Эмне үчүн бардык нерсе өлүмгө келип такалат? Мисалы, жандуулардын өмүрү өсүмдүктөрдүн өлүмүнө, адамдардын өмүрү айбанаттын өлүмүнө...

Улуу Жаратуучу жараткан жаратылышта эч кандай ысырапкерчилик деген болбогондой эле, Алла Таала эң жөнөкөй нерселерден укмуштуудай ажайып сонун нерселерди жаратып, баардык нерселер жаңыланып жогорку сапаттарга түртүүсүнүн натыйжасында ааламда бул дүйнөдөн өчүп кеткен нерселердин ордун жаңылары толуктоодо. Күндүз түндү кубалап, жарыктык караңгылыкка ордун бошотуп берген укмуштуудай ыргактын жана айкаштыктын натыйжасында жакшы пайдалардын алынышы жана башка көптөгөн Күн жер шары байланышында жашоону өлүмдүн артынан эрчиткен сыяктуу максаттар үчүн...

Эми кыскача, ушулм негиздерге токтололу. Бирок, баарынан мурун өлүмдүн эмне экенин билүү керек.

Өлүм – бул, түбөлүк жок болуу эмес. Өлүм – бул, орун алмаштыруу жана бул дүйнөдөгү милдеттен кутулуу. Андыктан өлүм бул дүйнөдөгү турмуштай эле жакшы нерсе, анткени сенден мурда кеткен досторуңа жолугасың, ошондой эле өлүм аркылуу өлүмсүздүккө жетесиң.

Өлүмдүн бул чыныгы жүзүн көрө албаган материалисттер аны дайыма коркунучтуу кылып сүрөттөп келишет. Өлүм сыртынан караганда айрылуу болгону үчүн адам баласына катуу таасир берет. Мындай таасирди таптакыр жокко чыгарыш мүмкүн болбогондой эле, жүрөктүн тилин байлоо да мүмкүн эмес. Ал эми абдан сезимтал жандар катуу таасирленет. Андай адамдар «Баьсу-баьд аль-мавт» (өлгөндөн кийинки тирилиш) ынанымы бардык нерсесинен ажыраган тилемчиге падышалык берилгендей жана өлүм жазасына тартылган кишинин мунапыска кабылып кечирилишиндей сүйүндүрүп, бардык капаларды унуттура турган өтө чоң окуя.

Өлүм ажыроо болгондуктан акылдын назарында жана адамдын адамдыгына аябай таасирдүү бир кубулуш. Мындай таасирди толугу менен жокко чыгаруу мүмкүн болбогондой эле, жүрөктүн тилин байлоо да мүмкүн эмес. Ал эми сезимтал инсандардын жан дүйнөсүнө тийгизген таасиринин күчүн элестетүү кыйын. Мындай адамдар үчүн «өлгөндөн кийин кайра тирилүү» ишеними баардык нерсесин жоготкон мусаапыр тилемчиге падышалык орун сунушталгандай жана өлүм жазасына өкүм кылынган адамга түбөлүк жашоо уруксаты берилгендей баардык кайгыларын унуттуруп, катуу кубандыра турган бир окуя.

Ошондуктан өлүмдүн чыныгы маанисин толук түшүнгөндөр өлүм келгенде бул жашоонун оор милдетинен кутулуп, 99 пайыз достору жана сүйгөн жакын кишилери жашаган ааламга барабыз деп ишенишет, ал эми бул чындыкты түшүнө албаган, өлүмдүн тышкы көрүнүшүндөгү кишини коркута турган абалды көргөн кээ бир бечаралар үчүн өлүм – бул, баш кесүүчү желдет, асуучу дарга, түпсүз кудук жана караңгы коридор.

Өлүмдү экинчи жана түбөлүк бар болуунун башталгычы катары эсептегендер өлүм жакындаган сайын көз алдыларында бейиштин бакчалары элестей баштайт. Бул ыймандын негизинде ээ боло турган кубанычтан кур калган Кудайды жокко чыгарган адам өлүмдү эстеген сайын жан дүйнөсүндөгү тозоктун отуна күйүп, азап тартат. Тарткан азабы жалгыз өзүнө гана тиешелүү болсо бир жөн, ал өзү менен кайгыларын тең бөлүшкөн жакындарынын кайгысын дагы жан дүйнөсүндө сезип кыйналат.

Бардык нерсе белгилүү учурда өлүп, көрүнүштө жок болуп көрүнсө да, чынында андан да жакшыраак жана жогорураак бир абалга келет. Абанын атомдорунан суунун атомдоруна, өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын молекулаларынан жандуулардын клеткаларына чейин бардык нерсе өлүмдү көздөй кетип бараткандай болуп көрүнгөнү менен, негизи, даражасы жогорураак бир абалга ээ болууда. Суутек менен кычкылтек бириккенде негизги сапатынан ажырап, «өлүшөт», бирок бардык жандуу-жансыздар үчүн эң маанилүү элемент болуп кайрадан тирилишет.

Андыктан, биз өлүмдү орун алмаштыруу катары карайбыз, бирок таптакыр эле жок болуу дегенден алыспыз. Эң кичинекей нерселерден эң чоңдорго чейин ааламдагы бардык болуп жаткан окуялар, абалдан абалга өтүүлөр дайыма эң жакшы, эң сонун абал менен натыйжаланууда. Муну нерселердин саякаты десек болот, бирок эч качан абсолюттук жоктук дей албайбыз!

Дагы бир жактан алып караганда, өлүм - бул, милдетти өткөрүп берүү. Ар бир нерсе өзүнө тиешелүү өмүрүн сүргөндөн кийин, өзүн Жараткандын алдында эсеп берет. Керектүү «формалдуулуктар» аткарылып бүткөн соң, анын кетиши, ордуна башкалардын келиши дүйнөнү монотондуулуктан куткарат. Ушинтип, бардык нерсе «дүйнө сахнасында» өзүнө тиешелүү ролду ойноп, айта турган сөздөрүн айтып болуп, парданын аркасына жашырынат. Неге дегенде, кийинки келе тургандар милдеттүү ролдорун ойноп, милдеттерин аткарыш үчүн. «Келген кетет, конгон көчөт», бирок бул келип-кетүүлөрдө жаңылануулар жана жандуулуктар пайда болот.

Дагы бир өңүттөн өлүмдүн үнсүз насаатында эч бир барлыктын өзүнөн өзү болбой турганын, барды нерсенин күйүп¬өчкөн жарыктар сыяктуу өчпөс түбөлүктүү бир Күнгө ишарат кылганын көрсөтүү аркылуу жок болуп кетүү кыжаалатчылыгы астында эзилген инсандарга бейпилдик тартуулоо жолун көрсөтүү бар. Башкача айтканда, жан-дүйнөбүз сүйүүсүнө кабылган нерселердин арттарына карабай кетип калуулары бизде түбөлүк бир сүйүктүүнү издөө сезимин козгойт. Мындай сезимдин ойгонушу болсо, сезимдер дүйнөсүндө түбөлүктүккө ээ болуунун алгачкы этабы. Мына өлүм бул алгачкы этапка адамды алып, көтөргөн сырдуу бир лифт сыяктуу.

Оболу айтылган негиздер өлүмдүн бир мээрим экенин билдирүү менен бирге, мындай демекчибиз: өлүмдүн мээримге таятылышынын жанында бүткүл ааламды камтыган өлүмсүздүк ушундай коркунучтуу бир балакет болгондуктан, эгер аны сүрөттөө мүмкүн болгондо, адамдар өлүмгө эмес, ага ыйламак!

Бир ойлонгулачы! Эч нерсе жок болбосо, дагы биринчи кылымдарда, адамдардын жашоосу мындай турсун, бир чымын дагы жашай алмак эмес. Жандуулардан бир гана кумурскалар, өсүмдүктөрдөн чырмооктор жер жүзүн басып алып, анан эч бир чырмоок чирибегенде жана эч бир кумурска өлбөгөндө, бир кылымда жержүзүн курчаган чырмоок жана кумурсканын калыңдыгы жүздөгөн метрге жетмек. Мындай жагымсыз, коркунучтуу картинаны ойлогон сайын, өлүмдүн мээрим экенин, чирүүнүн хикмет экенин көрбөө туурабы?

Натыйжа катары мындай демекчибиз, бардык заттар тартипке келтирилиши жана башкарылышы жагынан алганда салим акылдарга, жыргалды билген жан¬дүйнөлөргө илхамдарды бере турганчалык орундуу жана кынтыксыз. Атомдордун кыймылдарынан, чөптөрдүн, дарактардын абалдан абалга өтүүлөрүнө, суулардын жоголуп, деңизге кошулууларына, деңиздердин бууланып, булуттарга көтөрүлүүлөрүнө чейин, атүгүл, ал жерден ылдый жерге түшүп, топурактын боорунда эрип кетишине чейин бардык нерсе абдан олуттуу бир багыттоонун ичинде бир абалдан дагы бийигирээк абалды көздөй чуркаганы көрүлүүдө.