Дин

Адамзат жаралган күндөн тартып, чыныгы бейпилдикти диндин жылуу чөйрөсүнөн таап, диндин арты менен гана бактылуу боло алган. Дин жок жерде улуу адеп-ахлак тууралуу сөз козгоо мүмкүн эмес жана бактылуулук тууралуу айтуу кыйын. Себеби, адеп-ахлактын жана улуу сапаттардын башаты – адамдын дили. Пенденин дилине өкүм жүргүзө турган жападан жалгыз нерсе – Алла менен болгон байланыш, дин.

٭ ٭ ٭

Дин – жакшы кулк-мүнөзгө ээ кылган берекелүү мектеп. Бул ыйык мектептин окуучулары эмгектеген баладан, эңкейген карыга чейинки бардык адамдар. Бул мектепке кирген адамдардын баары эртеби-кечпи бейпилдикке, коопсуздукка жетет. Сыртта калгандар акырындык менен бардык нерседен айрылат.

٭ ٭ ٭

Дин – Алла Таала жөнөткөн жакшылыкка үндөөчү эрежелер жыйнагы. Адам баласынын руханий-материалдык өнүгүшүнө жана анын натыйжасында эки дүйнө бактылуулугуна шарт түзгөн негиздерди дин эрежелеринен табууга болот.

٭ ٭ ٭

Дин – Алланы таанып, жалгыздыгына ишенүү, Алланын жолунда жүрүү аркылуу руханий аруулукка ээ болуу, Анын ыраазычылыгы жана буйруктарынын негизинде адамдар менен мамиле түзүү. Жадагалса, Анын урматына бүтүндөй ааламды сүйүү...

٭ ٭ ٭

Динди кабыл албагандар акырындык менен ар-намыс, эл-жер сыяктуу улуу түшүнүктөргө да кайдыгер мамиле жасай баштайт.

٭ ٭ ٭

Адепсиздик – динсиздиктин кара көөсү, ар кандай каргашалуу окуялар жана анархисттик кыймыл-аракеттер динсиздик чөлүн каптаган уулуу чөп.

٭ ٭ ٭

Өмүрүн дин душмандыгына арнаган кээ бир ыймансыздар, жок дегенде динсиздиктин эмнеге жараарын мисалдары менен далилдеп беришпейби?!.

٭ ٭ ٭

Дин менен чыныгы илим бир нерсенин эки бети сыяктуу. Дин адамдарды туура жолго салып, бактылуулукка жеткирет. Максаты белгилүү илим туура жолдун жана ошол жолдо жүргөн адамдардын чырагы сыяктуу.

٭ ٭ ٭

Бардык кооз гүлдөр дин бакчасында бой керип өскөн. Карачы, анын принциптерин, пайгамбарлар, олуялар сыяктуу сонун мөмөлөрүн!.. Ыймансыздар бул мөмөлөрдү көрмөксөн болушса да, аларды китеп беттеринен жана адамдардын көкүрөгүнөн өчүрө алышпайт.

٭ ٭ ٭

Пайгамбарлар адамдардын арасында тоолор сыяктуу. Тоолор жер кыртышын ары-бери ойноп кетүүдөн сактап, аба ырайын бир калыпка салып турат. Коом ичинде пайгамбарлар дагы кудум ошондой. Ошондуктан бул экөө көп жерде чогуу айтылган. Маселен, Нухтун (АС) Жуди тоосуна, Мусанын (АС) Тур тоосуна, Мухаммеддин (САВ) Хира тоосуна байланышы ушул купуя акыйкатка ишарат кылууда.

Дин туура ой-жүгүртүүгө, акылга жана илимге таянат. Мына ошондуктан, анын бир да маселесин сынга алуу мүмкүн эмес. Аны тааныбагандай түр көрсөткөн адамдардын пикири бузук, же илимий түшүнүгү жаңылыш, же жеткиликтүү ой жүгүртө алышпайт.

٭ ٭ ٭

Дин – чыныгы маданият эрежелерин камтыган берекелүү булак. Анын арты менен адам баласынын жан дүйнөсү байып, руханий ааламда саякаттайт жана бардык жакшылыктардын, улуу сапаттардын башатынан гана ичүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

٭ ٭ ٭

Улуулукту динден издөө керек. Динсиз адамдын улуу сапаттарга ээ болушу, чыныгы диндар адамдын улуу сапаттардан куру калышы өтө сейрек кездешет.

٭ ٭ ٭

Пенде диндин арты менен адамдык маңызын түшүнөт жана башка жандыктардан айырмаланат. Динсиздин көз карашында адам баласы башка айбандардан айырмаланбайт.

٭ ٭ ٭

Дин – Алланын жолу, динсиздик – шайтандын жолу. Мына ошондуктан дин менен динсиздиктин ортосундагы күрөш Адам (алейхи салам) доорунан бери жүрүп келгендей эле, Кыяматка чейин да улана берет.

 

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.