Даанышмандык жана улуулук

Улуулук эл ичинде көлдөлөңдүн үстүндө, же жерде отурат. Текебердик болсо хандын тактысындай болгон кооз отургучтарга да батпайт. Менменсинүү жана текебердик купол сыяктуу көмкөрүлгөн кудукка окшосо, улуулук горизонтко тийип турган асман сыяктуу.

* * *

Түркөйлүк текебердикке, даанышмандык улуулукка окшош. Менменсинүү -түркөйлүктүн тексиз баласы, улуулук – даанышмандыктын асыл урпагы. Текебердик деспотизмди жактайт, улуулук болсо эркиндиктин жана теңдиктин символу.

* * *

Текебердик ар дайым жалгыз жүрөт жана өзүнө окшошту издейт. Улуулук теңин тапкан бактылуулуктун кучагында ар дайым эл менен бирге болот.

* * *

“Күч менен сулуулукка ээ боло албайсың”,- деп айтылат. Улуулукка да күч менен жете албайсың. Булардын экөөнү тең коом белгилейт.

* * *

Кээ бир адамдардын ою боюнча, өзүн-өзү жакшы көргөндөр оптимист, ал эми өзүн өзү жактырбагандар пессимист. Адамдар оптимисттерди көкүрөккө кысып, пессимисттерден жүз үйрүшөт. Чындыгында, менменсинген адамдардан жүз үйрүү керек.

* * *

Оптимист бардык нерсеге жакшы көз менен карайт, пессимист бардык нерседен күмөн санап турат. Булардын экөө тең зыяндуу. Жакшыны жакшы, жаманды жаман кабыл алуу адилеттүүлүк болуп саналат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.