Доорубузда пайда болгон суроолор тууралуу

Кылымдар бою чогулган шек күмөндүү ойлор жан дүйнөнү кыйнап, инсандардын ишенимдерин кыйроого учуратты. Бул күмөндүү ойлор учурубузда атеисттик көз карашка айланды. Христиан дүйнөсү бул шек-күмөндөргө туруштук бере алган жок. Бизде да алгачкы учурларда ишенимде оош-кыйыштар болду. Атүгүл, бул кылымдын башында ыйманынан ажыраган кээ бир жаштар акыркы жазган каттарында ыймансыз жашоонун маанисиздигин баса белгилеп, өз жандарын кыйышкан. Миң жылдан бери ойлоп чыгарылган кыйратуучу куралдар элдин жүрөгүнүн үшүн алып, карапайым калктын таянычы болгон исламдык негиздер, исламдык иш-аракеттер, исламдык символдор талкаланып, анын натыйжасында, инсандардын жан дүйнөсү бузула баштаган. Бул коркунучтуу жаралар Курандын жана ыймандын дарылары менен айыктырылууга тийиш болчу.

Аалымдарыбыз муну билишчү... Маркум Умар Насухи да мындай деген эле: «Кылымыбыздын ислам аалымдары бул заманда аң¬сезимдерди адаштырган кээ бир жаңы философиялык теорияларды сынга алып, диндин негиздерин тереңдетип изилдеп-талдоолору зарыл.». Кылымдын аалымы, руханияттын мыкты дарыгеринин диагнозу менен айтканда: «Материализм руханий илдет сыяктуу сындоо жөндөмү өнүккөн сайын жайылууда. Илим-билимдеги изденүү артыкчылыгы жоголуп, маданият жаатында чыгармачылык эмес тууроочулук башталды. Буга кошумча болуп эркиндикти туура эмес жорушуп, менменсинген текеберчилик мүнөз кошулуп, илдет андан бетер кеңири жайылууда». Бул оору кээ бир атактуу жазуучулардын романдарынын сунушталуусу менен, чумадан да күчтүү түрдө жайыла баштады. Жаш жана алсыз зээнди, жаңы муундун жан дүйнөсүн жабыркатты. Айылда, шаарда бул шек-күмөндөр тууралуу сөз кылына турган болду. Мектептерде, коомдук жайларда атүгүл кафелерде дин, ыйман тууралуу сөз болуп калганда, сөзсүз булардан кеп козголот.

Кээ бир адамдар бул нерселерди укпагандай, шек-күмөндөрдү жүрөгүндөгү ыймандын күчү менен талкалап, жан дүйнө жана акыл оюнан арылтышты; жоопторун таба алышпаса да ыймандарынын күчү, ибадаттан алган рухий лаззаттар ал шек-күмөндөрдү унуттура алган.

Кээ бирөөлөр бул каршы чыгууларды айткандардын ниеттерине карабастан, аларды жокко чыгарууга аракет кылышты. Мындай курулай каршылык көрсөтүүлөр болсо, илдеттин тереңдеп жайылышына себепкер болду. Жакшы ниет менен жооп издөө үчүн сураштыргандар болсо, ынандырарлык жооп таба албай калганда, ыймандан чыгара турган коркунучтуу шек-күмөндөргө дуушар болушту. Бул убакта атеизмдин айлампасына кабылып, түбү жок туңгуюктарга туш болгондор да кездешчү.

Мындай абал болсо, материалисттик көз карашка ээ жана бул түшүнүктөрүн идеологиялык согушка айланткандар үчүн абдан ыңгайлуу болчу. Көп адамдардын түбүнө ушинтип жетишти, жок эле дегенде аларды жаралашты.

Мурда ыймансыздык караңгылыктан улам болчу, ошон үчүн аларга акыйкат ыйман жолу түшүндүрүлгөндө, түркөйлүк, сабатсыздыктар жоюлуп, натыйжада чындыкка жетип, бейпилдикке бөлөнчү. Азыр болсо, ыймансыздар илим¬билим жана философия терисин жамынып кудайсыздыкка жетелөөдө. Анан калса, ыймансыздыкка сугарылган, өздөрүн билимдин ээси бизбиз дегендер, илимий деп гана таанып көгөргөн өз ой-пикирлеринен башка эч нерсени кабыл кылгылары келген эмес. Ошентип, чындыкты изилдөө жөндөмдөрү мокоп калган. Ошон үчүн мурда булардын миңден бири гана туура жолго келчү. Ал кезде элдин көпчүлүгү ыймандуу болгондуктан, булардын анча зыяны жок болчу. Ал эми биз жашаган доордо болсо таслимият (ислам динин аздектеп ага моюн сунуу) кыйрагандыктан, көп кишинин ыйманына доо кеткен абалда турат... Ошон үчүн динге ишенбегендиктин жайылышы менен баардык жерде шек-күмөндүү ойлордун ичинде алдастагандарды, атүгүл бардык нерсесинен ажырагандарды көрчү болдук.

Мына, ушул абалга келгенден кийин, бул жаранын дарылоо убагы жетип, өтүп баратканын сезген кадырлуу жазуучубуз чоң бир муктаждыкты жоюу максаты менен бул китепти даярдады. Мазмуну жагынан алганда кыйла маселелерге кенен жана терең анализ жүргүзүлүшү, кудай буюрса, көкүрөктөгү жана зээндердеги күдүк ойлордун жоюлушуна себепкер болот.