Бала

Бир дарак түрүнүн сакталышында анын тамыры кандай мааниге ээ болсо, адам тукумунун уланышында да бала ошондой мааниге ээ. Балдарын кайдыгер таштаган элдер кыйроого, аларды жат колдорго жана жат маданиятка тапшырган эл өз түпкүлүгүнөн ажыроого дуушар болот.

* * *

Ар отуз-кырк жылда элдин эң жигердүү жана мөмөлүү бөлүгүн түзгөн муундар – бүгүнкү балдар. Балдарга маани бербеген эл, маанилүү нерсени тоготпостукка алгандыгын ойлоп коркушу керек.

* * *

Азыркы муундардын жасаган туура эмес иштери, бейбаштыгы, кээ бир башчылардын кемчиликтери жана жалпы эл тартып жаткан кыйынчылыктардын жоопкерлери - отуз жыл мурда бийлеген адамдар. Чейрек кылымдан кийинки балээлер же жакшы сапаттар бүгүнкү жаштардын таалим-тарбиясынан жоопкер адамдарга тиешелүү болот.

* * *

Келечегин кепилдикке алууну каалаган эл, ага-буга сарптаган убакыт, мүмкүнчүлүктөрүн эртеңки күндүн улуу адамдары боло турган жаш муундарынын таалимтарбиясына жумшашы зарыл. Башка иштер үчүн жумшалган нерселердин басымдуу бөлүгү текке кетсе да, жаш муундарды тарбиялоого жумшалган нерселер түгөнгүс кенчке айланат.

* * *

Бүгүнкү күнүбүздө элибизди жер караткан кара өзгөйлөр, ичкичтер, баңгилер – кечээги күнү тарбиясына кайдыгер мамиле жасалган балдарыбыз. Бүгүнкү кайдыгерлигибизден эртең көчөлөрүбүздү кандай адамдар толтура тургандыгы тууралуу эч ойлодукпу? Билбейм...

* * *

Эртеңки келечектин тагдыры техника жана технология жагынан алдыда болгон элдер эмес, үй-бүлө маселесине олуттуу караган жана өз жаштарын адамдык улуулукка чыгарган элдердин колунда. Үй-бүлө жана перзент күтүү маселесине кайдыгер болгон, жаштарын өз маданиятынын негизинде тарбиялай албаган элдер бүгүн болбосо да, эртең эле замандын ырайымсыз чаркына чайналаары анык.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.