Кудай эмне үчүн кулдарын бирдей жараткан жок? Кээ бирин сокур, кээ бирин аксак кылып жарат?

Оболу айта кетчү нерсе, Алла Таала бүтүндөй ааламдын ээси. Ал жараткан нерселерин каалагандай колдоно алат. Эч ким Анын ишине кийлигише албайт. Улуу Жаратуучу бизди бир тамчы суудан адам кылып жаратты. Ушундай нимат-тартуулардын баарын берген Улуу Жаратуучуга каршы доогер болууга акыбыз жок. Себеби, Алла Таалага алдын ала эч нерсе берген эмеспиз.

Эгер сен Улуу Жаратуучуга алдын ала бир нерсе бергениңде, балким «Бир көз эмес, эки көз, бир кол эмес, эки кол бер», - деп айтууга акың болмок. Бирок сен Ага эч нерсе берген эмессиң.

Алла Таала сени жоктон бар кылган, болгондо да адам кылып жараткан. Айланага көз чаптыра турган болсоң, сенден алдаканча төмөн турган жандыктарды көрөсүң. Ошолорго карап туруп, сага канчалык улуу сапаттар берилгендигин түшүнөсүң.

2. Алла Таала кээде адамдын бир бутун алат, бирок акыретте анын ордуна көптөгөн нерселерди берет. Бутун алып коюу менен ошол инсанга анын алсыздыгын, жардылыгын сездирет. Анын жүрөгүн Өзүнө буруп, анын көкүрөгүн ачкан болсо, өтө аз нерсе алуу менен анын ордуна көп нерсе берген болуп эсептелет. Сыртынан билинбесе дагы бул чындыгында Улуу Жаратуучунун белеги. Бул бир инсанды шейит кылып, бейишти бериши сыяктуу. Согушта шейит болгон адам Алланын алдында сыддыктар, саалихтер суктана тургандай даражага ээ болот. Аны көргөндөр: «Кудай бизге да согуш майданында шейиттик берсе, атаганат!» - дешет. Ошондуктан, эгер пенденин бир нерсеси кем болсо, көп нерседен кур калган болуп эсептелбейт, балким көп нерсеге ээ болот.

Кээ бир адамдар гана бул тууралуу Аллага таарынып, Аны жаман көрсө да, көбүнчө мындай инсандар Раббисин көбүрөөк эстеп, Ага көбүрөөк ибадат кылат. Бул да сыноонун бир түрү, мында маанилүү болгон нерсе – адам баласынын шүгүр кылышы. Бир буту төкөр болгон инсан эки буту жокторго карап шүгүр кылсын, бир колу жок болгондор, эки колу жокторго карасын, Алла Таала бул дүйнөдө бербесе сөзсүз түрдө тигил дүйнөдө берет. Демек, пенде тигил дүйнөдөгү сыйлыктарга татыктуу болууга аракеттениши керек.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.