Чоң нерселерге себеп болгон кичинекей заттар

Ширеңкенин бир талы эбегейсиз узак убакытта пайда болгон токойду бирпаста күйгүзүп, күлгө айланта алат.

* * *

Кээде нокотчолук нерсе чоң бир адамды жерге сулата алат.

* * *

Зор дарак кичинекей данектен, ушул улуу адам кичинекей жандыктан, Күн атомдордон, дарыя тамчылардан пайда болгон. Дагы канчалаган кичинекей заттардан, же себептерден укмуштуудай зор натыйжалар келип чыгат.