Дуба

Дуба – рухтун азыгы. Адамдын руху бул азыкка ар дайым муктаж.

* * *

Дуба – адам эркин көкөлөткөн сыйкырдуу күч. Ар дайым дуба кылбаган адам анын бул күчтүү сырын сезе албайт.

* * *

Дуба – себептерге эмес, Алланын кудуретине таянуу жана адамзаттын алсыздыгын жар салуу.

* * *

Дубага эң катуу сокку – себептерге гана таянуу. Мындай ооруга чалдыккан адам кошумча дарыланышы керек.

* * *

Кыйынчылык учур үчүн эң жакшы дуба – жыргалчылык учурда кылынган дуба.

* * *

Оо, Жараткан Алла! Сага жана дубаларга таянайын, себептерге көңүл бурууну да милдет катары дилиме сала көр!

* * *

Оо, Жараткан Алла! азабыңа чыдаар, мээримиңден куру калаар алым жок...

* * *

Оо, Жараткан Алла! Сенден алыстап калган кезде, Сенсиз эч нерсеге күчүм жетпей тургандыгын жар салам. Сенин буйруктарыңа кайдыгерлигим үчүн эмес, муктаждыгыма жараша Сенин мээримиңен үмүт кылам...!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.