Басма сөз жана массалык маалымат булактары

Массалык маалымат булактары - коомдун ички дүйнөсүн чагылдырган күзгү. Ал зордук-зомбулук жана деспотизм өкүм сүргөндө, анын союлун чаап келген учурлар да болгон.

* * *

Жазуучулар сөз жана иш-аракеттеринде адептүү, тили жана жазуусу таза болууга тийиш. Андай болбосо, күмөндүү бир пайда үчүн зыяндарга себеп болушу ыктымал.

* * *

Жазуучулары менен редакторлору улуттук баалуулуктары тууралуу ойлорун ачык айта албаган элдер “вавилондук туткунчулукту” элестетет.

* * *

Басма-сөз туура, туура эмес бардык көз караштарга ачык болгондуктан, аны элдик маданиятка ылайык жөнгө салынышы зарыл.

* * *

Гезит-журналдар, телеканалдар, жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылуудан сактанышы керек. Ал бир гана элди туура жолго баштоону максат кылууга тийиш.

* * *

Зордук-зомбулук жана цензуранын кесепетинен жазылбай калган көптөгөн китептерди өзү менен кошо ала кеткен канчалаган баштар топурак астында жатат!..

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.