Баланын укуктары

Адамзат жаратылганда өмүрлүк жолдошу менен кошо жаратылган. Ал жалгыз болгон учур өтө кыска. Тээ башынан эле адамзаттын жуп болуп жаралышы, үй-бүлө куруу ал үчүн табигый нерсе экендигин көрсөтүп турат. Үй-бүлө куруунун негизги максаты – тукум улоо. Мына ошондуктан, перзент тарбиялап өстүрүүнү максат кылбастан курулган үй-бүлө көңүл ачуу үчүн гана курулган болуп саналат.

* * *

Адамзат тукуму жүүнү тирүү, жан дүйнөсү жашоого шыктанган адам менен уланат. Тарбиясыз, руханиятын өнүктүрө албаган жана адамдык улуулукка жете албагандар – Адамдын тукумунан болсо да адам кейпиндеги бир макулук. Ал эми алардын ата-энеси – жырткыч айбанды багып өстүргөн бактысыздар.

* * *

Балдарын жакшы тарбиялап өстүргөн ата-энелер аларды “балдарыбыз” деп айтууга акысы бар. Ал эми балдарына кайдыгер мамиле жасаган адамдардын мындай деп айтышы эч ылайыктуу болбойт. Айрыкча, балдарына туура эмес жолдорду көрсөтүп, аны адамдык сапаттан алыстаткан ата-энелердин “балам” деп айтууга акысы жок!..

* * *

Элдин келечеги – жакшы таалим-тарбия көргөн, элдик маданиятын жакшы билген жаштары. Келечегин аманат мурас кылып калтыруу үчүн жакшы муун тарбиялай албаган элдин келечеги жок. Жаш муундардын тарбияланышындагы эң негизги милдет ата-энелердин мойнунда.

* * *

Ата-энелер балдарын жакшы тарбиялоо менен калкына жакшы мүчө кошот. Эгер аларды кайдыгер таштаса, коомунун койнуна кара курт салып жибергендей болот.

* * *

Даракты жакшы карасаң мөмө берет, жандыкты жакшы баксаң тукуму уланат. Каралбай калган дарак мөмөсүз, багылбай калган жандык көтөрүм болот. Миң бир жөндөм берилген адамзатчы? Ага жок дегенде, даракчалык кам көрүү керек эмеспи?!

* * *

Оо, адамзат! Перзенттин дүйнөгө келишине сен себеп болдуң! Аны руханияттын туу чокусуна көтөрүү да сенин милдетиң. Анын ден соолугуна кам көргөнчөлүк, дилинин тирүүлүгү үчүн да жан үрө, ырайым кыл! Анын жан дүйнөсүнүн кыйрашына жол бербе!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.