«Орто жол» деген эмне?

Орто жол – аша чаап кетүү менен кайдыгерликтин ортосун тандап алуу. Орто жол көптөгөн жакшылыктарга себепкер болуш үчүн адам баласына берилген кээ бир жөндөмдөрүн Жараткан тарабынан белгиленген багытта колдонулушу болуп саналат. Ооба, адам баласы дене кумары, ачуулануу, шек¬күмөн жана акыл сыяктуу сезим менен жөндөмдөр жөнгө салса орто жолду табат. Ал эми аша чабуу же кайдыгерликтин натыйжасында адашкандык пайда болот.

Мисалы, адам баласынын дене кумары жалпы мааниси жагынан алганда, жеке адамдын жашоосунун жана адамзат тукумунун уланышына себепкер болгон каалоолорду билдирет. Бул сезимдин бир өңүтү болгон жеп¬ичүү жана башка нерселер менен адам баласы материалдык жашоосун уланта алат. Эми бул сезимге жогоруда айтылгандан башкача карасаң, аны инсандык улуулукка жетүү жолунда жолубузду торогон желдеттей көрүп, кечилдер сыяктуу андан толугу менен алыстайбыз. Бул нерсе ушул сезимге кайдыгерлик болуп саналат. Же болбосо учурубуздагы кээ бир адамдар сыяктуу бул сезимди ооздуктабастан ар кандай байланышты туура деп кабыл алабыз. Бул аша чапкандык болуп саналат.

Ачуулануу да ошондой. Майда барат нерселер үчүн буркан-шаркан түшүп, элдин оозунда айтылып жүргөн бир макалдагыдай, «Битке өчөшүп, көйнөгүн отко салуу» болсо аша чапкандык, ал эми эң ыйык нерселер кыйрап, ар¬намыс тебеленип жаткандыгын көрүп туруп дагы унчукпай коюу кайдыгерлик болуп саналат. Орто жол, каапырдыкка, зулумдукка каршы туруу жана сабыр менен жакшылыкка себепкер боло турган жерлерде толеранттуу жана жумшак болуу абалы.

Ушул эле нерсе шек¬күмөнгө да тиешелүү: болбогон эле нерселерден корко берүү, жашоону азапка айланткан бир аша чабуу; коркулушу, кабатыр болушу керек болгон нерселерден коркпоо, кабатырланбоо – кайдыгерлик. Биринде ааламдагы ар нерседен коркуп, бардык нерсени кудай деп эсептөө пикири жатат: Ганг чөлкөмү бул кабатырлануудан улам пайда болгон буттарга толуп кеткен. Экинчиси болсо, асман менен жерде эч кимден коркпоо, өзүн жана өзүнө байланыштуу болгондорду өлүмгө сүйрөй турган акылсыздык. Орто жол болсо, өтө маанилүү нерселерди эске алып, этияттануу менен кээ бир нерселерге керегинен ашыкча маани бербөө болуп саналат.

Акыл үчүн да ушул эле нерселерди айтса болот: сезилген нерселерге көңүл бурбай, бир гана акылга ишенүү аша чапкандык, ал эми акылды толугу менен жокко чыгарып, позитивизмге берилүү, же бир гана жан дүйнөгө маани берип, анын сыртындагы нерселерди жокко чыгаруу – кайдыгерлик. Биринчисинде материализмди экинчисинде позитивизм жана христиандык мистицизмди көрөбүз. Акылды туура колдонуу – байкалган нерселерди талдоо менен ой жүгүртүүнү өрчүтүп, руханий нерселерди түшүнүүгө аракет кылуу болуп саналат. Акыл вахийдин жарыгында гана туура багытын таба алат.

Сезимдерибизде аша чаппай орто жолду тандообуз талап кылынгандай эле, биздин мойнубузга жүктөлгөн милдеттерде дагы аша чабуу жана кайдыгерлик кылуу туура эмес. Кыскасы, ыйманда орто жолду тандоо шарт жана эң башта бир Алланын барлыгын тастыктоо, Анын кемчиликсиз сыпаттарга ээ жана кемчиликтерден таза экендигине ишенүү керек. Анткени бир Алланын барлыгын, же сыпатын жокко чыгаруу динсиздик болуп эсептелгендей эле, «Алла дене, мүчөлөрдөн пайда болгон жана мекени бар» деп айтуу каапырдык болуп саналат. «Алла бар, камал сыпаттары менен бар, дене, мүчө сыяктуу нерселерден аруу, мекенден аруу» деген ой¬пикир орто, туура жол.

Ишенимге байланышкан башка маселелерди да ушундайча кароого болот. Мисалы, «Адамдын кудурети менен ыктыяры жок» деп айтуу да, «Адам өзүнөн пайда болгон бардык иштердин жаратуучусу» деп айтуу дагы туура эмес. Адам баласына белгилүү өлчөмдө эрк берилгендигине жана анын кыймыл-аракетин Алла Өзү жарата тургандыгына ишенүү туура.

Бул негиздердин бирин яхудийлик алса, экинчисин христианчылык алган. Мисалы, яхудийликте атайылап адам өлтүрүлгөндө кечирим кылынбастан, пенденин өмүрүн кыйган кылмышкер өлтүрүлүшү керек. Христианчылыкта болсо сөзсүз кечирүү керек. Биринде аша чабуу, экинчисинде ашыкча жеңилдетүү (тафрит) бар. Бул маселеде орто жол болсо, кечирим жолу ачык болуу менен бирге жазаландыруу да бар. Теориялык жана практикалык жашоодо мындай орто жолго мисал табууга болот.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.