• Башкы бет
  • Чыгармалары
  • Доорубузда Пайда Болгон Суроолор
  • Куранда: «Кимди түз жолдон адаштырсам, ал адашкандыктан кутулбайт,» деп айтылат, андан ары: «Адам баласына акыл бердим, ирадасын (эркин, каалоосун) өз колуна калтырдым, мындан тышкары туура жолду да, ийри жолду да көрсөттүм. Кайсынысы менен жүрсө, ошонусу

Куранда: «Кимди түз жолдон адаштырсам, ал адашкандыктан кутулбайт,» деп айтылат, андан ары: «Адам баласына акыл бердим, ирадасын (эркин, каалоосун) өз колуна калтырдым, мындан тышкары туура жолду да, ийри жолду да көрсөттүм. Кайсынысы менен жүрсө, ошонусу

Бул суроонун эки бөлүгү бар: биринчиси адам баласынын кыймыл-аракети Алла Тааланын эрки менен болобу, же инсан өз эрки менен жасайбы? Бул суроодогу аят төмөнкүчө: «...Алла кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго сала албайт. Алла кимди туура жолго салса, аны эч ким адаштыра албайт». Мааниси боюнча хидаят: туура жол, рушд, пайгамбарлардын жолу. Адашкандык болсо, бузукулардын жолу, туура жолдон адашуу дегенди билдирет.

Жакшылап көңүл буруп карай турган болсок, булардын экөө тең адам баласына таандык кыймыл-аракет. Ушул себептен улам, экөөнү тең Аллага ыйгаруу туура болот. Жогоруда айтылгандай, ар бир иш Аллага таандык. Ага таандык болбогон эч бир иш жок. Адашууну Мудил ысмынын талабы менен, туура жолдо болууну Хаади ысмынын талабы менен жараткан Жалгыз Алла. Ырас, экөөнү тең Алла берген.

Бирок бул кулдун эч бир кийлигишүүсү болбостон, Алла тарабынан адашууга түртүлүп, же туура жолго багытталат, мунун натыйжасында же бузуку, же дурус болот деген мааниге келбейт.

Бул маселени төмөнкүчө түшүнсө да болот. Туура жолго түшүүнүн же адашуунун он пайызы дагы адам баласына таандык эмес. Чыныгы мүлктүн ээси Алла Таала жана ал иш сөзсүз түрдө мүлктүн ээсине ыйгарылууга тийиш.

Бир мисал келтирели: Алла туура жолго баштайт жана туура жолго салуунун ар түрдүү себептери бар: мечитке келүү, насаат угуу туура жолго түшүүнүн жолдору. Куран Карим угуу, маанисин изилдеп, тереңдиктерине үңүлүү дагы туура жолго түшүүгө себепчи болот. Мечитке баруу жөнөкөй бир себеп болсо да, аны Алла Таала туура жолго түшүүгө ортомчу кылышы ыктымал. Туура жолго баштаган Алланын өзү. Бирок, бул туура жолду тандаган пенденин өзү.

Адам баласы шарапканага, бутканага барат, ушундайча «Мудилл» ысмынын эшигин каккылап, «Мени туура жолдон адаштыр», деген болот. Алла кааласа, аны туура жолдон чыгарат. Кааласа, адаштырбайт. Жакшылап көңүл буруп карай турган болсок, адам баласынын чектүү эрки бар, ал туура жолго дагы, адашууга дагы чыныгы себеп боло албайт.

Төмөнкүдөй бир мисал келтирейин: Силер Куран Каримди, шарият маселелерин укканыңарда, же илимий бир чыгарма окуганыңарда, жүрөгүңөр нурга толот. Ал эми кимдир бирөөлөр мечиттин жанында азанды, шарият маселелерин, чын дилден дуба кылып, жалбарууларды укса, аны жактырбай, тынчы кетет: «Бул эмне ызы¬чуу үн?», деп азан тууралуу жаман сөз айтат.

Демек, туура жолго баштаган дагы, адаштырган дагы Алла Таала. Бирок адам баласы адашуунун жолуна түшкөн болсо, Алла миңден 999,9 дан дагы ашыгыраак өзүнө таандык болгон ишти орундатат жана андан кийин пендени адашуу жолуна ыктагандыгы үчүн жазалайт, же кечирет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.