Кудай эмне үчүн кулдарын бирдей жараткан жок? Кээ бирин сокур, кээ бирин төкөр кылып жаратты?

1. Кудай – мүлктүн ээси. Мүлкүн (жараткан нерселеринде) каала­гандай колдоно алат. Эч ким Ага жана Анын жаратуусуна кийлиги­ше албайт. Сенин денеңдеги атомдорду жараткан, аларды бир жерге топтоп киши кылып жараткан – бул, Кудай. Сен буларды сага белек­ке берген Кудайга андан мурун эч нерсе берген эмессиң.

Эгер сен Кудайга бир нерсе бергениңде, балким «Бир көз эмес, эки көз, бир кол эмес, эки кол бер.» - деп айтууга акың болмок. А бирок сен Ага эч нерсе берген эмессиң.

Алла Таала сени жоктон бар кылган, болгондо да адам катары жа­раткан. Жакшылап карасаң, сенден даражасы ылдый болуп жаратыл­ган көптөгөн макулуктарды көрсөң болот, аларга кандай байлыкка ээ экениңди ойлошуң керек.

2. Кудай кээде адамдын бир бутун алат, бирок акыретте анын орду­на көптөгөн нерселерди берет. Бутун алганда ошол кишиге алсызды­гын, жардылыгын сездирет. Жүрөгүн Өзүнө буруп, сезимдерине Өзү тууралуу түшүнүк берсе, абдан аз бир нерсе алуу аркылуу көп нер­се берген болуп эсептелет. Демек, көрүнүштө болбосо да, негизинен бул Кудайдын белеги. Кудум шейит кылып, бейишти бериши сыяктуу. Киши согушта шейит кетет. Бул шейиттик менен Кудайдын алдын­да сыддыктар, саалихтер суктана тургандай бир даражага ээ болот. Аны көргөндөр «Кудай бизге да согуш майданында шейиттик бер­се, атаганат!» - дешет. Ошондуктан, эгер пенденин бир нерсеси кем болсо, көп нерседен кур калган болуп эсептелбейт, балким көп нер­сеге ээ болот.

Кээде гана кээ бир кишилер бул тууралуу Кудайга таарынып, Аны жаман көрсө да, көбүнчө мындай кишилер Кудайды көбүрөөк эстеп, Ага көбүрөөк ибадат кылат. Бул да сыноонун бир түрү, бул жерде маанилүү болгон нерсе – адам баласынын шүгүр кылышы. Бир буту төкөр болгон киши эки буту жокторго карап шүгүр кылсын, бир ко­лу жок болгондор, эки колу жокторго карасын, Алла Таала бул дүйнө­дө берген жок, демек сөзсүз түрдө тигил дүйнөдө берет, андай учурда пенде тигил дүйнөдөгү сыйлыктарга татыктуу болууга аракетте­ниши керек.