Элдин камын ойлоо

Ар бир адам өз деңгээлине жараша иш кылууга белсенет. Жеке өзүн гана ойлогондор адамдык касиетин жоготкон бечаралар же кемчилиги ашынган немелер. Чыныгы адамгерчилик бул - өзгөлөр үчүн өз жанын кыюуга даяр болуу дегендик.

* * *

Адам өзүнүн күнөөсүн териштирүүдө дасыккан тергөөчүдөй, башкалардын айыбын сактоодо тажрыйбалуу адвокаттай болушу керек.

* * *

Кеменгерликке жеткен адам чыныгы досун тозоктон чыгаарда да, бейишке кирээрде да “сен биринчи өт” деп айта алат.

* * *

Чыныгы адам кандай шартта болбосун өз көмөчүнө күл тартаарда башкалардын көмөчүн да бош калтырбайт.

* * *

Сен үрөн сээп кете бер, ким жыйнаса жыйнасын!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.