«Алла» сөзү менен «Теңир» сөзүнүн ортосунда кандай айырма бар?

Биздин атабабабыз мусулман болордон мурун бир Жаратканга ишенчү. Балким өздөрүнүн пикири боюнча түрдүү теңирлери бол­со керек. Бирок алар «Теңир» дешкенде, Алла Тааланы максат кы­лып айтышчу. Бул сөз арабчадагы илахтын, французчадагы дионун, фарсчадагы худанын эквиваленти болгон бир сөз. Бирок эч качан Ал­ла Тааланын ысымдарынын топтому, Кудай Тааланын Затынын ата­лышы болгон Алла сөзүнүн эквиваленти эмес. Алла дегенде бардык ааламга чагылган ысымдары менен бир Улуу Зат ойго келет. Алла сөзүнөн ушуну түшүнүүгө болот. Б.а. Ал Маъбуду Мутлак, Халыкы Мутлак, Максуду Мутлак, Раззакы Мутлак, Баарийи Мутлак. Асмаа­ульхуснаны камтыган «Алла» сөзүндө ушундай жалпы маани бар. Ушул себептүү Алланын Затына гана таандык ысымы. Алла деген­де бул Маъбуду Мутлак түшүнүлөт жана Важибуль Вужуд ойго келет. Бирок «Теңир» дегенде гректин оюна Зевс келет. Египеттиктин оюна Апис букасы жана индустун оюна өздөрүнүн уйлары келет... Демек «Теңир» сөзү менен Лафзы Желале болгон Алла сөзү Важибуль Ву­жуддун өзүнө гана таандык ысымы катары бир гана ошол асмаауль­хуснанын ээси Заты Зулжалалды эске салат. Ошондуктан пенде «Те­ңир» деп айтуу менен Алла деп айтууну көздөсө, максатын түшүн­дүрө албай, ката кетирген болот. Теңир илах сөзүнүн ордуна Худаа, Дио жана God’дун ордуна колдонулушу мүмкүн, бирок «Алла» сөзү­нүн ордуна эмес... Алла Алла Тааланын Затына гана таандык ысымы. Ошон үчүн ЛАА ИЛАХА ИЛЛАЛЛАХ дейбиз, бирок «Лаа Аллаха иллаллах» дебейбиз. Оболу илахтар, теңирлер бардыгы жокко чыга­рып, бир гана Алла Тааланын барлыгы тастыкталып айтылат.

Ушул себептен, пенденин оозунан теңир деген сөз чыкканда, дароо каршы чыкпоо керек, ал адамдын максатын кароо керек, Алланын ор­дуна ал маанини колдонгон болсо, сылык түрдө эскертип коюу керек.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.