Кудайга ишенбеген адамга оболу эмнени айтыш керек?

Суроого жооп берерден мурун кээ бир негиздерди аныктап алганы­быз жөн.

Кудайга ишенбегендер ар түрдүү болушат:

1. Ишенүүгө тийиш болгон нерселердин бар экенин ойлобос­тон, кайдыгерликтен пайда болгон ыймансыздык. Бул түрдөгү ый­мансыздар эмне дегенине анча жоопкер болбогон кээ бир акылы тай­кылар, же болбосо, жинденген сезимдерине ээ боло албаган жандар. Буларга ыйманды түшүндүрүү өтө эле кыйын, балким мүмкүн эмес. Булар коомго жараша иш кылышат, өз алдыларынча акыл жүгүртө алышпайт.

2. Ыймандын 6 негизин кабыл кылбагандар.

3. Ыймандын бул негиздерин «жок» - деп эсептегендер, булар байыркы доорлорго караганда учурда өтө эле көп.

Акыркы 2 бөлүмдө ыймансыздыкты:

А) Бардык нерсени материяда издеген жана эч кандай метафизика­лык окуяга ишенбегендер,

Б) Кээ бир метафизикалык жана парапсихологиялык окуяларга ишенгендер деп экиге бөлсөк болот.

Ыймансыздык учурда адам баласынын эң белгилүү сапаты. Бул болсо биздин кылымыбыздын жаштарынын башынан өтүп жаткан стресстердин себептеринин бири.

Ыймансыздык – бул, анархиянын булагы. Адамзат эң бейкутсуз учурларын эң ыймансыз болгон доорлорунда өткөргөн. Ронесанс­тын, Француз революциясынын өкүлдөрү бүткүл дүйнө боюнча ал­гачкы ыймансыздыкты жетектешип, аны бүткүл дүйнөгө жайышкан.

Ыймансыздык ар түрдүү болгону үчүн, аны жоюш үчүн да ар түр­дүү методдорду колдонуу зарыл. Бул методдор ыймансыз адамдын абалына жараша болот, антпесе ыйман тууралуу айтылган нерсе­лер таасирсиз калышы толук ыктымал. Ыймансыздыкка ушундайча «диагноз» койгондон кийин, эми эмнени кандайча айтыш керек, ошо­го токтололу. Оболу төмөнкү негиздерге көңүл буруш керек:

1. Адам ыймансыздыктын кайсы түрүндө? Ыймандын негиз­деринин бардыгынабы, же кээ бирлерине гана ишенбейби? Оболу ушундайча маектештин абалын, анын башка бир ишенимдеби же бул маселеге кайдыгер көз караштабы тактап алуу керек.

2. Ал адамдын маданият деңгээлин аныктап, ошого жараша кайрылуу керек. Маданият деңгээли бир топ эле жогору болгон ки­шиге билими азыраак болгондор эч нерсе түшүндүрө албайт. Өзгөчө учурда менменчилиги өтө эле ашып ташынгандарга бир нерсе айтып түшүндүрүү өтө эле кыйын. Мындай адамдар менен анын деңгээлин­деги адамдардын сүйлөшкөнү оң, ошондо гана талап кылынган мак­сатка жетсе болот.

Маектеш адам түшүнө алган тилде сүйлөө да абдан маанилүү. Учурда көптөгөн ислам жамааттары бар, ар биринин өзүнө тиеше­лүү идеологиялары, окуган китеби, колдонгон терминдери бар. Эгер­де ислам динине чакырган адам өзү колдонгон терминдерди эле сүй­лөп, маектеши аны түшүнөбү, түшүнбөйбү ага көңүл бурбаса, анда эч кандай натыйжа бербей калышы мүмкүн. Андай болсо маектеш кол­донгон терминдерди абдан жакшы билиш керек.

3. Айтыла турган нерсени оболу жакшылап өздөштүрүп алуу - өтө зарыл нерсе. Ошондой берилиши ыктымал болгон суроолорго аб­дан жакшы даярданып, ынандыруучу жоопторду табыш керек. Ант­песе, кичинекей эле бир жаңылыштык бардык нерсени бузуп коюшу мүмкүн.

Мындай абалга себеп болгон адам канчалык ак ниеттүү болсо да жаңылыштыгы чоң болуп эсептелинет. Ким билет, учурда «чала мол­долордун» айынан ыймансыздыкта атайын калган канчалык көп жаштар бар! «Чала молдо дин бузат.» - деген макал бар элибизде, биз буга кошумчалап, «Чала доктур жан алат.» - деп айткыбыз келет. Чы­нында чала молдонун зыяны чала доктурга караганда абдан чоң, се­беби доктурдун билимсиздиги жана кетирген катасы убактылуу мате­риалдык турмушка коркунуч туудурат, ал эми чала молдонун катасы түбөлүк турмуштун талкаланышына себеп берет.

4. Маектештин сөзүн укпастан, өзүнүн оюн бербей, бир жактуу сүйлөө натыйжасыздыкка алып келет. Адам баласын менменсинүүгө түрткөн бул метод зыяндуу. Пенденин көңүлүндө ыймандын орун алып, түнөк табышы – ошол ыйманды жарата турган Кудай Таала­га жакын болууга көз каранды. Кудай ыраазы болобу, болбойбу, аны ойлобостон жүргүзүлгөн талашып-тартышуулар маектешти жеңген­ге жараса да оң таасири тиет деп айта албайбыз. Мындай талашыптартышууга абалтан эле атайын даярданып келишсе, эки тарап бири -бирине душман болуп отуруп, талкуу бүткөндө ачууланган тейден тарап кетишет. Кетип баратканда ынандырылбай калган көңүлдөрү ооруп, дискуссиянын күн тартибинде болгон теманы өз алдынча, өз идеологиясына жараша изилдеп, жоопторун тапкысы келет. Бул бол­со аларды ыйманга эмес, ыймансыздыкка дагы бир кадам коюшуна себеп болот.

5. Сөз сүйлөп жатканда маектештин көңүлүн жибите сүйлөш керек. Ар бир сүйлөм сүйүү менен башталып, сүйүү менен бүтүшү зарыл. Анын ой-пикирлерине каршы айтылган тигил, же бул оройлук бардык нерсени ойрон кылып коюшу мүмкүн.

Муршид (адамдарды туура жолго баштоочу) – оорулууну сөзсүз түрдө айыктырууга аракет кылган ырайымдуу доктур сыяктуу «оору­суна» (маектешине) туура диагноз коюп, анын руханий кыйналуула­рын рухунун тереңинде сезе алган чыныгы каарман инсан. Атүгүл маектешибиздин кыймыл-аракеттерине, маанайына көңүл буруп, өзүбүздү көзөмөлдөп, аны тажаткан нерселерди кайталабашыбыз ке­рек.

Бул жерден төмөнкү маанилүү нерсени эстен чыгарбашыбыз шарт:

Маектешибиз биз менен коштошуп кетип баратканда аны чын ыкы­ластан жакшы көргөнүбүздү билдирген жылмаюубузду сөзсүз тар­туулашыбыз зарыл, ал муну жүрөгүнө сактап, өмүр бою унутпайт. Анан, аны менен экинчи жолу жолуга турганыбызды чын дилден каа­ласак, анда айта турган оюбуздун жарымысынан көбүн айткан болуп эсептелебиз.

6. Маектешибиздин туура эмес ойлорун, баяндарын анын кө­ңүлүнө тийбей тургандай жана аны шылдыңдай турган сөздөрдөн сактануу менен туура жолго багытташыбыбыз керек. Анын ачуусуна тийип, биз эч качан эч нерсе түшүндүрө албайбыз.

7. Кээде мындай Кудайга ишенбеген адамды Кудайга ишенген, интелигент, жүрүм-туруму дурус бирөө менен тааныштыруу миң на­саат сөздөн таасирдүүрөөк болот. Бирок бул жол ар ыймансыз үчүн туура эмес. Ошондуктан ар бир кишиге мүнөзүнө жараша усул кол­донуш керек.

8. Тескерисинче, баскан-турганы жакшы болбогон, беш убак намаз окуса да, ой-пикир дүйнөсү артта калган кишилер менен эч ка­чан байланыштырбаш керек.

9. Аны мезгил мезгили менен угуп, ага сүйлөө мүмкүнчүлүгүн бериш керек. Анын да ой-пикирлерине толеранттуу мамиле жасаш керек.

Негизи исламдын тышындагы ой-пикирлерди угуу рухту жаралап, аруу сезимдерди бузат. Бирок эгерде бул аркылуу киши ыйманга ке­лүү ыктымалы бар болсо, сабыр кылышыбыз керек.

Антпесе, жалаң биз сүйлөп, маектешибиз унчукпаса, мээсине эч нерсе кирбейт. Мындай , ооз көптүрүп, ислам тууралуу көп сүйлө­сө да, эч кимдин туура жолго келишине себеп боло албаган көптөгөн адамдар бар.

Башкалардын сөзүн укпай, жалаң өзүнүкүн сүйлөгөн «оорулар­дын» кулагына күмүш сырга!

10. Сөз сүйлөп жатып, курулай эле бир нерсени айта бербестен мисал келтирип, далилдери менен айтыш керек.

11. Бир суроо тууралуу сөз сүйлөрдөн мурун Кудайдын бар жа­на бир экенин сөзсүз түрдө айтып, далилдеш керек. Эгер мурдараак бул негиздер айтылып, маектештин чындап эле ишенгени байкалса, суроонун жообун берүүгө өтсө болот.

Эгер маектеш Кудайга ишенбесе, анда ал бардык нерсеге ишенбейт. Ошондуктан, Кудай тууралуу, дин тууралуу сөз сүйлөрдөн мурун, Ку­дайдын бар жана бир экенин далилдеп алган оң.

Натыйжа катары мындай демекчибиз, ыймансыз маектештин аба­лын аныктаган соң, жогоруда айтылгандай, оболу ыймандын негиз­дерин далилдер менен айтуу керек. Маектештин көңүлү ыраазы бо­лууга тийиш биринчиден, ошондо гана калган маселелерди айтканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Тескерисинче, «атка эт, итке от (чөп)» берсек, эч бир натыйжа ала албайбыз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.