Адеп-ахлак

Аалым болуу башка нерсе, адам болуу башка нерсе. Аалым илими менен адамзатка моюн сунуп, адеп-ахлагы жана жакшы сапаттары менен илимдүүлүгүн көргөзгөндүгүнө жараша улуу инсандык деңгээлге чыгат. Тескерисинче болсо, ал өмүрүн текке кетирген бир байкуш. Адеп-ахлак жана жакшы сапаттар адам баласынын түркөйлүгүн жоёт.

* * *

Алдансаң да, башкаларды алдаба! Ошондой эле, эң улуу сапат болгону менен кээде жоготууга себеп болсо да, чынчылдыктан, түз жолдон тайба!

* * *

Бүгүнкү күнүбүздө адеп-ахлак улуу сапаттардын жыйнагы деп саналбайт. Азыркы замандын адамдары адеп-ахлакты сылыктык жана тарбиялуу болуу деп гана түшүнгүсү келет. Мына ушунчалык деңгээлде болсо да, аны баарында көрө алсак кана, аттиң!

* * *

Адеп-ахлак адам баласынын кыймыл-аракеттерине байланышкан бир топ улуу эрежелерди камтыйт.

* * *

Мурдараак “Адептүүлүк китептерде гана калды”,- деп айтылчу. Эми “Эски китептерде калды”,- деп айтылууда. Ошондой болсо да, эскиртилүүгө аракет кылынган бул баалуу нерсеге канчалаган “жаңыларды” садага чапса да татыйт.

* * *

Өз кызыкчылыгын башкалардын кызыкчылыгы үчүн курманчылыкка чалуу – улуулуктун белгиси. Эч кандай пайда көздөбөстөн, жакшы иштерди жасаган адамдар күтпөгөн жерден бардык жакшы ойлорун жана иштерин кезиктиргенде таң калып, ууртунда жылмаюу уялайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.