Беш убак намаз парз. Түндүк уюлда болсо, кээде алты ай түн, алты ай күндүз болот. Мындай жерде намаз кантип окулат?

Албетте, бул суроону ким кандай максатта сурап жаткандыгын билбейбиз. Анткени ушул учурга чейин бул суроо дайыма исламдын бүткүл дүйнөлүк дин экенин жокко чыгарууга аракет кылган динсиздер тарабынан суралып келген. Ушул суроо менен алар мындай дегилери келишкен: Силер исламды бүткүл дүйнөлүк деп эсептейсиңер, бирок алты ай түн жана алты ай күндүз болгон кээ бир жерлерде намаз окуп, орозо кармап, жашоо кантип мүмкүн болот?

Дароо айтып коюшум керек: Дүйнөдө эч бир система, мейли ал керек болсо экономикалык система болсун, эч качан ислам жеткен деңгээлге жете албайт. Мына учурдагы миң кемчиликтүү системаларды алалы, аларды система деп айтуудан уяласың. Атүгүл алардын ичинде ошол системанын негиздөөчүсүнүн көзү тирүү кезде эле бир нече жолу кайрадан түзүлүп чыккандары бар... Мисалы, Маркстын экономика системасы Энгельс менен бирге бир нече ирет каралып, түзөтүлгөнүнө карабастан, кийинчерээк кайра каралып, ушул күнгө чейин өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Бул учурдагы ар кандай экономикалык системалардан көрүнүп тургандай эле, бардык убактарда жана түрдүү системаларда көп жолу байкалган табигый кемчилик болуп саналат.

Муну да дароо кошумчалай кетейин, менин мындай салыштыруу менен ишти чампалап бүтүрө салуу ниетим жок. Бирок душмандарыбыздын иши диалектика болгондуктан, биз да убактылуу ушул усулду колдонуу менен түшүндүрүүгө туура келди...

Экинчиден, бүткүл дүйнөлүк динди сынга алгыдай дүйнө элинин канча пайызы уюлдарда жашайт болду экен? Алар учурда жашап жаткан адамзаттын миллиондон бир бөлүгүн дагы түзө албайт. Анда, жер бетиндеги адамдардын баарын бир тарапка сүрүп коюп, уюлдарда жашаган аз сандагы адамдардын жеке маселелерин бетке тутуп, шек-күмөн пайда кылуу кантип чын дилден айтылган сөз болсун?!

Үчүнчүдөн, мусулмандардын намаз маселеси суралгандай уюлдарда мусулмандар жашайбы? Эгер бир күнү адамдар уюлдарга жайгашкан соң, кээ бир кишилер ибадат тууралуу суроо берсе, ошондо гана мындай суроо кандайдыр бир мааниге ээ болот. Болбосо азырынча мындай суроону бир гана таза жүрөктөргө шек¬күмөн салуу үчүн атайын ойлоп табылган деп эсептейбиз.!

Эми болсо, ислам бул темада эмне айтканы тууралуу баяндайлы. Калетсиз, эч бир теманы кур калтырбаган ислам муну да унут калтырган эмес. Ооба, бул негиз бир окуя себептүү тээ алгачкы кылымда эле такталган. Имам Бухаринин Сахихи менен Ахмад бин Ханбалдын Муснадында Пайгамбарыбыз менен сахабаларынын ортосунда төмөнкүдөй бир диалогдун болуп өткөнүн көрөбүз: Пайгамбарыбыз (САВ): «(Көпчүлүк инсандар) динден кайтканда, Дажжал чыгат». Дагы бир риваятта: «Ал чыгыштан пайда болуп, кырк күндө жерди баштан ¬аяк кыдырат. Анын бир күнү силердин бир жылыңар. Бир күнү бар силердин бир айыңар. Жана дагы бир күнү бар силердин бир аптаңар, калган күндөрү силердин күндөрүңөрдөй», деген. Сахабалар сурайт: «Өлчөмү бир жыл болгон ошол күндө бир күндүк намаз жетеби?». Ал жооп берет: «Жок, эсептейсиңер». Башкача айтканда, жалаң түн жана күндүз болгон айларды, апталарды жыйырма төрт сааттык күндөргө бөлүп, ибадаттарыңарды ошого карата аткарасыңар деген маанини туюнткан.

Маселе факихтердин колуна өткөндө, туура эмес түшүнүккө жол бербей турган таризде Имам Шаафиинин «Аль¬Умм» китебинен мазхабындагы «Манхажга» чейин жана ханафийлердин эски китептеринен «Тахтави» түшүндүрмөсүнө чейин абдан талкуулангандан кийин окурмандардын назарына сунулган.

Бул тема убакыттардын намазга себеп болуусунда каралып, түшүндүрүлөт. Биз бул теманын маселебизге байланыштуу гана бөлүгүнө токтолобуз.

Убакыттар намаздардын парз болушунун шарттары. Убакыт болбосо, намаз парз болбойт. Мисалы, бир жерде куптандын убактысы кирбесе, куптан намазы парз болбойт. Бирок бул күндүн бир убактысы болбогон жерлер үчүн, болбосо дажжал хадисинде айтылгандай, жылдын көбү түн, же күндүз болгон жерлерде ошол узун күн, же түндү биздин күндөрүбүздүн жана түндөрүбүздүн өлчөмүнө карай, эсептеп, ибадаттарыбызды аткарабыз. Башкача айтканда, ошол чөлкөмгө эң жакын болгон жердин намаз убакыттарын колдонуп, түн менен күндү белгилүү бөлүмдөргө бөлүп, түнкүсүн түндө кылынган ибадаттарды, күндүзү күндүз кылынган ибадаттарды аткарабыз. Бул тамактануу, жатып¬туруу ишин табигый түрдө бөлүштүргөнүбүзгө окшош...

Ооба, бир канча ай бою күн батпаган жана күн чыкпаган жерлерде жаратылыш мыйзамдарына кандай баш ийсек, орозо, намаз жана ажылык сыяктуу ибадаттарда да биз жашаган жашоого ыңгайлаштырууга мажбурбуз.

Сөздүн кыскасы, ислам бул негизди да эч качан көз жаздымда калтырган эмес: уюлдарга эң жакын жерлердеги беш убакытка карай намаз убакыттарын белгилөө керектигин маалымдаган.

Бул жерде дагы бир маселени айта кетүү жүйөлүү болот деп эсептейм. Бул убакыт кирбеген жерде намаздын кандай аткарылышы. Ырас, чындыгында убакыттар намазга себеп катары көрсөтүлсө да, намаздын чыныгы себеби Алланын буйругу. Ошондуктан, убакыт кирбеген жерлерде окулган намаздын казасын башка учурларда окуу этиятка ылайык болот.

Иштин аныгын Алла билет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.