Ата-эне

Ата-эне адам үчүн эң ыйык. Аларды жакшы сыйлабаган адам Алла Таалага каршы чыккан болуп саналат. Аларды кор кылгандар бир күнү кордук көрөт.

* * *

Адам жаралгандан баштап эле ата-энеге жүк болуп чоңоёт. Ата-эненин балдарына болгон мээрими чексиз жана алар балдары үчүн көп кыйынчылык тартышат. Мына ошондуктан, аларды урматтап-сыйлоо – адамдын мойнундагы карызы жана милдети.

* * *

Ата-энесинин кадырын билип, аларды Алланын ыраазычылыгына жетүүгө себеп деп билгендер бул дүйнөдө да, Акыретте да бактылуу болушат. Аларды оор көрүп, алардан тажагандар бактысыздыкка дуушар болот.

* * *

Пенде ата-энесине канчалык урмат көрсөтсө, Улуу Жаратканга да ошончолук урмат көрсөткөн болуп саналат. Аларды урматтай албагандар Алланы да урматтапсыйлабайт. Бүгүнкү күнүбүздө Алланы урматтабагандар эмес, Аны сүйгөндүгүн айткандар да ата-энелерине сый көрсөтүшпөгөндүгү таң калыштуу...

* * *

Бала ата-энесин сыйлап, аларга баш ийиши керек. Ошондой эле, ата-энелер да балдарынын дене-турпатына камкордук көргөнчөлүк, алардын руханий дүйнөсүнө да камкордук көрүп, аларды жакшы адис тарбиячылардын колуна тапшырууга тийиш. Баласынын руханий дүйнөсүн унуткан ата-эне кандай түркөй, мындай түркөйлүктүн курманчылыгы болгон балдар да кандай гана бактысыз!..

* * *

Ата-эненин укугуна көңүл бурбаган жана аларга баш ийбеген бала – бузуку, айбан. Баланын руханий жашоосуна кайдыгер караган ата-эне - өтө ырайымсыз. Айрыкча, өз жолун таап, канат кагып уча баштаган баланын жолун тоскон ата-энелер кандай гана таш боор!...

* * *

Үй-бүлө – коомдун негизи. Адамдар үй-бүлөдө бири-биринин укуктарын, милдеттерин канчалык сыйласа, коом ошончолук жакшы болот. Ал эми үй-бүлөдө мээрим болбосо, аны коомдун арасынан издөө куру бекер убарагерчилик болуп саналат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.