Ажырашуу

Ажырашуу – адамдын нике жоопкерчилигинен бошошу. Ажырашуу сейрек учурларда гана жанды жай алдырбаса, көпчүлүк учурда бактысыздыкты жана кор болууну алып келет.

* * *

Ажырашуу – дин боюнча адал иштердин эң жагымсызы. Бирок уруксат берилген нерсеге жагымсыз болгону үчүн тыюу салуу да адам баласынын табиятына туура келбейт.

* * *

Ажырашууга алып келген зарылчылыктарды көрмөксөн болуу адам баласынын табиятын жана анын өзгөчөлүктөрүн билбегендиктен келип чыгат. Баш кошкондордун баарынын эле ынтымактуу жашап кетишин күтүү адамдардын баарынын табиятын бирдей көрүү сыяктуу маңыроолук болуп саналат.

* * *

Оюна келгендей, себепсиз ажырашуу, ажырашкан эркек үчүн өкүнүч, аялга адилетсиздик жана үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бактысыздыктын башаты болуп, кээде бүтүндөй өмүр бою канаган жара сымал жан дүйнөнү кыйноого салат.

* * *

Ажырашуу оорулуу мүчөгө хиррургиялык операция жасоо болсо, үй-бүлө жашоосунун акылга, аң-сезимге туура келген көрүнүштө болушу гигиеналык этияттык болуп саналат. Ошондуктан, ажырашуу менен үй-бүлөгө, ажырашпай чыдап жүрүү менен өз жан дүйнөсүнө жабыр тарттыруудан мурда үй-бүлөнү бекемдеп, келечекте ошол ынтымакты сактап кала турган шарттарды орундатуу зарыл.

* * *

Бир көз караш көптөгөн кылымдар бою ажырашууга тыюу салуу, же негизсиз шарт коюу менен бирге өмүр сүрүүнү каалабаган жубайларды бирге кармоого аракет кылды. Башка бир көз караш аялга каалаганда алып пайдаланып, каалаган учурда таштап сала турган буюм катары мамиле жасады. Булардын бири эркекти азапка салса, экинчиси аялды адам ордуна көрбөгөндүк эле.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.