Бийлик-мансапты сүйүү

Адамда өтө көп нерсенин өзөгү, маңызы бар болгондой эле, кээ бир пайдалар үчүн жаман нерселердин данеги анда катылуу. Мисалы, ыкыластуулук, башкалардын жыргалчылыгын ойлоо, ток пейилдик сыяктуу мүнөздөр менен кошо көпчүлүк адамдарда бийлик-мансапты сүйүү, эл көрсүндүктү жакшы көрүү сыяктуу жүрөктү өлтүргөн, ички дүйнөнү кыйраткан жаман сапаттар да бар. Мына ошондуктан, адамдардын ушул жактарын эске алуу менен мамиле түзүү керек.

* * *

Дээрлик бардык адамдарда аздыр-көптүр бар болгон бийлик, мансапка ээ болуу сезими эгер туура жол менен канааттандырылбаса, бул каалоо жана сезимден кутула албагандар өздөрүнө жана чөйрөсүнө олуттуу зыян келтириши мүмкүн.

* * *

Мындай чийки адамдардын напсилерин тойгузуу максатында жасаган ар бир иш-аракеттери бир жагынан жан дүйнөнү жараласа да, жыйынтыгында кээ бир жамандыктардын алдын алынышы жана кээ бир жакшылыктарга себеп болушу жагынан бир жакшылык болуп саналат. Ооба, көмөкөйүнүн акысын күткөн ырчы бузукулук тууралуу ырлары менен айланабызды түтүнгө каптатуунун ордуна Жаратканды даңазалаган кайрыктар, Пайгамбарыбызга арналган ырларды ырдаганынын зыяны азыраак, ал гана эмес кээ бир адамдар үчүн жакшы болушу мүмкүн.

* * *

Ыкыластуулук менен аткарылган иштин маңызы, өзөгү жана ал ишти аткарган адамдын сыпаты болуп саналат. Демек, аткарылган иштин Улуу Жараткан тарабынан кабыл болушу үчүн чын дилден жана эч кандай пайда көздөбөстөн жасалып, ал ишти жасаган адамдын көңүлүндө Алланын ыраазычылыгы гана болушу керек. Бирок бардык эле адамдар мынчалык деңгээлде кызмат кылышы кыйын. Мына ошондуктан, жакшылыктын, же жамандыктын басымдуулугуна жараша баа берүү керек. Ырас, кээ бир иштерде эл көрсүндүк басымдуулук кылганы менен биздин ыйык максаттарыбызга жана элибизге толук зыяндуу деп айтууга болбойт. Алар кылган иштерине жеке кызыкчылыктарын аралаштырышы, ар дайым эле Алланын ыраазычылыгына жетүүнү көздөбөшү, кетирген кемчиликтери үчүн бушайман болуп, өкүнбөшү мүмкүн. Бирок ишенимдеринде жана багытында Алладан узак деп айтууга да болбойт.

* * *

Ошондой эле, бир жамааттын ичинде кызмат кылган адамдардын ар бири өз алдынча, өздөрү иштеген тармактарды көрсөтүүнү кааласа, аны көрүп башкалары да өз тармактарында көрүнүүнү кааласа, коомдук тартип бузулуп, башаламандыктын аягы анархияга барып такалат. Андан кийин адамдардын менменсинүүсү менен коомдо ар кимдин жеке аракеттерине жол ачылат жана борбордук башкаруунун баркы түшүп, кыйроого учурайт.

* * *

Өкүмөттөгү ийгиликке жеткен жана жигердүү иштеген адамдар өз жөндөм жана ийгиликтерине жараша акы талап кыла баштаса, ал өкүмөт алсыздап, акыры барып кулайт. Өкүмөт тартипти сактоо менен, мамлекет өз принциптерин коргоо менен, аскердик кошуун буйруктардын аткарылышы менен сакталып калат. Мунун тескерисине жол берүү жалпы коопсуздугубуздун кепили болгон маанилүү эрежелерди көңүлгө албагандык болуп саналат.

* * *

Аттиң, бардык пенделер Улуу Жаратуучунун бергенине жана бере турганына каниет кылып, ар тарапта Анын ыраазычылыгын издешсечи! Бирок, колундагы алсыз чырактын бүлбүлдөгөн жарыгына ишенишип, күндүн жаркыраган нуруна сыртын салган өзүмчүл адамдар дагы бир топ убакытка чейин көздөрү тумандап, чыныгы жарыкты таба алышпай кайсалашат!...