Аң сезим

Адамдын аң-сезими жашаган жашоосуна, тарткан кыйынчылыгына жараша өсөт. Турмуш агымынан четте калып, эч нерсе ойлонбогон жана кыйынчылык тартпаган адамдардын ички дүйнөсү да башка жөндөмдөр сыяктуу эле жабык бойдон калат. Мындайлар эч качан заман менен айкалыша албайт.