Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммеддин (САВ) көп аял алышын сынга алышууда. Ушул тууралуу айтып берсеңиз?

Оболу айта кетчү нерсе, бул тууралуу өйдө-төмөн сүйлөгөндөр эч нерсе окубаган жана ой-жүгүртпөгөн адамдар. Эгер пайгамбарыбыздын өмүр-баянын бир аз болсо да маани берип окуп коюшканда, өз абройлорун төмөн түшүрө турган мындай суроолорду беришмек эмес.

Ушул суроону бул убакытка чейин, беш-алты жерде менден сурашты. Мен ар жолкусунда аздыр-көптүр бир нерселерди айтууга аракет кылдым. Бул жолу дагы ошолордон эсимде калгандарын кайталап, айтып өтөйүн.

Пайгамбарлар Султаны Азирети Мухаммеддин (саллаллоху алехи васаллам) үй-бүлө куруусунун көп түрдүү жактары бар: атап айтканда Анын өзүнө тиешелүү болгон себептер, жалпысынан үй-бүлө куруусунда көздөлгөн негизги максаттар; бир канча зарылчылыктар жана ал үйлөнгөн аялдардын өзгөчө абалдарына жараша себептер... Эми катары менен ушул себептерди талдоого алалы.

Оболу, анын жеке кишилигине тиешелүү жагын карайлы. Баарынан мурун биле турган нерсе, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) 25 жашка чейин такыр үйлөнгөн эмес. Ошол климаты ысык өлкөнүн өзгөчө абалы дагы назарга алынса, 25ке чейин моралдык аруулугун сактоо менен жашашы жана мунун кечээ да, бүгүн да бардыгы тарабынан кабыл кылынышы – Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) турмушунда намыстын эң маанилүү негиз болушун жана эркинин абдан күчтүү болуп, напсисине ээлик кылгандыгын көрсөтөт. Эгерде бул темада кичинекей эле бир жаза таюу болгондо, Анын кечээки жана бүгүнкү душмандары муну ааламга жаюудан кайра тартышмак эмес. Ал эми мурдагы жана азыркы душмандары Ага жалган жалаа жабышса да, бул темада эч нерсе айууга батына алышкан эмес.

Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) өмүрүндө биринчи жолу 25 жашында үйлөнгөн, бирок өзүнөн 15 жаш улуу бир жесир аял менен баш кошкон. Бул бактылуу үй-бүлө турмушу туура 23 жылга созулуп, пайгамбарлыгынын сегизинчи жылы аялынын түбөлүк дүйнөгө сапар тартышы менен аяктаган. Бул жолу пайгамбарыбыз 25 жашына чейин кандай жалгыз болсо, ошондой жалгыз калган. Үй-бүлө, бала-бакыра болуп 23 жыл бактылуу турмуш сүргөндөн кийин 4-5 жыл бойдок жашаган, жашы болсо элүү үчкө келген эле.

Жыныстык катнаш жалпысынан солгундай баштаган бул жаштан кийинки үй-бүлө куруулардан шахавийликти (өз напсисине ээ боло албоочулук) издөө ынсапка да, акылга да жатпайт.

Бул жерде ойго келген дагы бир маселе бар:

1. Оболу, төмөнкү нерсени билип алуу керек: ушуга окшош суроолорду берип жаткандар эч бир дин жана эреже кабыл кылбагандар. Алардын мындай бир нерсени сынга алууга таптакыр акысы жок. Анткени алар, каалаган эрежесине баш ийип, каалабаганына баш ийишпейт. Булар өздөрү көп аялдар менен байланыш курушат, а түгүл махрамдары (никеге турууга болбой турган жакын туугандары) менен жыныстык байланыш куруудан баш тартышпайт. Же булар христиан жана жөөт сыяктуу ахли китаптар (Кудай китеп жөнөткөн элдер). Булардын пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи васаллам) кылган ынсапсыз чабуулдары алардын өздөрүнүн зыянына гана болот. Анткени өздөрү кабыл кылган Инжил (Библия) менен Тооратта эчен эчен пайгамбарлар бар: булар да көп аял менен никеге турган. Алардын китептериндеги Сулайман жана Давуд Пайгамбар тууралуу ойлосок, маселе түшүнүктүү болот. Анткени алар дагы көп аял менен никелешишкен. Ошондуктан, көп аял алууну Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммед (саллаллоху алейхи васаллам) баштабагандай эле, пайгамбарлыкка дагы тескери келе турган нерсе эмес.

Ооба, көп аял менен никеге туруу, өзгөчө, өкүмдөрдү алып келген бир пайгамбар үчүн абдан зарыл болгон нерсе. Анткени диндин үй-бүлө махрамияты (ачыктан ачык айтууга болбогон жашыруун негиздер) ичинде болгон көптөгөн жактары бар, аны билүүгө жалгыз никеге турган аялы гана ылайык. Ошондуктан, диндин бул жактарын элге түшүндүрүш үчүн шарият илимин билген мугалим аялдарга муктаждык болгон.

Мына, баарынан мурун Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) үйүндөгү бул таза жана пакиза аялдар аялзат дүйнөсүнө исламды үйрөтүш үчүн жоопкер болуулары менен бирге пайгамбар үчүн да, пайгамбарлык үчүн да, аялзаты дүйнөсү үчүн да абдан зарыл.

2. Экинчи нерсе жалпы мааниде Пайгамбарыбыздын зайыптарына тиешелүү абал:

а) Зайыптарынын арасында улгайган, жашы ортолоп калган жана жаштары болгону үчүн ар бир жаштын өзгөчө абалы (аялзатка тиешелүү) болот жана буларга карата түрдүү диний өкүмдөр берилиши керек. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) үйүндө жашаган зайыптары аркылуу бул диний өкүмдөр жүзөгө ашкан.

б) Зайыптарынын ар бири түрдүү уруу жана улутка таандык болгону үчүн, эң оболу Пайгамбарыбыз зайыптары аркылуу түрдүү уруулар менен туугандык байланыш түзгөн. Ал учурда уруучулук өкүм сүрүп тургандыктан, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) уруучулук байланыш аркылуу да исламдын жайылышына шарт түзүлгөн. Зайыптарынын уруулары Аны өздөрүнүн жакыны катары сезип, диндин ортомчулугунда болгон байланыш менен бирге күйөө баласы катары Аны өзгөчө урматташчу.

в) Түрдүү уруудан алган ар бир аялы Анын көзүнүн тирүүсүндө жана көзү өткөндөн кийин да өз жамаатына абдан маанилүү кызмат өтөп, алыскы-жакынкы бардык туугандарына Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) баардык жактары тууралуу маалымат берген. Бул маалымат аркылуу зайыптарынын теги болгон ар бир уруунун аялдары да, эркектери да Куранды, хадисти, тафсирди андан үйрөнүп, динди толугу менен кабылдашты.

г) Бул үй-бүлө куруулар аркылуу Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) дээрлик жалпы арап жарым аралына туугандык жакындыкта болду. Мындан сырткары, ошол уруулардын ар бири Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) алардын күйөө балдары болгону үчүн аны өздөрүнө жакын сезишип, сыймыктанышчу. Махзум уулдары Умму Салама (РА) аркылуу, амавийлер Умму Хабиба (РА) аркылуу, хашимийлер Зейнеп бинти Жахш (РА) аркылуу өздөрүн Ага жакын деп эсептеп, бактылуу сезишчү.

Бул жерге чейин жалпы зайыптары тууралуу кеп козголду, азыр болсо ар бир зайыбын жекече карап чыгалы:

I. Биринчи жубайы – сеййидетинаа – Азирети Хадижа. Өзүнөн 15 жаш улуу бул аял менен курулган үй-бүлөлүк турмушу ар бир үй-бүлө үчүн үлгү боло тургандай сапатка ээ. Ал бүткүл өмүр бою бул зайыбына берилген бойдон калуу менен бирге анын көзү өтүп кеткенден кийин да аны эч качан унуткан эмес, мүмкүнчүлүк пайда болору менен ал тууралуу дайыма эскерчү.

Азирети Хадижадан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) 4-5 жыл такыр үйлөнгөн эмес. Энесиз калган балдарына эне да, ата да болгон. Каапырлар айткандай аялдарга дене кумары үчүн үйлөнгөн болсо, ушундай кылмак беле?

II. Кезеги менен эсептебесек да, экинчи зайыбы – Азирети Айша. Эң жакын досунун кызы. Ачуу-таттуу бардык күндөрүн бирге өткөргөн бул улуу инсанга Пайгамбардын сыйы... Балдары дүйнөдөн кайткандан кийин, дайыма жанында болгон Азирети Айша менен атасы Азирети Абу Бакир бардык тараптан Аны колдоп, ага жакын болушкан.

Мындан сырткары, Азирети Айша абдан зээндүү, пайгамбарыбызга берилген ыйык милдетти алып кетүүгө толук мураскор боло ала тургандай мүнөзү бар болчу. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) көзү өтүп кеткенден кийин кылган кызматы аркылуу биз анын эң улуу хадисчи, эң сонун тафсирчи жана ислам мыйзамдарын эң жакшы билген, Азирети Мухаммеддин (саллаллоху алейхи васаллам) ички дүйнөсүн жана анын кыймыл-аракеттерин коомго кемчиликсиз түрдө чагылдырган улуу инсан экенин билебиз. Али ак-караны ажырата электе эле Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) үйүндө чоңойгон, ушундайча ал Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) зайыбы да, шакирти да болгон.

III. Кайра эле, кезеги менен эсептебесек да, Анын үчүнчү зайыбы – Умму Салама (РА). Бул урматтуу аялдын теги Махзум уулдары. Ал алгачкы мусулмандардан болгон. Меккеден запкы жеп, оболу Хабашистанга (Эфиопия), андан кийин Мадинага хижрат кылган.

Өзү менен бирге бул узун жана түйшүктүү жолго чыдаган күйөөсү да бар эле. Умму Саламанын (РА) назарында күйөөсүнө теңдеш эч ким жок болчу. Мусулмандар запкы тарткан исламдын алгачкы мезгилинде бардык кыйынчылыктарды башынан бирге өткөргөн бул теңдешсиз өмүрлүк жубайынан Мадинада ажырагандан кийин, жетим балдары менен жападан-жалгыз калган. Киндик кан тамган жеринен узак жүргөн бул аялга биринчилерден болуп мээримдүүлүк колун Абу Бакир менен Умар (РА) сунган, бирок ал бул сунуштарды кабылдаган эмес, анткени анын ою боюнча Абу Саламанын (Умму Саламанын күйөөсү) ордун булар толтура алышмак эмес.

Акыры Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) үйлөнүү сунушун киргизген. Бул үйлөнүү абдан табигый көрүнүш болчу, анткени ислам жана ыйман үчүн эч нерсесин аябаган бул куттуу аял арабдардын ак сөөктөрүнүн арасында бир топ жашагандан кийин жалгыз калган эле. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) сунуш кылаарда мына ушуларды ойлогон. Ырас, жаш кезинен бери эле багар-көрөрү жокторду коргоо, жетимдерге камкордук кылуу ишин ошол доордун шарттарына жараша жүзөгө ашырган.

Умму Салама да Азирети Айша сыяктуу өзгөчө зээндүү-зирек аял болчу. Анын да мугалим болуу жөндөмү бар эле. Бир жактан мээримдүү колдун коргоосуна кирип, бир жактан аялдардын дүйнөсүн пайгамбарыбыздан (саллаллоху алейхи васаллам) ала турган илими аркылуу нурдандыра турган шакирти болду.

Болбосо, 60 жашка жакындап калган Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бир нече балдары болгон бир жесир аял менен үйлөнүп, көптөгөн милдеттерин мойнуна алышын башка кандайча түшүнүүгө болот? Кантип анан пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) дене кумарына ээ боло албаган деп айыптоого дити барышат?

IV. Дагы бир зайыбынын аты – Умму Хабиба (Абу Суфьяндын кызы). Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) учурунда белгилүү бир убакытка чейин каапырларды жетектеген бирөөнүн кызы. Бул да биринчи мусулман болгондордон эле. Мусулмандар кыйынчылык тарткан биринчи этапты башынан өткөрүүсү, Хабашистанга көчүүсү, анан күйөөсүнүн өлүмү...

Ошол кезде сахабалар саны жагынан аз, экономикалык жактан алсыз эле. Башка бирөөгө карай турган мүмкүнчүлүктөрү жок болчу. Андай болсо, Умму Хабиба эмне кылмакчы эле, же христиан динин кабылдап, христиандардан жардам көрмөк, же болбосо каапыр атасына кайтмак, же болбосо үймө-үй кыдырып тиленмек. Бул динди эң сонун тутунган, тукуму жагынан үстөм болгон, үй-бүлө жагынан эң бай аял булардын эч бирин кыла алмак эмес. Бир гана вариант бар болчу, бул – Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) кийлигишүүсү...

Мына, Умму Хабибаны аялдыкка алуу менен бирге ушул сооптуу иш жүзөгө ашкан. Дини үчүн колунан келген баардык нерсени аткарган бул аял ата-журтунан алыс, башка элде, күйөөсү кайтыш болгон убактарда Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) менен никесинин кыйылышы – ошол учурда эң табигый окуя болчу. Бул үчүн пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) сынга алуунун ордуна, Аны алкаш керек.

Ошол эле учурда, бул нике аркылуу Абу Суфьяндын үй-бүлөсү да Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) үйүнө чоочуркабастан киргенге мүмкүнчүлүк таап, ортолорундагы абал бир аз жумшарган. Жалгыз гана Абу Суфьяндын үй-бүлөсү эмес, бүткүл амавийлерге оң таасирин тийгизген. Атүгүл исламга абдан терс көз-карашта болгон бул үй-бүлө Умму Хабибанын никеси аркылуу жумшарып, бардык кайырдуу нерселерди кабыл кылууга даяр абалга келген.

V. Пайгамбарыбыздын (САВ) куттуу үйүнүн киргендердин дагы бирөө – Зейнеп бинти Жахш (РА). Өзгөчө зээндүү зирек, жагымдуу кулк-мүнөзгө ээ болгон Азирети Зейнеп (РА) Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) жакын тууганы жана Анын көз алдында чоңойгон аял болчу. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) аны Зайд (РА) үчүн сураганда, үй-бүлөсү ичтеринен каршы чыгышкан, аны Пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи васаллам) ылайык көрүшкөн. Акыры Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) сурангандыгы үчүн, Зайд бин Харисага беришкен.

Зайд мурда эркиндигинен ажыраган кул болчу, кийинчерээк Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) тарабынан кайрадан азаттыкка чыккан. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бул нике аркылуу эмнени далилдегиси келген? Ал бул нике аркылуу адамдардын ортосундагы теңдикти орноткусу келген. Бирок Зейнеп бул никени улантып кете алган эмес. Бул нике Зайдка дагы кыйноодон башка эч нерсе алып келген эмес.

Акыры ажырашышкан, бирок Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бул үй-бүлөнүн уланышын каалаган. Так ошол учурда Жабрайил Периште келип, Зейнеп менен Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) үйлөнүшүн Кудай буйрук кылганын кабарлаган. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) абдан оор абалда калган, анткени андан ошол күнгө чейин тамыр алып калган каада-салтка каршы иш талап кылынган эле. Бирок буйрук деген буйрук, бул буйрукту аткарбашка чарасы жок болчу. Акыры, кыйын болсо да Кудайдын буйругун аткарган. Азирети Айша айткандай, эгерде келген вахийди жашырууга уруксаат берилгенде Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) Зейнеп менен үйлөнүүгө буйрук берген аяттарды жашырмак. Ырас, бул нике пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи васаллам) болуп көрбөгөндөй оор келген.

Кудай болсо бул таза жана улуу аялды Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) үйүнө киргизип, илим жана ирфанга (ыйман жана Куран негиздерине ээ болуу) ээ болуп, аны элге жаюу үчүн милдеттендиргиси келген.

VI. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) куттуу үйүнө зайып, ошондой эле шакирт катары киргендердин бири – Жувайрия бинтуль Харис. Мусулман боло электе уруусу мусулмандар тарабынан колго түшүрүлүп, аял-эркектердин баары туткунга алынган. Сарайга тиешелүү бул аял Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) алдына алынып келгенде анын көкүрөгү жек көрүүгө толо эле.

Мына ошол учурда өзгөчө акыл жүргүзүүгө ээ болгон Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бул маселени оңой эле чечкен.

Жувайрияга никени сунуш кылганда ал кабыл кылып, момундардын энеси деген даражага жогорулаган. Анан Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) «Пайгамбардын жакындары туткунга алынбайт.» - деп, колдорундагы туткундарды эркиндикке чыгарганда, Жувайрия да, уруусу да абдан ыраазы болушкан.

Ошентип, Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) 60 жашында никелери аркылуу ушундай маселелерди бат эле чечип, согуш чыгып кете турган жерде тынчтыкты орноткон.

VII. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) зайыптарынын бири – Сафиййа бинти Хувай. Хайбар эмирлеринин биринин кызы. Атактуу Хайбар согушунда атасы, бир тууганы жана күйөөсү өлтүрүлүп, уруусу туткунга алынган эле. Сафиййа болсо өч алгысы келип, ичи күйүп жаткан. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) никеси сунуш кылынып, эгер кабыл кылса момундардан урмат-сый көрөрү айтылганда, Сафиййа бардыгын унутуп, Пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи васаллам) зайып болгону үчүн сыймыктана баштаган.

Мындан тышкары Азирети Сафиййа аркылуу көптөгөн жөөттөр Пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) өздөрүнүн жакыны катары сезе башташкан. Бир нерседен көп нерсени, көп нерседен бир нерсени жараткан Кудай Таала Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) бардык никелеринде болгондой эле, бул никеде да кайырдуу бир иш кылган.

VIII. Бактылуу зайыптардын дагы бири – Савда. Исламдын алгачкы этабында мусулман болгон, күйөөсү менен Хабашистанга көчкөн жана күйөөсү кайтыш болуп, жесир калган.

Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бул аялдын да жаралуу жүрөгүн айыктырган, ага никесин сунуш кылып, аны оор абалдан куткарган. Ансыз деле жалгыз Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) никесинде болууну гана каалаган бул улуу аял дүйнөдөн эч нерсе каалаган эмес.

Мына ушул никелердин бардыгында ушундай пайда жана кайыр болгону үчүн Пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) эч качан дене кумары үчүн гана үйлөнгөн деп айтуу туура эмес.

Булардан башка, мынчалык аялдын жашай турган турак-жайын, жей турган тамак-ашын, кийим-кече сыяктуу муктаждыктарын эң адилеттүү түрдө бөлүштүрүп, алар менен болгон мамилесинде кара кылды как жаргандай калыстык кылышы, ортолорунда болушу мүмкүн болгон жамандыктардын алдын алуусу, пайда болгон маселелерди жеңилдик менен чечүүсү - Бернард Шоу айткандай «Эң чоң проблемаларды кофе ичип отургандай, оңой чечкен»

Дагы бир орчундуу маселе бар бул - мусулман үммөтүнө көп аял алууда чектелүү сан менен бекитилген болсо ал эми пайгамбарыбыздын аялдарынын андан көп болушу. Бул жекече пайгамбарга гана тиешелүү буйрук. Ырас, биз билген жана билбеген көптөгөн пайдаларды жана даанышман сырларды ичине камтыган жекече мыйзам. Бир убакытка чейин буга уруксаат берилген, андан кийин чек коюлган жана үйлөнүүгө тыюу салынган.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.