Алла Тааланы таануунун жолдору кандай?

Кудай жараткан нерселеринен таптакыр башкача болгон Зат. Адам баласы ушул чектүү ааламда дайыма ой жүгүртүүсү, көрүүсү, угуусу да чектелген. Ырас, адамзат бул ааламда миллиондон беш гана бөлүгүн көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Миллиондон бешин гана уга алат. Мисалы, адам бир секундда 40 жолу титиреген үндү уга албайт. Миң жолу титиреген үндөрдү уга албайт. Демек, адамдын үндөрдү кабыл кылуусу чектелген. Анын көрүү жана угуу жөндөмү абдан чектелген. Мынчалык чектүү көргөн, уккан, билген адам баласынын «Кудай эмне үчүн көрүнбөйт? Кандай нерсе?» - деп суроосу орунсуз эмеспи? Кудай Таала бардык кемчиликтерден аруу жана Ал сенин кыска акылың менен өлчөнбөй турганчалык Улук Зат. Адам баласы жарыктын ылдымдыгы менен триллион жыл алдыга кетип, триллион жылдык алыстыктагы нерселерди көрсө, бул Анын жанында микроскопчолук бир нерсе да боло албайт. Биз али Антарктика материгин биле элек жатып, бардык ааламды башкарган Кудайдын кандай экенин каяктан билмекчибиз! Биз Ал тууралуу кандай ойлосок да, Кудай биз ойлогондун эч бирөөнө окшобойт!.

Ыйман маселелерин изилдөөчү аалым: «Оюңа эмне келсе да, Алла андан башка.» дейт. Суфист болсо: «Оюңа эмне келсе, Алла анын сыртынын, сыртынын, сыртында. Сен, ар дайым сени курчап турган пардалардын ортосунда, үстү жабык нерсенин ичинде сыяктуусуң...».

Декарт (Descartes) мындай деген: «Адам баласы бардык жагынан чектүү. Чектүү нерсе чексиз нерсе тууралуу ой жүгүртө албайт. Кудай – чексиз, түбөлүктүү. Ошондуктан чектүү ойлонгон адамзаттын ой жүгүртүүсү Анын барлыгын камтый албайт».

Улуу немис акыны Гёте: «Сени миңдеген ысмың менен айтышат, Оо, Бар Экени Көрүнбөгөн Зат! Миң эмес, миңдеген ысым менен айтсам, сени мактаган болуп саналбайм. Анткени сен бардык жакшы сапаттардан жогорку даражадасың.» - деп, бизге Кудай тууралуу айтууда.

Ойчулдар Алланы бар, бирок биз Анын кандай экендигин биле албайбыз деп айтышат. Алла адам баласы түшүнө ала турган, биле ала турган нерселерден эмес. Көз аны көрө албайт, кулак Аны уга албайт. Андай болсо, сен Ал тууралуу бир гана пайгамбарлардын таалимине баш ийип, ошол жол менен ишенүүгө тийишсиң!.

Алла кантип билинмек эле: Ал барлыктын да, илимдин да алгачкы булагы, алгачкы себеби. Бул жашоодо өмүр сүрүшүбүз Анын нурунун чагылышы, акыл–эс, таанып-билүү Анын илиминин шооласы гана. Ырас, белгилүү бир деңгээлде Алланы таанып-билүүнүн жана илим ээси болуунун жолу бар: бирок бул табийгат жана жаратылышты билүүдөн таптакыр башка нерсе... Туура эмес жол аркылуу Аны таанууга аракет кылгандар напсилеринин менменсинген текебердигин жеңе албагандар: «Алланы издедим, бирок таба албадым.» деп дөөрүп, илим-билим жана философиянын атынан ишенбеген кудайсыздыгын билдирет.

Кандай абалда болсок дагы, Алла Таала өзүнүн бар экендигин бизге сездирет. Ошол сезим, ошол учкун Алланы таануунун негизин түзөт. Ага карабастан биз көп жолу Кудай тарабынан жаралганыбызды танып, жана бул ички сезүүдөн качып, ката жана адашкандыка түшөбүз.

Биз көрүп турган аалам Кудайдын бар экендигин эскертип айтып туруучу миңдеген сөз сымал. Куран кереметтүү баяны менен эң чоң эскертүүчү, Пайгамбарыбыз Алла Тааланы бизге кынтыксыз тааныткан Кудайдын Элчиси.

«Жер-асманга сыйбаймын,
Жүрөктөрдөн гана Өзүмө жай табамын» дейт Алла Таала
Ибрахим Хаккы

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.