Алланы жалгыз деп таануу жана аны сүйүү

Ким кандай сүйлөсө да биз “Алла Таала аны ушундай сүйлөттү” дешибиз керек. Мына ошондо гана каталык кетирбей, этияттанган болобуз.

* * *

Муктаждыгын Алладан тилеген адам эч качан куру калбайт.

* * *

Аллага таянган адам түбөлүк тирүү, анын көзү өтсө да Аллага таянгандыктан тирүү деп эсептелет.

* * *

Алла Тааланы сүйүүнүн эң жакшы жолу, бир эле мезгилде аны сүйүү жана ошол эле убакта Андан коркуу болуп саналат.

* * *

Алла бизге Өзүн сүйүүгө мүмкүнчүлүк бериши кандай гана зор насип...!

* * *

“Ушул күч максатка жеткирет” деп айтылып, кийин көп узабай ал таянычтар жер менен жексен болгонун миңдеген тажрыйбалар көрсөттү. Чыдамдуулук менен аракеттенип, Аллага тобокел кылып жашоо биздин милдетибиз.

* * *

Сага жамандык кылганга сен жамандык кылбасаң деле, убагы келгенде ага Кудай жазасын берет.