Адамдык жана адамгерчилик

Сенин элден кандай мамиле күтсөң, эл да сенден ошондой мамиле күтөт.

* * *

Башкаларга жардам берсең, сага да Алланын жардамы келет.

* * *

Бир жылмаюу менен болсо да бир тууганыңдын көңүлүн көтөрүүгө кайдыгер караба!

* * *

Адамдарды жакшы көрүп, жакшы көргөнүңдү сездирүү – акылдуулуктун жарымы.

* * *

Адамдардын арасындагы баркың, сенин аларды барктай билгендигиңе жараша болот.

* * *

Ар дайым айланасындагыларга өкүрүп-бакыргандар досторун качырып, душмандарын сүйүнтөт.

* * *

Ар ишке кийлигише берген адамдын жалаадан башы чыкпайт...

* * *

Сени кубандырган нерселер баарын кубантаарын унутпа!

* * *

Акылдуу адам айланасындагылардын күчүн да өз эсебине пайдаланууну билет. Акылсыз адамдар болсо ал күчтү колдонгонду койдум, айланасындагыларды күнөөлөп жатып, ал күчтү өзүнө каршы кылып алат.

* * *

Коңшуга коңшулук мамиле жасоо керек...

* * *

Жамандыгынан корккон адамыңды жакшылыктарың менен жумшартууга аракет кыл!

* * *

Жазалоого күчүң жетип турганда кечирсең, кечиримдин баркы билинет.

* * *

Туугандарыңдын көп экенин унутпа! Алар бир ата бир эненден тарабаса дагы түпкү атабыз Адам атадан тараган.

* * *

Кудайдын эркине толук моюн сунган момундар эмес, фанаттар гана айланасындагыларды кыйратып жок кылганды билишет.

* * *

Азыркы учурда дин тутунган адамды фанатик дешет. Фанатизм термини акыйкатка көз жуумп, ката ой-пикирди кежирлик менен тутунуп алуу деген мааниге келет. Ал эми акыйкатты бекем тутунуу жакшы сапат жана момундун мындай ишин фанатизм менен чаташтыруу жаңылыштык.

* * *

Баарын ыраазы кылуу ар бир жигиттин колунан келе бербейт.

* * *

Кимдир бирөөдөн жакшылык көрүү үчүн, кимдир бирөөгө жакшылык кылуу керек...

* * *

Бузук ниет адамды сокур, дүлөй жана ташбоор кылып коёт.

* * *

Бирөөгө жасалган жакшылык же жамандык – эртеңки күнү өзүбүз туш боло турган нерселердин үрөнү. Жан дүйнө жакшылыктарды да жамандыктарды да чагылдырып турат.

* * *

Өз камын гана ойлобой, шамдай күйүп, эрип баратса да башкаларга жарык чачкан адам төрт тарабы төп келишкен азамат.

* * *

Тилдин узундугу менен колдун кыскалыгы жыландарга гана жарашат жана бул сапаттар адам баласы үчүн жыланга айлануу болуп саналат.

* * *

Адамдын кечиримдүүлүгү анын жазалоо кудуретине жараша бааланат. Жазалоого күчү жетип турса да кечире алса ошондо гана анын кечиримдүүлүгү билинет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.