ишканада иштейт. Балдар же башканын колунда же бала бакчада. Ырас, эркек дагы аял дагы иштесе, балдар белгилүү өлчөмдө болсо дагы жалгыздыкка ташталат. Андан кийин бул адамдар өздөрүн: “Ал жерде өтө мээримдүү, билимдүү адамдар бар. Балдарды бизге караганда дагы жакшыраак карашат”- деп ишендиришет. Ал эми чындыгында баланын мындан башка дагы каалагандары бар.

Бакчада балдардын кийимдерин убагында алмаштырып, тамагын убагында берип, таза абага алып чыгып сейилдетиши мүмкүн, бирок бул иштерди жасагандар эч бир убакта баланын ата-энеси боло албайт, алар бала өтө муктаж болгон мээримди көрсөтө алышпайт. Мээрим – балага энесинин жүзүнөн байкалган, кучагында сезилген, атасынын камкор көз карашы жана бул нерсе табигый байланыш. Муну бере алышпагандан кийин баланы эч кандай башка нерсе менен канааттандыра албайт.

Ушундай билим очокторуна жана бакчаларга ташталган балдарды мындай кой, шакирт боло турган учурда устанын колуна тапшырылган балдарды ала турган болсок; эгер ал уста ырайымсыз жана катаал болсо, ар дайым орой мамилени көргөн бул балдар, убакыттын өтүшү менен сезимсиз, катаал жана мээримсиз болуп өсүшөт. Алар башкаларга эмес, ата-энелерине карата дагы орой мамиле кылуудан кайра тартпайт. Андай катаал адамдар шакирттик учурунда, ал бейкүнөө балдардын назик жан дүйнөсүнө тийгизген терс таасири тескери натыйжаларды бере турган болсо, бул дүйнөгө келээри менен эле башка бирөөнүн колуна тапшырган балдарыбыз, ал бөтөн колдордо кандай абалга түшөөрүн так айтуу кыйын болсо керек.

Ар дайым Өзүн бизге Мээримдүү жана Ырайымдуу деп тааныткан, Курани Каримде жүз он төрт жолу “Бисмиллахиррахманиррахим” деген улуу сөздө Мээримдүүлүгүн жана Ырайымдуулугун көрсөткөн Алла Таала, ушул ысым жана сыпаттары менен энеге чагылып тургандай болот. Ооба, Алланын Мээримдүүлүгүнүн бир үй-бүлөгө чагылуусун, эненин балдарына көрсөткөн мээрими деп айтууга болот. Бул нерсенин дүйнөдө эч бир нерсе менен салыштырууга болбой турганчалык улуу экендигинде шек жок.

Бир учурларда университетте билим алган, ал гана эмес, магистратура, докторлук жактаган, бирок, террордук уюмдардын колуна түшүп калган кээ бир жаштар болгон жана алар ата-энени ыйлатып, сыздаткан мээримсиз, сезимсиз адамдар болуп чыга келди. Бирок булар сейрек болгондуктан, билим алууну жана билим берүүнү сынга алууга себепчи боло албайт эле. Эч ким өз баласын окко учуп өлсүн же коомчулуктун тынчтыгын бузсун, деп тарбиялабайт;бирок, кээде алардын эч ойго келбеген агымдарга кошулуп кетишин дагы тосо албай калат. Мына ушундай күтүлбөгөн жагымсыз нерселер же болушу ыктымал болгон коркунучтарга каршы ата-эне үйүн коргон сымал колдонуп, балдарынын адеп-ахлактык тарбиясын биринчи орунга коюулары зарыл жана балдарынын жаман жолго түшүп кетүүлөрүнө мүмкүнчүлүк бербеши керек.

Натыйжа катары айтыла турган нерсе, ата-эне, сезимтал, эл-жерин, динин сүйгөн перзент тарбиялоо үчүн зарыл болгон баардык иштерди жасашы керек жана анын зээнинде, жан дүйнөсүндө боштук калып калышына жол бербөөсү шарт. Эгер ата-эне диндар, Куран өкүмдөрүн бекем тутунган, Ислам динин жакшы билген адамдар болсо, балдары дагы, Кудай буйруса, сезимтал болуп өсөт жана элинин келечегин жарытат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.