Дос жана достук

Достору менен жолдошторун барктай билип, аларга ар дайым жакшы мамиле жасаган адам душмандарына каршы чеп тургузган болот.

* * *

Адам үчүн ишенимдүү дос башка зарыл муктаждыктары сыяктуу эле чоң мааниге ээ. Ишенимдүү достору бар адам башка бир топ иштерде да коопсуз болот.

* * *

Акылдуу адам айланасындагылар менен келише албай калганда ортодогу салкындыкты тез жоюп, достугун кайрадан бекемдей алат. Андан да акылдуу адам, досторуна аяр мамиле жасап, алар менен таарынышып калуудан сактанат.

* * *

Жашыруун душмандар болгондой эле достугун купуя сактаган достор да бар. Андай достор ынактыгын ачык айтууну туура көрбөйт. Демек, душмандарды тааный билгенге аракет кылгандай эле, дос издөөгө да кайдыгер карабаш керек. Себеби издебей тапкан достор өтө ишенимдүү болбой калышы ыктымал.

* * *

Достордун ортосундагы ынактык жана ынтымак шариятка ылайык туура иштерде бири-бирине жасаган мамилелерине жараша сакталат. Ой-максат жана кыймыл-аракетинде бири-бирине кайрымдуу боло албаган адамдардын ортосундагы достук көпкө созулбайт.

* * *

Бир адамдын өзүнүн досторуна карата ишенимдүүлүгү алардын кайгы-кубанычтарын бөлүшө алгандыгына жараша болот. Достору ыйлаганда кошо ыйлай албаган, алар күлгөндө кошо күлө албаган дос ишенимдүү дос эмес.

* * *

Чыныгы достук жана бир туугандык достор жана туугандар ийгиликке жете албай кыйналып турган учурда да байланыштын уланып турганына жараша болот. Кыйын күндөрдө досторунун жанында турбаган адамдын достукка тиешеси жок.

* * *

Жолдон тайып бараткан досуна жөлөк болгон адам чыныгы дос болуп саналат...

* * *

Айланасындагылар менен бат-бат жаңжалдашып, талашка түшкөндөрдүн достору да аз болот. Ишенимдүү көп дос күтүүнү каалаган адам алар менен керексиз талаштардан сактанууга тийиш.

* * *

Сен өзүңдүн бийиктигиңди сактасаң башкалар да сени улуу деп тааныйт!.

* * *

Достук көңүлдүн иши. Ага элкөрсүндүк жана алдоо жолу менен жетээрин ойлогондор ар дайым алданып келишкен. Андай адамдардын айланасында үч-төрт ала көөдөн, акылы тайкы адамдар чогулганы менен алардын достугу көпкө узабайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.