Алла Таала биздин бул дүйнөдө эмне кыла тургандыгыбызды билет. Буйруктарына баш ийип же ийбей тургандыбызды дагы билет. Анда эмне үчүн бизди сынап, бул дүйнөгө жиберди?

Ырас, Алла Таала биздин эмне кыла тургандыгыбызды билет, муну менен бирге бизди сыноо үчүн, б.а. бизге жүктөлгөн милдеттерге болгон жөндөмдөрүбүздү өркүндөтүшүбүз үчүн бул дүйнөгө жиберген. Ооба, ал бизди жаратаарда кен байлык сыяктуу жараткан: көмүр кени, темир кени, алтын кени, күмүш кени сыяктуу.

Ал муну бардык нерсени жаратып, өнүктүргөн Раббибиз катары жараткан.Чыгармачыл адам кандайча өз жөндөмүн, талантын көрсөтүү аркылуу билинип таанылгысы келсе, так ошондойчо, Алла Таала дагы көптөгөн ысымдары жана алар чагылып турган чыгармалары (жараткан нерселери) менен таанылгысы келет. Өзүнүн түрдүү чыгармаларын адамзатка көрсөтүү үчүн бул дүйнө деп аталган көргөзмөнү ачып, купуя кооздуктарын ачыкка чыгарган.

Дагы тагыраак айтканда, көмүр кенинде Алланын ысымдары кандайча чагылып көрүнүүдө, темирде, алтында, күмүштө кандайча өзүн көрсөтүүдө, анан адам баласынын кийлигишүүсү аркылуу иштетилген алтында, күмүштө жана темирде кандай чагылууда. Дагы бир аз иштетилүү менен көмүр алмазга айланганда Жаратуучунун ысымынын чагылганын көрөбүз, мына ошого көңүл бурдуруу үчүн түрдүү даражаларда жана этаптарда ысымдарынын чагылууларын көрсөтүп, өзүн даана таанышыбыз үчүн мүмкүнчүлүк түзүүдө. Ырас, бардык нерсени жараткан – Ал Өзү. Ал баардык нерсени жаратып, аларды миңдеген түрдүү жемиш бердирет.

Жаратуучунун ушул сыноосунун арты менен инсандар тазарып, бейишке ылайык абалга келет. Тактап айтканда, кендер алтынга, алмазга жана күмүшкө айланат. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) хадисинде мындай деген: «Адамдар кен сыяктуу. Жахилийада (Исламдан мурунку учур) жакшы болгон, Исламда да жакшы».

Тагыраак айтсак, жахилийада намыстуу болгон Умар исламда да улук, токтоо, салабаттуу, күчтүү. Жахилийат доорунда катаал, каалаганын жасаткан, исламда болсо ушунчалык кичипейил, бирок каапырларга, бузукуларга карата катаал жана айбаттуу Умар! Жахилийада кен катары кандай болсо, исламда да ошондой. Ошондуктан ордунда жөн турбаган, жандуу, алдуу-күчтүү кишилерди көргөнүбүздө ичибизден мусулман болушун тилешибиз керек... Анткени жахилийада (мусулман болуштан мурун) ар-намыстуу болгон исламга киргенден кийин да ар-намыстуу болот.

Ислам дини инсанды кенди эритип иштеткендей сыяктуу ийлейт, сом алтынга айландырат. Сахабалар ушундай сом алтынга айланышкан. Кийинкилердин сапаты түшө баштаган. Жыйырманчы кылымда эң төмөн даражага чейин түшүп кеткен.

Демек, биз дүйнөдө тазарышыбыз үчүн сыналуудабыз. Кудай биздин кандай жол аркылуу тазарышыбызды билгендиги үчүн, бизди сыноодо. Кудай сактасын, Ал билбеген нерсесин бизден билүү үчүн эмес. Тагыраак айтсак, биз өзүбүзчө сыналуудабыз.

Ырас, биз темир болсок темир болуу, алтын болсок алтын болуу жолундабыз, биз бул үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз, ушундайча Кудайдын эзелде билген нерсесинин жүзөгө ашышына себеп болобуз. Биз өзүбүздү өзүбүз сынап, Анын алдына өз турпатыбыз менен келебиз. Куран айткандай, «Ошол күнү алардын колдору, буттары, - буга кошсок - көздөрү, тилдери аларга каршы күбөлүк берет». Сен да муну билсең, өзүң менен өзүң сыналып жатканыңды түшүнөсүң. Кудай сенин абалыңды билиш үчүн сынап жаткан жери жок. Тескерисинче, сенин абалыңды өзүңө сага көрсөтүүдө жана сени өзүң менен сыноодо.

Бардык нерсенин эң туурасын Алла Таала гана билет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.