Эл

Өз элине чын дилден кызмат кылууну көздөгөн азаматтар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын унутушу мүмкүн, бирок элинин эч бир кызыкчылыгын унутушпайт.

* * *

Бардык иштерин биримдүүлүк жана ынтымак менен аткарып, көпчүлүктүн оюна көңүл бурган эл - эң улуу эл болуп саналат. Албетте, ал эл дин, тил, тарых сыяктуу маанилүү тармактарда бирдей таалим-тарбия алышы керек.

* * *

Бизге сүйүктүү жана бизди сүйгөн адамдардын биз тууралуу айткан сындарын жактыруу менен кабыл алууга тийишпиз. Тескерисинче, кээ бир кемчиликтерибиздин айынан көп досторубуздан айрылып, бир топ кемчиликтерибиз түзөлбөстөн кала берет.

* * *

Элибизди алсыздаткан негизги себептердин бири – дос сыяктуу көрүнүп чөйрөбүздө жүргөн айлакер, куу адамдарга алданган маңыроолугубуз. Адам ар бир убадага алданып, акыл айткандардын баарына эле ишене бербеши керек.

* * *

Кайсыл элде адамдардын өз ара алдамчылыгы акылдуулук катары эсептелип калса, ал эл айыкпас дартка кабылган. Мындай элде жакшылыктын жышааны сыяктуу көрүнгөн нерселер, оорулуу денедеги шишиктерди семирүү дегендей эле алданууга окшойт.

* * *

Бир элдин мүчөлөрүнүн ортосунда бир үй-бүлө мүчөлөрү сыяктуу бекем биримдик орносо, ал элдин келечеги кең болот. Адамдары бири-бирин жактырбай, бири-бирине чуңкур казган эл - эл болуп эсептелбейт жана анын келечеги жок.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.