Алланын берген жакшылыктары жана аны сезе билүү

Алла адамдарга сан жеткис жакшылыктарды берген. Бул жакшылыктардын эң негизгилеринин бири – ошол жакшылыктарды сезе билүү.

* * *

Ден-соолук дени сак адамдардын колундагы эң чоң нээмат. Анын кадырын оорулуулар гана билет...

* * *

Алланын адамга берген эң чоң нээматы ыйман. Бул улуу нээматтын шүгүрү – Алланын буйруктарына каршы чыкпоо.

* * *

Берилген ар бир нээматка ошол нээматтын өзү аркылуу шүгүрчүлүк келтирүү –жакшылыкты барктай билүүчүлүктүн белгиси.

* * *

Көпчүлүк учурда түркөйдүн бактылуу жана байгерчиликте, ал эми даанышман адамдын материалдык жардылыкта өмүр сүрүшү бул дүйнөдөгү нээматтардын адамдын руханий даражасына жараша берилбегендигин көрсөтүп турат.

* * *

Буюмдун баалуулугун билүү үчүн анын наркын билүү зарыл.

* * *

Алланын мээримдүүлүгү жана берген жакшылыктары Өзүндөй улуу. Ал эми уккусу келген шүгүрчүлүк болсо бизге жаадырган жакшылыктары менен бирдей.

* * *

Чынында эң чоң балээ бул адамды Алладан алыстаткан нээмат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.