Ислам дини Алла Таала тарабынан адамзаттын пайдасы үчүн жиберилгендигине эч кандай шек күмөн жок. Андай болсо, бул дин кулчулукка кантип уруксат берүүдө?
Бул негиздин тарыхый, коомдук жана психологиялык өңүттөрү бар.
Оболу, кулчулук, кул ээлөөчүлүк дегенде ачуубузду келтирген нерсенин эски жана жаңы кээ бир себептерин айта кетели:
1) Тарыхый материализмдин тарых менен дүйнөгө болгон көз карашы, тактап айтсак, кожоюн-жумушчу, бай-кедей, эзилген-эзген сыяктуу ой-пикирлер... Анан коомдун өнүгүшү ичинде табият жана жаратылыш, кулчулук жана туткунчулук, кийинчерээк жумуш жасоо жана адилеттүү болбогон акы төлөө сыяктуу негиздер жеке кызыкчылыкка пайдаланылды.
2) Тарыхтын байыркы доорлорунда, өзгөчө Римде жана Египетте кулдарга жасалган зулумдуктар көкүрөгүбүздө аларга карата жек көрүүнү пайда кылат. Ошол себептүү кылымдар өткөндөн кийин болсо да, кулдардын пирамидаларды (фараондор жаткан күмбөз) куруу үчүн таш ташыганын, саман сыяктуу таштардын арасына коюлганын, заалим башкаруучулардын көңүлүн ачуу үчүн, ареналарда арстандар менен согушканы тууралуу окуп, укканыбызда, кул ээлөөчүлүктү да, кул ээлөөчүлөрдү да жек көрөбүз.
3) Жакынкы тарыхта туткундарга жасалган адамгерчиликсиз мамиле баардык абийирдүү адамдарды ачууландыргандай эле биздин да ачуубузду келтирген.
Мына ушул себептерден улам биздин муун кул ээлөөчүлүктү жек көрүп, аны жактаган системаларга душман болгон. Бул ой-пикирде кул ээлөөчүлүккө каршы чыгуу туптуура. Бирок исламды сынга алуу чоң адилетсиздик. Анткени бул кул ээлөөчүлүк менен исламдагы кулчулуктун айырмасы асман менен жердей.
Кулчулук согуш аркылуу пайда болот жана кээ бирлери тарабынан уланат. Рим империясы дайыма жыргал турмуш сүргүсү келген мамлекет болчу. Кийимдердин эң мыктысын кийип, дасторкондорун дүр-дүйнө тамак-ашты жайышып, адам баласы уяла турган кылык-жоруктарды жасоо менен айбанча жашашчу эле. Бул ысырапкерчиликтин уланышы үчүн бүтпөс-түгөнбөс байлык, согуштан түшө турган олжо, туткундар керек болчу. Римдиктер ушундай максат менен согушуп, колония түзүшкөн жана бул жол аркылуу дүйнөгө өкүмдарлыгын орноткусу келген.
Мусулмандар Египетти жеңип алышканда өтө жийиркеничтүү абалдарга күбө болушкан. Буюм-тайым сатылган соода базарлары сыяктуу кул базарлары... Аял-эркек жылаңаяк-жылаңбаш болуп ошол базарларга алынып келип, кардарларга көрсөтүлүшү... Кечкисин базардан кайтканда кир жана сыз жерлерге камалышы... Атүгүл ошол жерден да жандарын тынч койбошу... Жүзгө жакын кулдун бир бөлмөгө тыгылышы мусулмандар көрбөгөн, билбеген нерселер болчу. Алар бул нерсеге абдан кайгырышкан. Мусулмандар жеңип алган бардык жерлерге исламдын негиздерин орнотсо, батыштыктар байыркы Рим жана Египеттин ошол жийиркеничтүү мурасын алышкан. Батыштыктардын түшүнүгү боюнча кул алардын көңүлүн көтөрүш үчүн согушуп, өлүшү жана өлтүрүшү керек болчу.
Ислам оболу муну бир адат катары карады. Анан кулдардын сатыла турган мал жана көңүл ачуучу буюм эмес экенин эскертип, алардын да инсан экендерине көңүлдөрдү бурду: «Бириңер – бириңерденсиңер» (тагыраак айтканда, баарыңардын өзөгүңөр-негизиңер бир) (Ниса/25). «Ким кулун өлтүрсө, аны өлтүргүлө, ким аны капаска камап, же болбосо тамак-аш бербей койсо, аны да камап, тамак бербей коёбуз» (Бухарий, Муслим, Тирмизий) сыяктуу Кудайдын буйруктарын жарыялап, көз-караштарды оңдоп, туура эмес жолдун алдын алган.
«Силер Адам атанын уулдарысыңар. Адам болсо топурактан» (Муслим). «Билгиле, арабдын араб эмеске, араб эместин да арабга, актын карага, каранын акка үстөмдүгү жок. Улуулук такыбаалыкта» Тактап айтканда, бардык үстөмдүк менен жакшылык Жараткандын адамга болгон оюна жана адамдын бул боюнча мамилесин оңдоосуна байланыштуу. Исламдын бул жумшак атмосферасы аркылуу өмүр бою кул болуп келгендер дайыма ээлеринен кордук көрүп келген. Азирети Умар (РА): Билал биздин мырзабыз, аны Абу Бакр мырза эркиндике чыгарды деп айткан экен. «Билалды Абу Бакир эркиндикке чыгарды» - дегенде жогорудагыны айткан. Ислам аларды да боордош катары карап: «Кызматчы менен кулдарыңар – силердин боордошуңар. Боордош болгондон кийин жеген тамагыңардан жедиргиле, кийгениңерден кийдиргиле. Алардын колунан келбей турган ишти буйруп, аларга жүктөбөгүлө. Эгер кыйын иштерди кылдыра турган болсоңор, аларга өзүңөр да жардам бергиле» (Бухарий). «Эч кимиңер «Бул менин кулум, күңүм.» - дебегиле. «Кызым, же уулум, же болбосо бир тууганым.» - дегиле» (Муслим, Абу Давуд). Бул хадистин урматына Азирети Умар (РА) Иерусалимдеги Масжидуль Аксаны алыш үчүн келаткан жолдо кызматчысы менен унааны алмак-салмак минип келишкен.
Азирети Усман (РА) мамлекет башчысы болгон доордо кулунун кулагын чойгон кишинин кулагын ошол кулуна элдин көзүнчө чойдурган. Абу Зар (РА) сатып алган кийиминен кызматчысына дагы кийдирген.
Ислам дини кулдарга жогорудагыдай мамиле кылууну үйрөтүү менен алардын дагы инсан экендигине көңүлдөрдү бурган. Азирети Мухаммед (саллаллоху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз айткан бул хадис дүйнөдөгү бүткүл кулдар үчүн адам ишенгис жомоктой нерсе эле. Анткени ошол учурдагы элдер жана мамлекеттер кулдун укугу тууралуу ойлоп да коюшкан эмес, тескерисинче ареналарда кулдарды арстандар менен уруштуруп, иш учурунда камчы менен сабап, аларды шылдыңга алып турушкан.
Бул оң жана пайдалуу мамиле кулдарга абдан таасирин тийгизген. Кул теңчиликтин мыйзамы аркылуу эркиндикке жетип, бош калтырылганына карабастан ээсинен ажырагысы келген эмес. Зайд бин Хариса менен башталган бул абал андан ары уланган. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) Зайдды азаттыкка чыгарып, атасынын колуна тапшырганда, ал Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) жанында калууну тандаган. Андан кийин көптөгөн кулдар Зайддын кылганын кылышкан. Анткени алар абдан жакшы мамиле көрүшкөн, өздөрүн ээлеринин үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү катары сезишкен. Ээлери да аларды өз балдарындай кабылдап, алардын укугун тебелебешке аракеттенишкен. Ээлери чынында башкача мамиле кыла алышмак эмес, анткени ислам койгон принцип бир топ күчтүү болчу: «Ким кулун өлтүрсө, аны өлтүргүлө, ким кулун камап, же тамак бербей койсо, аны да камап, тамак бербей коёбуз» (Бухарий, Муслим). Бул принципке кожоюн этият мамиле жасаган, кул болсо бейкапар жашаган. Булардын бардыгы тарыхта теңдеши жок окуялар болчу. Бул исламдагы кулчулуктун биринчи этабы болчу.
Экинчи этап – кулду азаттыкка чыгаруу маселеси. Адам баласы негизинде эркин. Эркин кишини кулга айлантуу – чоң күнөө жана бул аркылуу түшкөн пайданы колдонуу – арам. Эркиндикке коюлган бардык бөгөттөр исламда сынга алынат, ал эми эркиндикке кызмат кылган ар бир нерсе жакталат. Бир кулду жарым азаттыкка чыгаруу – аны азаттыкка чыгаргандын денесинин жарымын кабыр азабынан куткарат, бир кулду толугу менен азаттыкка чыгарган адам акыретте денеси толугу менен азаптан куткарылат. Исламда кулдарды азаттыкка чыгаруу жарышы башталган. Ислам орду келгенде аны милдет катары көрөт, орду келгенде жакшылык катары көрөт жана кээ бир учурда кул менен кожоюнунун ортосундагы мамилерди жакшыртат.
Бул темада кылынган ар бир аракет исламдын келиши менен башталган жана уланып кете берген. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) жана Азирети Абу Бакирдин (РА) кул алып, аны азаттыкка чыгаруу туурасында жасаган иш-аракеттери жана бул үчүн сарптаган байлыктары бардыгына маалым.
Оболу жеке менчик мал-байлыктар аркылуу жүргүзүлгөн бул иш-аракеттер кийинчерээк мамлекет тарабынан жүзөгө ашырыла баштаган. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) он кишиге окуп-жазууну үйрөткөн туткунду эркиндикке чыгарган, муну болсо ошол материалдык жетишсиздик учурунда ишке ашырган.
Кийинки этап Умар бин Абдулазиз доорунда зекеттин бир түрү катары кул жана туткундарды азаттыкка чыгаруу аркылуу уланган. Булардан башка кээ бир диний милдеттердеги жаңылыштыктардын жана кээ бир күнөөлөрдүн жазасы кулду азаттыкка чыгаруу болуп белгиленген.
Ант ичип, анан аны бузууда, мамилесинде, киши өлтүрүү кылмышында дайыма бир туткундун азаттыкка чыгарылышын сунуштаган. «Кимде-ким бир момунду билбестен өлтүрүп алса, анын каффараты (жазасы) – бир момун кулду азаттыкка чыгаруу жана өлүктүн ээлерине төлөнүп бериле турган кун» (Ниса/92).
Бир кылмыштын коомго жана өлтүрүлгөн маркумдун үй-бүлөсүнө тиешеси болгону үчүн, кун - өлгөндүн ээлерине берилген сооротуу болгондой эле, туткунду азаттыкка чыгаруу да коомго келтирилген пайда. Ошондуктан, бир өлүккө бир кишинин эркиндикке чыгарылышы өлгөн кишини тирилткен менен барабар.
Булардан башка, исламда «мукатаба» жана «тадбир» жолдору аркылуу да кулдар азаттыкка чыгарылат. «Мукатаба» – кул менен кожоюндун өз ара жазуу түрүндө түзгөн келишими. Бул келишим аркылуу кулга эркиндик жолу ачылат.
«Тадбир» кожоюндун өлүмү, же болбосо тигил, же бул окуяга карата берилген азаттык убадасы, «Мен өлгөндөн кийин, сен эркинсиң» - деген сыяктуу. Мындан башка, сооп табууну көздөп, кулдарды азаттыкка чыгаруу түрү бар. Өткөн замандарда жүздөгөн туткундардын баарын бошотуп, бул аркылуу Кудайдын ырайымынан үмүт кылынгандай эле, берекелүү айлар менен күндөрдө туткундарды сатып алып, аларды азаттыкка чыгарган доорлор да өткөн.
Бул жерден төмөнкүдөй суроо туулушу мүмкүн: «Кулдар азаттыкка чыгарылып, аларга канчалык адамгерчиликтүү мамиле жасалса да, атүгүл бардыгы бир убакта азаттыкка чыгарылса да, болбой эле кулчулуктун кабыл кылынганына, өкүмдөрдүн буга карай орнотулушуна жана фикх (ислам дининин мыйзамдары) китептеринде өкүмдөрдүн бул жолдо жүзөгө ашырылышына күбө болуудабыз, бул болсо кулчулукту кабыл кылуудан башка эч нерсе эмес. Адамзаттын канына сиңип калган көптөгөн жаман мүнөз менен каада-салттарды бат эле жойгон ислам кулчулукту жоё албашы мүмкүн эмес. Жойгонго күчү жетип турса да жойбошу адамды төмөнкү даражага түшүргөндүккө жатпайбы?».
Баарыдан мурда, ислам кулчулукту түзбөгөндөй эле, анын жактоочусу жана улантуучусу да болгон эмес экендигин билишибиз зарыл. Кулчулук – мамлекеттердин ортосунда болгон согуштар аркылуу пайда болгон түзүлүш. Мамлекеттер аралык согуштар улана берген сайын туткун жана кул ээлөөчүлүктүн алдын алуу эч бир элдин колунан келбейт. Эми ойлонуп көрөлү, биз бир мамлекет менен согуштук, туткунга түшүрдүк жана бизден да алар туткунга алышты. Бул туткундарга кылына турган түрдүү мамилелер бар:
1. Кээ бир заалым башчылар кылгандай, баарын өлтүрүү.
2. Туткун лагерлерин ачып, аларды ошол жерге камоо.
3. Алардын өз мекендерине кайтышына шарт түзүү.
4. Аларды инсандарга таратып берип, олжонун бир бөлүгү катары эсептөө.
Эми, артка кайрылып булардын ар бирин бирден карап чыгалы:
1. Оболу кайсы абийирдүү жана ынсаптуу киши аял-эркек, бала-бакыра: бардык адамдарды аёосуз кырууга макул боло алат? Арадан кылымдар өтсө да кээ бир улуттардын дагы эле аёосуз түрдө кырылышы... Балкандарда түрктөрдүн азап тартышы, Советтер Союзунда курман болгондор, II дүйнөлүк согушта улутчул немистер тарабынан кырылган калк... Муну кандай адам жакташы мүмкүн?
2. Туткундар лагериндеги жүрөктүн үшүн алган абал да мындан кем калышпайт. ХХ кылым туткундар лагеринин эң жийиркеничтүүсүнө күбө болду. Америкалыктар жапон лагерлериндеги кыйноолорду чексиз зулум деп айтышат, эгер аялдардын дене мүчөлөрүн кесилип, намыстарына кол салынган, эркектери дарактын кабыгын жеп, ачкадан өлүүгө ташталган жерлерди көрүшкөндө, жапондор кылган зулумдук мунун жанында шоона эшпей калмак. II дүйнөлүк согушу аркылуу Европа да, Азия да туткун лагерлеринин эң азаптуусун көрдү. Демек, бул жолду ээрчүү, бул усулду жүзөгө ашыруу ынсап жана адамгерчиликке жатпайт, бул канкордуктун жеткен чеги!
3. Туткундарды өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүү сыяктуу адамгерчиликтүү жолду кош колдоп колдойбуз, бирок алар бизден алган туткундарды бизге кайра өткөрүп беришпесе жана аларды өлтүрүшсө, анда бул жол өз адамдарыбызга каршы кылынган кайрымсыздык болот. О.э. биз бош коё берген адамдар биз тууралуу кээ бир маалыматтар менен мекендерине кайтуулары душманга сырыбызды ачканыбызга себеп болот, ошондой эле өзүбүздүн жоокерлерге моралдык жактан сокку болот, мындан тышкары, душмандын чырагына май тамызуу болуп саналат. Анан душман кайрадан жаңы план куруп келип кол салат. Бул аскерлерди кайра өз мекендерине тапшыруу жолу жалгыз мамлекеттердин өз ара түзгөн келишимдери аркылуу жүргүзүлөт, бул болсо өткөн тарыхта жана учурубузда аткарылууда, мындан кийин да аткарылса болот.
4. Булардын баарын айтып өткөндөн кийин, туткундарды согушка катышкандарга бөлүштүрүп берүү маселеси калды, ислам ушул убактылуу туткунга алуу жолун тандап алган. Өлтүрүүнү да, түгөл кырууну да эмес... Туткун лагерлерин да эмес, душмандын чырагына май тамызган туткундарды кайтарып берүүнү да эмес, адамзаттын табийгатына ылайык жолду тандап алган.
Ар бир момундун үйүндөгү туткун тууралыкка, жакшылыкка жакындан күбө болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көргөн жакшы мамиле жана адамгерчилик аркылуу көкүрөгү ачылат, бул чынында эле миңдеген үлгүлөрү менен жүзөгө ашкан, анан азаттыкка чыгарылып, мусулмандар пайдаланган бардык укуктардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул жол менен миңдеген улуу инсандар тарбияланып чыккан. Мисал катары, Имам Маликтин шейхи Наафиден баштап Тавус бин Кайсан жана Масрук сыяктуу жүздөгөн табиин (сахабаларды көрүп калган мусулмандар) имамдары кирген улуу мавалий (эркиндикке чыгарылган туткундар, кулдар) жамааты ушул жол аркылуу пайда болгон.
А бирок биз бул жол убактылуу дедик, анткени бул жол дайыма уланып турса да, исламда эркиндиктин негиз болушу, туткунчулуктан кутулуу боюнча пайдаланыла турган жолдордун көптүгү жана диндин түрдүү жолдор аркылуу бул темада кылган иштери менен сунуштары исламдагы кулчулуктун башынан эмес экенин, кийинчерээк пайда болгонун көрсөтөт.
Дагы бир маселе калды, бул – белгилүү доорлордо эркиндикке чыгаруу жолдору бар болсо да көп убакыттан бери момундардын колдорунда туткун менен кулдардын болушу. Бул жогоруда айтылгандар менен иш жүзүндө аткарылган нерселер бири-бирине карама-каршы келгендей болуп көрүнүшү мүмкүн.
Ырас, алгачкы кылымдардан баштап, белгилүү доорлордо момундардын бул жолдо иш алпарганын көрүүдөбүз. Бирок бул жерде эки маанилүү себеп бар: Бири кулдун ээсине тиешелүү, экинчиси кулга тиешелүү. Бир аз мурун айтылгандай, ислам практикада улуу инсан болуунун кепилдигин адамдын эрки жана эркиндигине байланыштуу деп белгилейт. Ошондуктан, кемчилиги көп адамдар улуу инсандарга тиешелүү кээ бир иштерди кемчиликсиз аткара алышпайт. Мына ушундай инсандар Азирети Мухаммеддин (саллаллоху алейхи васаллам) динин толук сиңирип, анын негиздери менен чыныгы инсанга айланганга чейин, бул нерсенин ишке ашпашы белгилүү. Бир-эки катаны көрсөтүү аркылуу ислам динин бүтүндөй каралоо туура эмес жана бул адилетсиздик болуп саналат.
Эми, кулдарга тиешелүү болгон жагдайды карап көрөлү. Бул жерде да исламдын өкүмү адамзаттын табиятын эсепке алуу менен иш жүргүзөт. Алгачкы мусулмандар кулдарды оболу эркин инсандар сыяктуу эле адам экендиктерине ишендирүү, эркиндикке болгон түшүнүктөрүн калыбына келтирүү, үй-бүлө куруу жолун көрсөтүү жана жашоого көндүрүү сыяктуу тарбия эрежелерине көңүл бурушкан.
Көнүмүш адаттар адамда экинчи табиятты (мүнөздү) пайда кылат. Буларды жоюу жана табиятын калыбына келтирүү – жапайы айбанды колго үйрөткөнчөлүк кыйын. Кулду үйрөтүү ушундай кыйын. Кулду калыбына келтирүү узун убакытты талап кылат. Момун-мусулмандар ушул оор ишти аткарышкан.
Ар бир момун «боордошум» - деп бооруна кыскан кулуна өз алдынча иштөө, өз алдынча акча табуу, үй-бүлө куруу жана аны башкаруу сыяктуу негиздерди бир бирден үйрөтүп, биротоло көнгөндөн кийин карап көрүшкөн, эгер чындап эле жашап кете алаарына көзү жетсе, азаттыкка чыгарышкан.
Эгер бул иштерди аткаралбаса, ошол жөндөмдөрү мокогон кишилер «кул» аты толук өчө электе эле коомго аралашканда, аквариумдагы балыктарга же болбосо капастагы куштарга окшоп, коомдун татаал эрежелеринен башы айланып, мурдагы ээлерине кайта башташат. Бул болсо, кулдарга эч кандай пайда келтирбейт. Айткандай эле, турмуштун мыйзамдарын такыр билбеген көптөгөн кулдар жогоруда айтылган түрдө калышкан. Американын президенттеринен Авраам Линкольн бир эле учурда бардык кулдарды азаттыкка чыгарганда, баары кайра мурдагы ээлерине кайтышкан. Өмүр бою, же болбосо турмушунун белгилүү учурунан баштап туткун болуп жашаган киши дайыма буйрук алганга көнүп калат. Балким абдан сонун иштерди аткарышы мүмкүн, бирок машина сыяктуу башкарылганы үчүн элүү жашта болсо да, кичинекей бала сыяктуу болот. Турмушту көргөн, билген бирөөнүн жанында таалим-тарбия көрүүгө, турмуштун мыйзамдарын көрүүгө муктаж. Бул нерсе эркиндигинен ажыраган кулдар үчүн гана эмес, колонияга айландырылган мамлекеттерде да пайда болгон оору. Ырас, бул элдерге да таалим-тарбия берип, ким экенин үйрөтпөсө, чет мамлекеттердин көзүн карап, жан багып калат.
Мына, ислам кулдарга өздөрүнүн адам экенин билдирүү менен баштап, дилине эркиндик түшүнүгүн орнотуп, анан турмушка эркин коё берген. Зайд бин Харисанын жетилип азаттыкка чыгарылышы, анан аксөөктүн тукумунан келген аял менен үйлөнүшү, андан кийин курамында аксөөктөр да бар болгон ислам кошуунуна колбашчы болуп дайындалышы - акырындап пландалган максаттын көзөмөлгө алынышынын натыйжасы.
Билали Хабашийдин (РА) алгачкы эле этапта азаттыкка чыгарылышы, Хузайфанын кулу Салимдин (РА) суктанаарлык орунга ээ болушу, Салмани Фаарисинин ахли байттан (Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) үй-бүлөсүнөн деп саналгандар) деп саналышы – кулдун мусулманчылыкта жана мусулмандардын үйлөрүндө кандай абалга келгенинин жандуу үлгүлөрү. Буга окшош дагы жүздөгөн мисалдарды айтсак болот.
Акыркы сөз катары, мындай демекчибиз, ислам кулчулукту пайда кылган жок, тескерисинче, аны жоюнун жолдорун көрсөткөн. Кулчулук белгилүү шарттарда гана пайда болуп, аны жоюу үчүн көптөгөн аракеттер көрсөтүлгөн.
«Реинкарнация» деген эмне? Ислам дини боюнча бул туурабы?
Реинкарнация деген «рухтардын бир денеден экинчи бир денеге өтүшү» - деген маанини билдирет. Бул түшүнүктө болгондордун ою боюнча денелер рухтардын калыптары сыяктуу. Рухтар бул калыптардын ичине кирип, жашайт. Бир дене өлсө, башка денеге өтөт. Улам кийинки денеге өтүп олтурат жана мунун аягы болбойт.
Эң алгачкы коомдордо да бул ишеним бар болчу. Бирок бул ишеним улуттук маданиятка жана жашаган жерге жараша өзгөрөт. Мисалы, Египеттеги реинкарнация ишеними менен Гангдагы реинкарнация ишениминин ортосунда чоң айырмачылыктар бар. Ал эми афиналык философтордун баяндоолору менен бул ишеним таптакыр башка мааниге ээ болгон.
Реинкарнация учурда да актуалдуу маселелердин бири. Бирок бул түшүнүк учурда ишеним системасына айланган жашоо таризи сыяктуу. Кээ бир кишилер реинкарнацияга абдан ишенишип, Геродот айткан көбү жалган икаяларды чындык катары көрүшүүдө. Ушул ишенимде болгон кээ бир адамдар рухтар жалгыз гана адамдардын денелеринде эмес, айбанаттардын, атүгүл өсүмдүктөрдүн ичинде да болушат дешет. Бул ишенимди жактоочулар рухтардын бүткүл жаратылыш дүйнөсүн камтый турганын айтышат. Кээ бир рухтар адамдардын денесинен айбанаттарга, алардан өсүмдүктөр дүйнөсүнө, жансыздарга жана кендерге... ушундайча кургактан сууга, суудан кургакка баш-аягы жок кирип-чыга берет. Рухтун бир инсандын денесинен экинчи инсандын денесине өтүшүн «насх», өзүнө ылайык бир жаныбардын денесине өтүшүн «масх», өсүмдүккө өтүшүн «расх» жана кендерге өтүшүн «фасх» - деп аташат.
Бул ишеним оболу Нил дарыясынын жээгинде жашаган адамдардын арасында пайда болуп, кийинчерээк Индияга, ал жерден Грецияга өткөн деп айтылат. Бул ишеним каббалисттер (Тоораттын тамгаларынан кээ бир маанилерди чыгарган жөөттөрдүн бир мазхабы) тарабынан иудаизмге, алардан христиандыкка жана башкаларга жуккан. Булар айткан ойлорун далилдеш үчүн кээ бир «далилдерди» келтиришке аракет кылышат. Мисалы, каббалисттер Тоораттагы Ниобинин мрамор ташка айлануусун, Азирети Луттун аялынын чаңдан жасалган айкелге айланышын, андан кийинкилер болсо кээ бир жөөттөрдүн маймылга, кээ биринин чочкого айланышын айтышкан. Ал эми, кээ бирлери айбанаттардагы Кудай тарабынан коюлган инстинкт сезимин жана өсүмдүк дүйнөсүндөгү укмуштай тартип менен мыйзамды даракка, же айбанатка айланган адамдын руху менен башкарыла турганын айтышып, элди ишендиргиси келишкен.
Бирок булар тууралуу аз гана ой жүгүртүп карасак өсүмдүктөрдө да, адамдарда да реинкарнациянын жок экенин көрө алабыз.
Жансыздардын жана өсүмдүктөрдүн программаланган түрдө жаралгандыгы шексиз. Бирок алардагы өлчөм менен тартиптүүлүктү «алардын ичинде мурда жашаган рухтарга» байланыштыруу – күлкү келтилерлик нерсе. Ырас, өсүмдүктөрдүн да өздөрүнө тиешелүү жашоолору бар, бирок, анын негизин эч качан адам руху түзгөн эмес. «Адамга айлана турган» адамдын руху деген да болбогон кеп.
Ушул убакка чейин эч бир өсүмдүктөн өзүн башкара алган адамдын руху пайда болоруна тиешелүү бир да так далил айтылган эмес. Ошондой эле, эч бир адамдын руху айбанатка, же өсүмдүккө өткөнү илимий түрдө далилденген эмес. Дагы бир маселе бар, бул - ошол «рухтар башка адамга өткөндө» мурда жашап өткөн турмушу тууралуу берген маалыматы. Бирок бир-эки акылсыздын жөөлүгөнүнөн жана бирин-серин «сенсациялуу» кабарлардан башка бул тууралуу эч нерсе билбейбиз.
Тооратта баяндалган Ниобинин мраморго жана Азирети Луттун аялы Этидхенин чаңдан турган айкелге айланышы эч качан реинкарнацияга далил боло албайт. Мындай нерсени кабыл кылсак да, бул рухтун денеден чыгып, дене болсо келген апаатка жараша күйгүзүүчү атмосферага туш келип, топуракка айланышы же болбосо лавалардын астында калган жансыз денелер сыяктуу ташка айланышы болуп саналат. Мындай катып калган денелер төгөрөктүн төрт бурчунда көп кездешет. Мындай «ниобилерди» реинкарнацияга байланыштыруу жеткен акылсыздык. Биз бул денелерди караганыбызда, ошол доордогу адамдар Кудайды тааныбай чектен чыгышканда аларга Алла Тааланын азабы келгенине күбө болуудабыз. Алла Таала тарабынан адамдарга сабак болсун деп сакталган бул этнографиялык материалды реинкарнацияга байланыштыруу наадандык болуп эсептелет.
Египеттеги жана Грециядагы бул ишеним негизинен акырет ишенимине кээ бир адамдардын жаман ниет менен кийлигишүүсүнүн натыйжасында келип чыккан. Египеттик Атендин ою боюнча адам баласынын бул дүйнөдөгү турмушу бүткөндө, асмандагы турмушу башталат. Адам өлөөрү менен руху асмандагы улуу сот майданына чыгарылып, Осиристин алдына алынып барылат. Осиристин алдына келген ар бир рух төмөнкүчө эсеп берет: «Алдыңа күнөөсүз келдим жана диндарларга туура келе турган иштерди жасадым. Кан төккөн жокмун, уурулук кылбадым жана жаман жорук-жосундарды жасабадым. Ойноштук кылган жокмун». Буларды айта алган рух Осиристин жамаатына кошулат. Мындай деп айта албаган жана сообу таразада жеңил болуп калган рух тозокко ташталып, ал жердеги азап берүүчүлөрдүн колунда азап көрөт.
Ошол эле атен динине тиешелүү, ыйман чындыктары тууралуу төмөнкү ишенимдерди учуратууга болот: «Сен кылган нерселердин көбүн биз көрө албайбыз. Эй, Жалгыз Кудай, сенин күчүңө эч ким тең эмес. Сен бул жерди каалаганыңдай жараттың жана сен жалгызсың. Адамдар, чоң-кичине жер бетиндеги бардык айбанаттар, асманда учкан куштардын бардыгына ылайык болгон жерин жана алардын бардык муктаждыктарын сен бересиң. Бардык кооз нерселер сенин каалооң боюнча жаралып, бардык көздөр ошол аркылуу сени көрө алышат. Сен менин жүрөгүмдөсүң» (AHISTORYOFEGYPT, 371-376 Prof. Breadsted). Биз тараптан эч нерсе кошумчаланбаган бул ишенимдер мындан 4000 жыл мурун Египетте чындык катары кабыл алынган нерселер болчу.
Грецияда да кайрадан тирилүүгө жана рухтун түбөлүктүүлүгүнө ишеним бекем эле. Улуу философ Пифагор денеден бөлүнүп чыккан рухтун өзүнө таандык жашоосу боло турганын жана негизинен рух жер бетине келе электен мурун бул жашоого ылайык түрдө жаралганын, жер бетине кээ бир жоопкерчиликтер менен келгенин, жерде кылган жамандыктары үчүн тозокко ыргытылып, азаптоочулар тарабынан азапка салынаарын, эгерде жакшылык кыла турган болсо, бактылуу турмушка жетерин айткан. Мындан биз анын исламдагы кайрадан тирилүү көз карашына абдан жакын ишенимге ээ болгонуна күбө болобуз.
Платондун «Жумхурият» аттуу китебиндеги баянынын мындан айырмасы жок. Анын ою боюнча: «Денеден чыккан рух материалдык турмушту таптакыр унутат. Анан ал башка ааламга көтөрүлүп, кемчиликтерден, каталардан, коркуулардан, атүгүл материалдык жашоодо аны кыйнаган сүйүүлөрдөн, ашыктыктардан, кыскасы адамга тиешелүү баардык жамандыктардан кутулуп, бакубат турмушка жетет».
Кайсыл коом реинкарнацияга ишене турган болсо, анын ишеними туура эмес экендиги анык.
Алла Таала тарабынан келген христиан динине Азирети Иса Кудай деген ишеним киргенден баштап ал дин бузулууга учураган. Эгер Ыйык Курандын жол көрсөтүүчү баяны болбогондо, христиандыкка болгон көз караштын атенизмден жана брахманизмден эч айырмасы калмак эмес. Ушул сыяктуу эле байыркы Египет, инду жана грек диндери белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин бузулууга дуушар болуп, реинкарнация ишенимдери аларга ошондо кирип калган деп айтсак болот.
Египетте тамыр алган бул ишеним Нил өрөөнүндө дастандарга айлангандан кийин грек философторунун кийлигишүүлөрү менен мурдагыдан да кененирээк түшүнүккө ээ болуп, жомокторго айланып жер бетине жайылган.
Бул түшүнүктүн «кулу» болгон индустандыктар материяны Брахмандын акыркы чагылышы катары көрүп, рух менен дененин биригишин жамандык катары карашкан. Ал эми өлүмдү болсо адамдык кемчиликтерден кутулуу, жогорку даражаларга көтөрүлүү катары санашат. Индуизмдин эң маанилүү китеби болгон «Ведантада» рух Брахмандын бир бөлүгү катары кабыл кылынып, мунун калыптан калыпка өтүп отуруп, түпкүлүгүнө кайтканга чейин кайгы-кападан кутула албай тургандыгы айтылат.
Бул ишенимди кийинчерээк жөөттөр да жактырышкан. Дүйнө дегенде эки көзү төрт болгон, рухтун түбөлүктүү болушун абдан каалаган жөөттөр кайрадан тирилүү ишенимин жойгондон кийин реинкарнацияны кабылдаган. Андан кийин каббалисттер тарабынан Искендерия сыяктуу кээ бир монастрларга киргизилген реинкарнация ынанымы гуллатуш шиа (ишенимде өтө эле аша чаап кеткен шииттер) тарабынан исламга белгилүү өлчөмдө киргизилген.
Реинкарнация ишеними ислам менен дал келбейт. Ахли суннат валь жамаат уламалары, хадисчисинен тафсирчилерине чейин бул ишенимдин ислам динине карама-каршы келээрин бир ооздон тастыкташкан. Ислам дини боюнча ар бир адам баласы өз тагдыры менен жашайт, өз тагдыры менен өлөт, кайра тирилет, суракка тартылат, күнөөсүнүн тараза ташы басса тозокко, сообунуку басса бейишке барат. Эч кандай реинкарнация деген нерсе жок. Төмөнкү негиздер реинкарнация ишенимин негизсиздигин далилдеп, жокко чыгарат:
1. Исламдагы кайрадан тирилүү ишеними боюнча алып караганда ар бир кишинин эсеби өз жашоосунун жакшы жана жаман жактарына жараша болот. Ал эми реинкарнацияга ишене турган болсок, анда миңдеген денелерге кирип чыккан бир рух кайсы денеси менен тирилет жана кайсы жашоосуна жараша жаза, же сыйлык көрөт?
2. Бул дүйнө адамдарды сынаш үчүн курулган. Сынак болсо кайыпка (руханий ааламга) ишенүү негизине таянат. Кийинки өмүрүндө жаман айбанаттын денесине кирүү менен жасаган күнөөлөрүнүн жазасын тарткан рух, ушул бир азаптан кутулуу үчүн денеден денеге өтүү жолун жанталаша издей баштайт. Анын мааниси кайыптыктан чыгып калат. Ал реинкарнациянын өзүнө кайчы келип, ал ишенимди жокко чыгарат.
3. Реинкарнация ишеними боюнча ар бир рух чыныгы бакты-таалайга жетүү үчүн көптөгөн денелерге кирип, көп жолу кыйноо-запкы тартып жашашы керек. Эгерде муну туура десек, анда Кудайдын заалымдарга жаза, жакшы кишилерге сыйлык бере турганы керексиз, бекер болуп калат. Бул болсо, Кудай тарабынан таптакыр мүмкүн болбой турган нерсе.
4. Куран жана башка самавий (түшкөн) китептердин баяндары күнөөлөрү кечирилиши үчүн рухтардын азап-тозоктуу жана узун саякаттары маанисиз жана негизсиз нерсе деп эсептейт. Ырайымы Чексиз Кудайга жараша турган нерсе – анын бардык күнөөлөрдү кечире алышы.
Исламда кечирилбей турган күнөө жок. Кудай Таала тообо кылган баардык пенденин күнөөсүн кечирүүнү убада кылууда. Бул тема боюнча күнөөнүн аз, же көп экенине каралбагандай эле, акыркы минуталарда кишинин күнөө ичинде болгонуна да каралбайт. Бүткүл турмушу Кудайга баш ийбестик менен өткөн күнөөкөр акыркы бир учурда тообо кылып, Кудайдын ырайымына бөлөнүшү мүмкүн.
5. Реинкарнация ишеними боюнча рухтун бир денеден миңдеген денелерге кирип чыгышы Алла Тааланын жеке ырайымына карама-каршы келет. Анткени эгерде Ал кааласа текейге арзыбаган нерсени алтынга айлантып, эң баалуу кылып коёт. Бул анын жекече ырайымы, жекече мээрими.
6. Пайгамбарларды ээрчигендердин арасында ыйман келтиргенге чейинки жашоолору жамандыкка толгон адамдар бар болчу. Ошого карабастан алардын арасында динди кабылдагандан кийин олуяларды дагы артта калтыра турган адамдар чыккан.
Бул болсо реинкарнациянын орунсуз экендигин далилдейт.
7. Ар бир дененин өзүнө таандык руху бар деп кабылдоо Алла Тааланын жаратуучу кудуретинин чексиз экендигине ыйман келтирүү болуп саналат. Ал эми мунун ордуна бир рухту көптөгөн денелерге киргизип чыгаруу – Кудайды алсыз деп эсептегенге тете. Бул жерде да реинкарнациянын акылга туура келбей тургандыгы ачык эле көрүнүп турат.
8. Мындан башка, эгер реинкарнация чын болсо, жер бетинде жашаган 5 миллиард кишинин жок эле дегенде бир нече миллионунда «мурдагы денелеринен» калган кээ бир белгилер болушу керек эмеспи? Жок дегенде кээ бир адамдарда бир нече жолу дүйнөгө келип кетүүнүн негизинде жыйналган маалымат болушу керек эмеспи? Мурун дүйнөдө жашаган элдердин жалпы эсеби боюнча миңден бири болушу эле кандай чоң санды көрсөтөөрү шексиз эмеспи? Чындыгында эле ушундай нерсе барбы? Албетте, жок!
9. Коомдун ар бир бөлүгүндө «жашап чыккан» инсан 3-4 жашка чыгаары менен мурдагы жашоосунда жыйнаган тажрыйбасы байкалбайт беле? Бул тууралуу эч кандай далил жок. Кээ бир вундеркинддер укмуштай касиеттерге ээ болушу мүмкүн, бирок мунун реинкарнацияга эч кандай тиешеси жок. Тактап айтканда даяр маалыматты колдоно салды деген натуура, бул болсо Кудайдын жардамы болушу мүмкүн.
Бир-эки акылынан ажырагандардын саймедирегендери менен бир-эки гезит жазып чыккан «сенсациялуу» кабарды эске албаганда, ушул күнгө чейин рухтун көптөгөн денелерге кирип чыгышын акыл жолу аркылуу далилдеш мүмкүн болбогон.
10. Башка жандууларда адам баласына тиешелүү функцияларды көрсөткөн эч кандай белги жазылган эмес. Эгерде кишинин руху чындап эле айбанаттын денесине кирген болсо, анда ошол айбанатта адамга тиешелүү кээ бир касиеттер байкалмак. Илимий изилдөөлөр али реинкарнацияны тастыктай элек, тастыктабайт да.
Демек, төмөнкүдөй натыйжа чыгарууга болот: реинкарнация байыркы коомдордо ишеним бузуктугу болгондой эле учурда да бул түшүнүк шайтандын дагы бир алдоосу гана болуп саналат.
Ыйык Куранда айтылгандай шайтан кан тамырыбыздын ичинде жүрөт, дил менен акылга таасирин тийгизе алат. Демек, албетте, ойго реинкарнация деген негизсиз түшүнүк тууралуу шек-күмөн кетпей койбойт. Эң жакшы көрүнүштө жаратылган адам баласы мындай негизсиз ишенимдерге алданып калбай тургандыгына биз ишенебиз.
- Created on .