Үй-бүлө куруунун максаты

Үй-бүлө, кээ бир жазуучулар түшүнгөндөй, бала өндүрүүчү завод эмес. Ал коомчулуктун эң маанилүү бөлүкчөсү жана элдин негизги бөлүкчөсү. Ошол себептен ал инкубатордук машина же дене кумарын кандыруучу нерсе эмес. Ал - ыйык бир түзүлүш. Анын ыйыктыгынын эң көрүнүктүү шарты – нике. Белгилүү принциптердин негизинде, шарияттагы бир келишим менен жуптардын биригиши нике деп аталат. Бул - максаты белгилүү бир келишим. Алла Таала нике принциптерине ылайык келбеген кошулууларды “зынакорлук” деп өкүм берген.

Дин, “нике” деген шариятка ылайык мындай биригүүнү жакшы элдин негизи, пайдубалы деп кабыл алат. Бирок, ошол шариятка ылайык биригүүлөр дагы белгилүү бир максатты көздөйт. Максатсыз үй-бүлө куруу шариятка ылайыктуу чектерди ашып кетиши мүмкүн болгондуктан мусулман адам бул маселеде дагы өтө кылдат болот. Ооба, үй-бүлө куруудагы максат, Алланы жана Анын элчисин ыраазы кыла тургандай бала тарбиялоо болушу керек.

Максатсыз үй-бүлө куруу, ниетсиз кылынган иштер сыяктуу берекетсиз. Максатсыз болгондо кээде динине, ишенимине карабастан, эч тааныбаган бирөөгө дене-бою, туруш-турпатына карап, баш кошуулардын руханий баалуулугу болбогондой эле, көбүнчө түшүнүшпөстүк жана ажырашуулар менен аяктайт. Ошондой эле Куранга ишенген жана ишенбеген, Алла Элчисин тааныган жана тааныбаган эки адам баш кошсо, үй-бүлөлөрдүн ортосунда ыйман жана ыймансыздык жагынан карама-каршы ойлор пайда болсо, диний пикир кагылышуулары болуп, түшүнүшпөстүктөр келип чыгат.

Максаттуу курулган үй-бүлө, жакшылап ойлонулган, сезим менен бирге акыл менен дагы өлчөнгөн үй-бүлө болуп саналат. Үй-бүлө курууда белгилүү бир максат көздөлгөндүктөн, үй-бүлөдө бактылуулук болот. Эч ойлонулбастан, белгилүү максат көздөлбөстөн үй-бүлө куруунун натыйжасында болсо, түрдүү кыйынчылыктар, көйгөйлөр боло берет. Андай үй-бүлөдө, үй-бүлө мүчөлөрү ар дайым бактысыз, кыжаалатчылык ичинде жашайт.

Дин, бир жагынан үй-бүлө курууга уруксат берип, ага үндөсө, экинчи жагынан маселени белгилүү максат менен чектөөдө. Негизинде адам баласынын ар бир ишинде жана кыймыл-аракетинде белгилүү бир максат болушу керек. Эгерде ал бир максат көздөбөсө, иш-аракеттерин жөнгө сала албайт жана эч убакта ийгиликтүү боло албайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.