Динсиздиктин мынчалык жайылышынын себеби эмнеде?

Динсиздик, натыйжада жокко чыгаруу болгондуктан, жайылып, өнүгүшү көбүнчө жан-дүйнөнүн кыйрашына байланыштуу. Албетте, мындан башка себептерди да айтса болот.

Динсиздик: Алланын барлыгын кабыл кылбоо, атеизм. Ой¬пикир жүргүзүүдө чексиз эркиндик, жүрүм¬турумдардын эч кандай тыюу салууларга баш ийбештиги.

Атеисттик көз караш, жаш муундарга көңүл бурбоо, илим жана илим борборлорун туура эмес жолго колдонуунун натыйжасында өөрчүп¬өнүккөндөй кийинки темаларда билдириле турган негиздерден колдоо таап, жайылууда.

Бир коомдун ичинде динсиздиктин алгачкы жайылган чөйрөсү, өнүккөн атмосферасы – руханий караңгылык өкүм сүргөн чөйрө. Руханий жактан азыктанбаган кишилер акыры динсиздиктин чеңгелине түшөт жана Алланын жардамы болбосо андан кутулушу мүмкүн эмес... Бир эл өз мүчөлөрүнө зарыл ишенимдерди үйрөтпөсө жана бул маселеге кайдыгер караса, ал түркөй жана сабатсыз инсандар ар кандай туура эмес пикирлерди кабыл алып, динсиздикке түртүлөт.

Динсиздик, оболу, ыймандын негиздерине карата кайдыгер кароо абалында пайда болот. Бир аз ой¬пикир эркиндигине ээ болгон бул нерсе динсиздикти колдой турган кичинекей эле бир белги табылып калса, дароо чоңоюп, бутактай баштайт. Каапырдыктын олуттуу жана илимий эч бир себеби жок. Кээде кайдыгерлик, кээде туура эмес баалоо аны пайда кылышы мүмкүн.

Учурда булардын баарына дуушар болгон көптөгөн кишилер бар. Бирок биз булардын ичинен таасири күчтүү болгондоруна гана токтолобуз.

Баса белгилей кетчү нерсе, бул жерде динсиздик менен каапырдыкты жоюуга жана бул тууралуу керектүү болгон далилдерди айтууга акыбыз болбогондуктан, окурман бизден томдор менен баяндалчу нерселерди талап кылбашы керек. Негизи суроо жооп менен мындай терең тема анализ кылынбай турганы маалым. Бул темада жазылган керемет чыгармалар бар болгондуктан, жазыла турган нерселер алардын кайталоосу болуп калат.

Темага кайталы. Учурда ар бири илахий кат болгон заттар жана ар бири кудурет калеминен чыккан кубулуштар: б.а. табият жана анын мыйзамдары динсиздиктин булагы катары көрсөтүлүп, муундар бузулууда. Негизинен, чыгыш менен батышта миңдеген жолу жазылгандай, жаратылыш мыйзамдары айкаштык менен иштеген бир механизм, завод болсо, бул айкаштыкты, бул тартипти жана өндүрүш күчүн кайдан алган? Ыр кайрыктары сыяктуу созолонгон, музыкадай жан дүйнөнү эргиткен табияттын бул мукам үнүн табияттын өзүнө жана кокустуктарга ыйгаруу мүмкүнбү?

Жаратылыш, көпчүлүк ойлогондой, куруучу бир күчкө ээ болсо, анын кантип жаралганын, бул күчтү кайдан алганына түшүндүрмө бере алабызбы? Же «өзүн өзү жаратты» дейбизби? Бул кандай гана жеткен акылсыздык, эч ким ишенбей турган жалган!

Бул акылга сыйбаган пикирдин түпкүрүндө төмөнкүлөр жатат: «Дарак даракты жаратты, тоо тоону, асман асманды». Мындай негизсиз ойлорго «ооба» дей турган эч бир киши чыкпаса керек. Эгер «табият» деп айтканда, түздөн түз жаратылыштагы мыйзамдар максат кылынган болсо, бул да өзүнчө алдануучулук. Анткени мыйзам кийинчерээк пайда болгон өзгөчөлүк. Ал заттын бар болуусуна байланыштуу. Б.а. бир организмдин бүтүндүгүн аны толуктаган бардык бөлүктөрүн бир жерге жыйнабастан, аларга байланыштуу мыйзам түшүнүгүн ойлоо мүмкүн эмес. Башка сөз менен айтканда, мыйзамдар заттын бар болушуна көз каранды. Өсүп¬өнүү мыйзамы бир үрөөн жана данекке; тартылуу күчү телолордун арасындагы түрдүү байланыштарга көз каранды. Мындай мисалдар көп. Демек, заттын пайда болушу мыйзамдарга көз каранды,- деп ойлоо негизсиз. Ошондой эле заттын пайда болушу себептерге байланыштуу. Чынында, миңдеген хикмат менен кылдаттыктарды камтыган бул ааламды эч бир илимий негизи болбогон себептер менен, кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылуу күлкүлүү.

Мюллердин тажрыйбалары себептердин жетишсиздигин жана кокустуктун алсыздыгын жарыялап жатканда, илимдер сүйлөп, илимий өкүмүн берген эле. СССР Химия Институтунун окумуштуусу А.И. Опариндин жетекчилигиндеги 22 жылдык эмгек менен химиялык мыйзамдардын жана реакциялардын барлыкты пайда кылуулары мүмкүн эмес экенин илимпоздор айтып чыгышкан.

Учурда жылдар бою илим жайларында тажрыйбалык (позитивдүү) бир чындык катары окутулган эволюция жана трансформизм жаңы илимий ачылыштар менен генетикага байланыштуу өнүгүүлөрдүн жанында фантазиялык бир теорияга айланып, тарыхка материал болуудан башка эч бир илимий негизи калбай калган. Тилекке каршы, бул жетишсиз маселелер азыр да эмне кыларын билбеген, маданиятсыз, мыйзам¬эрежесиз бечара жаш муунубузду динсиздикке түртүүдө.

Илимий чөйрөнүн мынчалык тактыкка жетишинен кийин, динсиздиктин курулай тежиктик экенин айтсак, аша чапкан болбойбуз. А бирок жаштарыбыз али өзүн толук түшүнө албаганы үчүн, рух дүйнөсү менен бириге албаганы үчүн, жогоруда биз айткан кээ бир фантазиялык ой¬пикирлерди илимий чындыктар деп ойлоп, алдануудан толугу менен кутулду деп эсептелбейт.

Ушул себептен улам, учурда эми чындыкты үйрөнүү жана үйрөтүү сапары ар түрдүү жоопкерчиликтен да жогору турат. Бул улуу милдеттин аткарылбашы коомдо орду толгус жоготууларга алып келет (ансыз деле ошондой болгон). Балким, көптөгөн жылдардан бери тартып келе жаткан чыныгы кыйынчылыктын негизги себеби ушул. Биз акыл менен жүрөктүн биригишине көтөрүлүп, өз ичинде тереңдеген, үйрөтүү ышкысы менен күйүп жанган азаматтардан кур калган бактысыз жандарбыз. Чындыктын үйрөтүүчүлөрү бул уңгулуу адамдык милдетти аткарып, бизди кылымдык азап-тозогубуздан куткарышат деп үмүт кылабыз!

Эми башыбызды көтөрүп, китеп текчелеринде көрсөтүлгөн китептерди жана ал китептер аркылуу бизге айтылган пикирлерди жана адамдарды карайлы. Ошондо көчөдөгү баланын эмне үчүн «апачи» кийимин кийгенин, эмне үчүн Зоррого окшошуп алганын жана кандайча Дон Жуан болуп алганын түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө жетебиз. Мен айткан нерселер чындыкка ишарат кылган бир¬эки мисал. Силер талкалоочу бул элементтердин коомдук жана экономикалык түрдө болгондорун кошконуңарда, төбө чачыңар тик тургузуучу дагы көптөгөн нерселер менен бетме¬бет келесиңер.

Кечээки күндөн учурга чейин адамдарыбыз жакшы таанытылгандарды сүйүп, артынан ээрчиди. Тааныбагандарына чоочун тартып, алыс калды. Эми биздин милдетибиз адашкан жаштарга эмнелерди айта аларыбызды ойлоп, мындан кийин аларды бош калтырбоо жана акыйкат жолун көрсөтүү.

Муундун динсиздикти көздөй түртүлүүсү менен каапырдыктын жайылышында экинчи даражада маанилүү фактор жаштардын табияты. Алардын чексиз эркиндикти каалоолору, тоюуну билбеген араандары жана бош жан¬дүйнөлөрү динсиздикке ыкташууда. Бул ээн баш жан¬дүйнөлөр «бүгүнкү бир тыйынчалык жыргалды эртеңки миңдеген азап тозоктордон артык көрүшкөндүктөн», адамдын боору ооруй турган акыбеттерин даярдоо жолунда шайтан көрсөткөн көптөгөн азгырма жыргалдарга азгырылып, өзүн отко ыргыткан көпөлөктөр сыяктуу учуп барып динсиздикке түшүүдө.

Билбестик, жүрөк менен рухтун азыктанбай калышы сыяктуу негиздер көбөйгөн сайын, материя менен дененин кулу руханий сезимдерди жеңип, бечара жаштар да көңүлдөрүн шайтанга алдырып жиберишүүдө. Ырас, рухтар өлүү, жүрөктөр жарды, акылдар абсурд ичинде болгон абалда динсиздик мажбурдуу түрдө пайда болот. Ыйман, жоопкерчилик сезими, жүрөктү тарбиялоо болсо жаштардын тирүү калышынын эң чоң кепили. Болбосо шайтан адамдын напсисин азгырып, бир коом пастыктан пастыкка түшүп, дайыма багытын жүздөнгөн кыбыласын өзгөртүп, жаңы чыккан ар бир философияны «куткаруучу» катары алкап, ошонун колтугуна кире бермекчи. Эртең менен нигилизмди алкаса, бешимде маркстык¬ленинисттик системаны мактайт, дигерге жакын эгзистенциализмди жактайт, балким кеч киргенде Гитлерге байланыштуу ырларды жактырып ырдашы күтүлөт. Бирок эч качан өзүнүн руханиятына, улуттук маданиятына үңүлүп карабайт.

Ой¬пикир дүйнөсү бузулган мындай муундун напсинин кулдугунан жана шек күмөндөн кутулушу, ой¬пикирде туура нукка түшмөйүн, мүмкүн эмес.

Ошондуктан, жаштарыбызга мусулмандык маданиятыбыздын негиздери үйрөтүлүп, туура пикир берүү - шарт.

«Бул сезимсиздик менен коом жашайт десе, абдан ката,
Бир элди көрсөтчү, өлгөн руханияты менен тирүү калган».
M.A.

Динсиздиктин дагы бир себеби: бардык нерсенин мубах катары кабыл алынышы. Бардык нерсе боло берет деп жол ачуу жана бардык нерседен ыксыз пайдалануу пикири. Дүйнө жакшылыктарынын бардыгынын даамын татуу философиясына таянган бул түшүнүк учурда системалуу түрдө бир философиялык мектепке айланган.

Адам баласын адамдыгынан уялткан жана таштандыга окшогон бул рух пастыгы философиясы «муундарга адамдын чыныгы жагын көрсөткөн» бир ой¬пикир системасы деп таанытылды. Оболу, бүткүл Европа жаштары, андан кийин аларды туураган дүйнө гипноздолгондой бул агымга чуркады. Адамзат коммунизм менен куураган инсандык дарагы аны менен кайрадан жашара тургандыгына ишеништи. Аттиң! Адамзат дагы бир жолу алданып жатканын билген жок.

Мына жаратуучуну кабыл кылуудагы арамдар менен мубахтар ишеними ушунчалык бузулган муундун бардык нерседен лаззат алуу философиясына карамакаршы келгендиктен, ал өзүн динсиздиктин кучагына ыргытып, анда Хасан Саббахтын* жалганчы бейишинде жашоого аракет кылууда.

Келечектин парасаттуу башкаруучуларынын, туура жолго баштаган мугалимдеринин динсиздикти токтотуу үчүн кыла турган иш¬аракеттерине сабак болор деген максатта жогорудагы негиздерди айтып өттүк. Болбосо, абсурддуктун себептери булардан турбайт, ары буга каршы кылынышы керек болгон нерселер айтылган нерселерге гана таандык эмес.

Башталган бул жаңы доордо калкыбыздын өзүнүн сырын өзү ачуусун каалайбыз!

* Хасан Саббах (1124-жылы өлгөн) - Анатолияда бир топ кылмыш иштерин жасаган топтун башында турган каракчы.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.